Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:19

КЫРГЫЗСТАНДА ШАЙЛОО 27- ФЕВРАЛГА БЕЛГИЛЕНДИ


Бүгүн Кыргыз Республикасынын Президенти Аскар Акаев парламенттик шайлоону 2005-жылдын 27 – февралында өткөрүү жөнүндөгү жардыкка кол коюп, Улуттук телевидение аркылуу өлкөнүн жалпы элине Кайрылуу менен чыгып сүйлөдү.

Элге карата Кайрылуусунда президент алдыдагы шайлоону чоң саясий маанисине токтолуу менен анын таза, адилет өткөрүүгө чакырып, элдин эң мыкты уул-кыздарын элдик Жогорку бийликке шайланарын, эл өз добушун чыныгы татыктуу инсандарга берерине ишенгендигин билдирди. Парламенттик шайлоо ушул жылдын 10-октябрында өткөн жергиликтүү кеңештерге шайлоонун экинчи баскычы экендигин, андан кийин президенттик шайлоо эмдиги жылдын 30-октябрында болорун билдирип, шайлоону мыйзам чегинде таза, калыс өткөрүүгө элди чакырды. Ошондой эле бардык шайлоо комиссияларын шайлоочулардын тизмесин так түзүп, саясий ыплас технологиялардан алыс болуусун талап кылды. Президент шайлоо кампаниясында массалык маалымат каражаттарына да чоң роль таандык экендигин баса белгилөө менен шайлоо процессин так чагылдырууга чакырып, шайлоо учурунда мыйзамдуулукту бекем сактоо укук органдарынын эң ыйык бурчу экендигин баса белгиледи. Мамлекет башчы Аскар Акаевдин Кайрылууда айткан сөзүнө оппозиция өкүлдөрү ишенбейт . Алар Аскар Акаев буга чейинки шайлоор алдында жасаган Кайрылууларында деле , дүйнө коомчулугуна ушундай убадаларды берип аны аткарбагандыгын айтышууда.Мыйзам чыгаруу жыйын депутаты Азимбек Бекназаровдун пикирнде, келерки парламенттик, президенттик шайлоолордо дале Аскар Акаев баштаган бийлик өкүлдөрү өздөрүнүн бийлигин кармап калуу үчүн ар кандай мыйзам бузууларга барары шексиз.Ырас, президент шайлоону 27- февралга өткөрүүнү белгиледи.Бирок, ал канчалык деңгээлде таза өтөт, аны мезгил гана көрсөтөт дейт саясий аналитиктер.

XS
SM
MD
LG