Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:14

UNICEF: БАЛДАРДЫН БАГЫН КЫЙГАН ҮЧ БАЛААМАТ


Бириккен Улуттар Уюмунун балдар фонду (UNICEF) кезектеги жылдык докладын жарыялады. Документте балдардын дүйнөдөгү социалдык абалын байкап-баккан иликтөөлөрдүн жыйынтыктары жалпыланган. Бу жагынан Африка баштагыдай эле жер шарындагы эң айласыз континент деп аталган. Ошол эле учурда докладда экс-совет республикаларындагы жагдай да кескин начарлап баратканы чоң сар-санаа менен белгиленген.

ООНдун аталган мекемеси балдардын абалына соңку эки айда эле ушуну менен экинчи ирет дүйнө коомчулугунун назарын буруп жатат. UNICEF үч негизги факторду – жакырчылыкты,кооп-коогалаңдарды жана СПИД илдетин кабыргасы ката элек каргадай балдардын кендирин кесип жатат деп эсептейт.Соңку кездерде бу жагынан кырдаал эски совет республикаларында да кысталаң тарта баштаганына докладда чоң камтамачылык айтылат. Балдар фондунун өкүлү Гаспар Файт эң негизги кеп – ушу үч чоң балаамат сөз болгон аймакты текши каптап баратканында турат,ар бир өлкөдө абал ар башка деңгээлде,бирок түпкүлүгүндө бардык өлкөлөр бу проблеманын иримине эч кандай такаатсыз тартыла башташты дейт. Өзгөчө саламаттык сактоо тармагындагы жагдай кескин керагар кетти. Эгер транспорт жок болсо, анда оорукананын пайдасын көрө албайсың. Эгер дары-дармек жок болсо, анда доктурлар эм-шыпаа боло албайт.Иши кылып, кай бир өкмөттөр ооруп-сыркаган сабий-сагырлар ажалы жетпесе сакайып кетер дегендей кыязда саясат жүргүзөт.

Дагы бир олуттуу проблема катары докладда экономикалык жакырчылык аталат.Буга региондогу жаңжалдар кошумча болуп жатат. Балдардын бир даары ата-энеси каза тапкандан улам жетим калат.Көбү ата-энеси ажырышкандан,миграция менен жаңжалдардын айынан үй-бүлөсүнөн ажырап,карып-мискинге айланат. Алардын көбү бозгун-тозгун балдарга келип кошулат. UNICEFтин эсептери боюнча,эски совет аймагында жетимдер үйүндө, кароосуз балдар мекемелеринде бир миллиондон ашуун сабий-сагырлар кармалат. Көчөдө калып,кайырчылык кылып,жулук ууручулук менен жан баккандардын санын тактоо өтө кыйын.

Докладда Белоруссия,Грузия,Кыргызстан жана Украина балдар арасындагы СПИД илдетине каршы күрөшүү боюнча атайын программаларды кабыл алганы айтылат. Бирок эл аралык ачык коом институтунун өкүлү Нина Швальбенин айтымында,саламаттык сактоо министрликтерине өкмөттөн өп-чап гана каражат бөлүнөт,андыктан аталган чөйрөдөгү абал өзгөрүүсүз калып жатат.

UNICEFтин мурдагы докладында экс-совет өлкөлөрүндө жашоодон аша кечип,өзүн-өзү тындым кылган өспүрүмдөрдүн саны да өсүп жаткандыгы айтылган эле. Бу жагынан Россия,Казакстан жана Белоруссия алдыңкы топто аталган.Кыргызстанда соңку он үч жылда бу көрсөткүч 0,8 процентке жогорулаган.

XS
SM
MD
LG