Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:44

САДДАМДЫН КОЛГО ТҮШҮРҮЛҮШҮ КӨТӨРҮЛҮШТӨРДҮ АЗАЙТКАН ЖОК


Бир жыл мурда АКШ аскерлери Ирактын мурдагы диктатору Саддам Хусейнди колго түшүргөндө, эми козголоңдор акырындап тыйылат ко деп үмүттөнүшкөн. Бирок турмуш чындыгы катаал болуп чыкты. Иракта козголоң улам күчөп, кыймыл улам жаңы жетекчилерге ээ болууда. Сириядан да каржылык жардам келип жатканы, чет элдик исламчы жоочулар да Ирактын убактылуу өкмөтүнө жана коалициялык күчтөргө каршы согушуп жатканы маалымдалууда.

Былтыр Ирактын чордонундагы бир жайда жертөлөдө жашырынып жаткан жеринен Саддам Хусейн колго түшкөндө, Кошмо Штаттардын жетекчилиги жеңиштин туу чокусуна чыккандай кубанган. АКШ президенти Жорж Уокер Буш болсо Саддам колго түшкөндөн эки күн өткөн соң, мындай деп билдирген:

- Бул кишинин колго түшүрүлүшү эркин Иракты куруу үчүн өтө олуттуу мааниге ээ болчу. Бул окуя – Саддамдын жана анын атынан козголуп, киши өлтүрүп жаткандардын жарга кептелгендигин белгилейт.

Чынында, сакалы өскөн, жүдөгөн Саддамдын кебетесинен улам, аны АКШ жетектеген коалициянын аскерлерине каршы күрөш жүргүзгөн ири кыймылдын башчысы катары эмес, жеңилген диктатор катары гана кабыл алышкан.

Бирок Иракта чет элдик аскерлердин баскынчылыгына каршы кыймыл үстүбүздөгү жылы өзгөчө кеңири канат жайды. Ага Саддамдын мурдагы бийликтеги Баас партиясынын өкүлдөрү гана эмес, баасчыларды жек көргөн, бирок чет өлкөлүк аскерлердин келишине да каршы болгон улам жаңы топтор кошулушту. Алардын арасында шийилер да, суннийлер да, «ал-Кайида» терррордук тармагынын өкүлдөрү да бар болчу.

АКШ президенти үстүбүздөгү айдын башында бул кырдаалга жаңыча баа берүүгө аргасыз болду. Калифорнияда деңизчи аскерлердин базасында чыгып сүйлөп жатып, ал козголоң дагы эле басыла электигин мойнуна алды:

- Ирак боштондугунун кас душмандары жаралуу болушту, бирок алар азырынча жеңиле элек. Алар дагы эле согуштун улантмакчы, АКШ аскер деңиз күчтөрү да аларга каршы салгылашын уланта берет.

Эми Ирактагы козголоңчулар кыймылына бир беткей баа берүүгө болбостугу, алардын арасында бири-бири менен кайнаса каны кошулбас топтор бар экендиги, бирок жалпы күрөштө алар тактика үчүн бири-бирин колдоого алган учурлар аз эмес экендиги айгинеленүүдө.

Мусулман диниятчылар ынтымагынын басма сөз өкүлү Мухаммед Башар ал-Файзинин сөзүнө караганда, чет элдик аскерлердин баскынчылыгына каршы күрөш деген идея Саддамдын мурдагы режими жок болду деген түшүнүктөн кубаттуураак болуп жатат:

- Мурдагы режим – залим жана диктатордук режим болчу. Саддамдын режими бийликти сактап калуу үчүн ирак элине өзгөчө оор запкысын көрсөткөн. Бирок дагы бир билгенибиз – баскынчылык. Чет элдик баскынчылык өзүнүн ырайымсыз түсүн жаап-жашырат. Биз ирак элине кайрылып, аларды болочокто мындан да дүрбөлөңдүү күндөр күтүп жатканын, ошондуктан азыркы учурда өздөрүн бактылуу санабай эле коюшун эскертип жатабыз.

Айрым жылыштар да жок эмес. Маселен, ири көтөрүлүштөрдүн бирин жетектеген шийи диниятчысы айатолла Муктада ас-Садр келээрки айда боло турган шайлоого талапкер катары катышууга макул болду.

Ушул тапта Саддам Хусейн Багдаддын түндүгүндө АКШ аскер базасында кармалууда. Маалыматтарга караганда, ал өзүн дагы эле өлкө президенти деп санайт. Саддам адамзатка каршы жана согуш кылмыштары үчүн айыпталып жатат, бирок анын соту качан башталаары азырынча анык эмес.

XS
SM
MD
LG