Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:00

УКРАИНДЕР «ТАРЫХЫЙ ЖЕҢИЛДИКТЕР КҮНҮН» БАШТАН КЕЧИРДИ


Кечээ (шаршембиде) украин парламенти бир катар мыйзамдарга толуктоолорду киргизүү жана конституциялык реформа жаатында мыйзамдарды кабыл алды. Бул окуяны серепчилер 21-ноябрдагы президенттик шайлоонун экинчи айлампасынан жана анын жыйынтыгынын жокко чыгарылышынан кийинки өлкөдөгү курч кырдаалды жөнгө салуунун олуттуу бурулуш кадамы катары баалашууда. Президенттикке талапкер катары оппозициянын кеңири колдоосуна ээ болгон Виктор Ющенко болсо бул жаңы бурулушту “тарыхый жеңилдиктерге баруу күнү” катары баалады.

Учурдагы президент Леонид Кучма да бул окуяларга өзгөчө маани берди. Ал кечээ парламент депутаттары добуш берээр алдында аларга мындай сөздөрү менен кайрылды:

- Дал ушул жыйын залына мен конституция кабыл алынган чакта келген элем. Бүгүн да бул залга үмүт менен – мында парламенттин кайсы-бир бөлүгү үчүн гана эмес, бүтүндөй өлкөбүз үчүн олуттуу мааниге ээ болгон чечим кабыл алынса экен деген үмүт менен келип жатам.

Жогорку Раданын 450 депутатынын 402си конституциялык реформа жүргүзүүнү жактап добуш беришти. Президенттин бир катар ыйгарым укуктары Жогорку Радага өткөрүлүп берилди. Анын натыйжасында өлкө президенттик-парламенттик жумуриятка айланууда.

Ошондой эле, өткөн шайлоо өнөктүгүн бурмалоолор жолу менен уюштурган деп оппозиция тарабынан айыпталып жаткан Борбордук шайлоо комиссиясы кызматтан кетирилди. Добушту бурмалоого жол койбоо үчүн башка да мыйзамдык аргалар жасалды.

Кошмо Штаттар жана Европа Биримдиги бул реформаларга тилектештигин билдиришти. Ал эми украин оппозициясынын жетекчилеринин бири, президенттикке талапкер Виктор Ющенко бул жаңы өзгөрүүлөргө канааттанганын айтып, өзүнүн жеңиши үчүн «жол ачылды» деп баса белгиледи.

Анын атаандашы, премьер-министр Виктор Янукович болсо жаңы мыйзамдык өзгөрүүлөрдү сынга алып, анын баары тең саясий кысым астында жасалды деп айтты. Шейшембиде болсо Янукович өзүн «эскичил күчтөргө каршы чыгып жаткан жаңы бийлик өкүлү» деп санаарын мындайча билдирген:

- Атуулдарыбыз өз алдынча чечимдерин кабыл алууга тийиш. Деги, Янукович жаңы бийликтин жаңы талапкериби, же эски бийликтин талапкер өкүлүбү? Ал эми Ющенко тууралуу оюм анык – ал эски бийликтин реванш жасап кайра бийликке келүү далаалаты болуп саналат.

Премьер Янукович шейшембиден тартып эс алууга чыкканын да жарыялады. Оппозиция болсо аны жана анын өкмөтүн кызматтан кетирүүнү талап кылып келген. Оппозициянын оюнча, Янукович эптеп кызматын жана өкмөтнүн сактап калуунун айласын кылды. Серепчилердин айтымында, украин мыйзамына ылайык, тыныгууда жүргөн кызматкерди сыртынан эле кызматынан бошотууга тыйуу салынат.

Эми президенттик шайлоонун экинчи айлампасы декабрдын (бештин айынын) 26сында кайрадан өткөрүлмөкчү.

XS
SM
MD
LG