Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:04

САЛЫК ТӨЛӨБӨГӨН «БЕТА» ЖЕ ДЕМОКРАТИЯНЫН АДАШКАН КАРААНЫ


Кыргызстандагы айрым компаниялар салык төлөбөй, бюджетке зыян тийгизип жаткандыгы туурасында макала «МСН» басылмасында орун алды. Ал эми «Аргументы и факты» гезити Кыргызстандагы шайлоо астындагы жагдай кандай болуп жаткандыгы жөнүндө кеңири материал жарыялады.

“Бета” компаниясынын миллиондогон акчалары өлкөнүн бюджетине тийген жок. Жоопкерчилик кимде? Бул тууралуу макала 8 декабрда чыккан “МСН”басылмасында орун алды. Анда бул компаниялар өздөрүнүн милларддаган кирешесинен жок дегенде кошумча салыкты төлөп турса, анда ал акчага Кыргызстан боюнча 200гө жакын мектептерди ремонттосо болот эле, деп басылма жазды. Бул суроону көтөргөн мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Алымбай Султанов кеңири аталган маселе тууралуу пикирин билдирди.Анын ою боюнча “Бета Интернешнл” компаниясынын салык төлөбөй келе жатканы мамлекеттик бюджетке чоң залака тийгизип жатат жана мунун башында чоң адамдардын кызыкчылыгы тургандыгын белгилеп кетти.

Басылманын ушул эле санында мектепке барбаган өспүрүмдөрдүн саны күндөн күнгө өсүүдө , эки миңден ашуун балдар акча каражаттын жоктугунан аттестат алам деген максатын ташкапты. Бул жагдай Кыргызстан эгемендүүлүгүн алгандан кийин 6-7 жылдан кийин башталды, бирок, эмнегедир улуттук статистика комитети ушул сыяктуу терс көрүнүштөр тууралуу,бийлике жакпаган материалдарды чыгарбайт, деп маалымдады басылма.

Ал эми кечээ, 8 декабрда жарыкка чыккан «Аргументы и факты» гезитинде «Демократиянын карааны Кыргызстанда адашты» деген ат менен макала чыкты. Анда 2005 жылы өтө турган президенттикшайлоого чейин убакыт бар, бирок коомчулук азыртадан эле экиге бөлүнүп, бири Аскар Акаевди колдоп, экинчиси каршылыгын көрсөтүп , өлкөдө саясий күчтөрдүн тирешүүсу байкалып турат, деп жазды басылма. Макаланын авторунун айтымында, азыркы тапта оппозициялык маанайдагы массалык маалымат каражаттары, эгереде сен бийликти колдосоң- акмаксың, оппозицияны колдосоң -жетишкен, адилет адамсың, деп жазат. Ал эми айрымдары өлкөдөгү саясий жагдай менен тааныш эмес, кандай президент келет, Кулов качан боштондука чыгат деген суроолор кызык эмес, деп басылма жазды.

Бюджеттик каражаттарды уурдаган фактылар экономиканын каалаган чөйрөсүнөн табылат. Уурдоо, чачуу, максатсыз пайдалануу - бүгүнкү Кыргызстандын чыныгы кайгысы, деп 8 декабрда чыккан «Вечерний Бишкек» басылмасы жазды. Анда, мамлекеттен ар түрдүүчө уурдашат, аз-аздан бирок тез-тез уурдаса болот. Анткени бюджет бүтпөгөн акча агыны эмеспи. Ошондуктан андан сузуп алууга эмнеге болбосун? деген суроо коюлду.

Мындан тышкары басылма балдардын жакырчылыгына арналган конференциянын өтүшү тууралуу кеңири маалымат берди. Анда жыйынга катышкан балдар өз кыйынчылыктары жөнүндө айтып бергени жарыяланды.

Ал эми «Общественный рейтинг» гезитинин бүгүнкү чыгарылышында Акылбек Жапаровдун өлкөнүн бюджети толук аткарылса дагы Кыргызстан үчүн бул акчалар бары бир жетпейт, анткени биз аны туура эмес сарп кылып жатабыз деген пикирин билдирди.

Мындан тышкары гезиттин ушул эле санында эксперт Мурат Сүюнбаевдин макаласы орун алды. Анда эксепрт, Кыргызстанды өзгөртүш үчүн, кыргызстандыктар өздөрү менталитетин өзгөртүү зарыл деп айтты. Анын айтымында менталитетти өзгөртүүнүн өбөлгөсү туризмдин, билим берүүнүн импорту, чет жактагы инвестицияларды тартуу болуш керек. Бул тууралуу материалды окурмандар кеңири «Общественный рейтинг» басылмасынын кезектеги санында тааныша алат.
XS
SM
MD
LG