Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:46

ДАГСТАН ОРДО КАЛААСЫНЫН ЖАНЫНАН ГАЗ ӨТЧҮ ТРУБА ЖАРЫЛДЫ


Муса Мураталиев, Москва Дагстанда шаршембиде газ өтчү труба жарылды. Ал жумурият борбор шаары Махачкаланын четине чукул жерде болгон. Жарылган ноону көргөн адистердин пикири боюнча – бул террордук актыга окшош. Жардыруудан 21 киши жарадар болгон.

Алардын экөө өрттү өчүрүүгө катышкан Дагыстан чукул кырдаалдар министирлигинин кызматкерлери. Натыйжада жумурияттын 150 миң тургуну же 9 айыл-кыштагы отунсуз калган. Андан сырткары кошуна Азербайжанга кетчү газ отуну да убактылуу жеткирилбей калган. ИНТЕРФАКС агенттиги таркаткан маалыматта, Махачкаланын жанын газ өтчү трубаны, бул жыл ичинде, ушуну менен төрт жолу жардыруу болгону айтылат.

Орусиялык бийлик Дагстандагы газ өтчү трубанын жарылышын дароо террордук акты деп айтып чыкты. Ал окуя шаршемби түнү, москва убактысы боюнча саат 22ге чукул “труба сырттан таасир болуу астында” биринчи жолу жана арадан жарым саат өткөндөн кийин экинчи жолу жардыруу болгон.

“Каспийгазпром” ишканасынын башкы инженери Мурад Абакаров газ агып өтчү труба калдыктарынан ок тешип өткөн жерин көрүп:

- Бул жерде сырттан жасалган таасир бар экени көрүнүп турат, - дейт. Андан аркы кебиде болоттон уютулган трубаны булуп кеткидей күчтүү ок бир гана кумулятивдик замбирек окто болорун айтат.

Дагстан баш калаасынын кыйыры менен өтчү газ акчу труба Азербайжанга кетет экен. Орусиялык адистер жарылган трубаны оңдоого бир күн бир түн кетет, ал эми жума күндөн тартып кайра Азербайжан четки кыштагы Казы Магомедге газ жеткирүү мурдагы калыбында ишке ашат дешет.

Дагстан жумурияттык күйүк клиникасы борборунун жетекчиси Мусабек Алиевдин айтканына караганда:

- Ооруканага беш киши жаткырылды. Алар дегинкиси, бети-башы, колу, желкеси күйүп түшүштү. Төртөөнүн абалы дурус. Бирөөнүн абалы оор, - деди ал.

Көрсө алар, дээрлик Семендер айылынын тургундары экен. Алар зоок көрүп окуя болгон жерге чуркап барышыптыр. Бирок көп өтпөй экинчи жарылуу болуптур. Ошолордун бири болгон Абдурашит мындай дейт:

- Жарылыш болору менен мен момунтип, курткамдын жакасы менн башымы чүмкөп жыгылып түштүм да ылдый карай томолонуп жөнөдүм, - дейт.

Дагстан чукул кырдаалдар министирлигинин өкүлү айтканга караганда, экинчи жолку жарылуу асман чапчыган жалындан бийиктиги ондогон метрге жеткен. ИНТЕРФАКС агенттиги жазганга караганда, өрттү москва убактысы боюнча, саат 23-төн 35 мүнөт өткөндө басышкан.

Газ акчу трубанын 30 метрдей жери керектен чыккан. Чыгашаны эсептей келгенде 2 миллион куб метр газ отуну бөйдө күйүп жок болгон же 5 миллион рублге чукул чыгаша дешүүдө.

Бул Дагстан аймагында быйылкы жылы болгон төртүнчү газ труба жардыруу дешет.

ИТАР-ТАСС агенттигине, Махачкала шаарынын Киров райондук прокуратурасы билдиргенге караганда, “Моздок - Казы Магомед кыштактарын кошчу газ трубанын жарылыш боюнча “террорчулук кылуу” деп кылмыш иши ачылган

XS
SM
MD
LG