Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:16

Тышкы иштер министри Түркиянын элчиси менен жолукту


БИШКЕК. Бүгүн Бишкекте өлкөнүн тышкы иштер министри Аскар Айтматов Түркиянын Кыргызстандагы толук ыйгарым укуктуу элчиси Музафар Эрөктөм менен анын кызмат мөөнөтүнүн аякташына байланашытуу жолугуп, эки тараптуу алакалар боюнча пикир алышты. Тараптар Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы саясий, экономикалык кызматташтык өзгөчө соңку жылдары өнүгүп жаткандыгын белгилешти. Министр Айтматов эки өлкөнүн ортосундагы билим берүү, маданият тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүүнүн зарылдыгы тууралуу пикирин айтты. Музафар Эрөктөм Кыргызстанда Туркиянын элчиси болуп үч жылдан ашуун иштеди. Ага эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыкты өнүктурүүгө кошкон салымы үчүн Кыргызстандын тышкы иштер министрлигинин Ардак Грамотасы тапшырылды. Музафар Эрөктөмдү эртең Кыргызстандын президенти Аскар Акаев кабыл алат.

XS
SM
MD
LG