Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:58

ТҮРКИЯНЫН ЕВРОБИРИМДИККЕ КАБЫЛ АЛЫНЫШЫНА АЗ КАЛДЫБЫ?


Бир жумадан соң Евробиримдик лидерлеринин кышкы саммити башталат.Бул саммит Түркияга тагдыр чечүүчү окуя.

Түркия менен мүчөлүк сүйлөшүүлөрдүн тагдыры чечилүүчү 17- декабрдагы саммитти утурлап, биримдиктин Брюсселдеги босогосунда дипломатиялык кыймыл бир кыйла күч алды. Жума күнү Түркиянын Премьер- Министири Режеп Ердоган бул шаарда, биримдиктин кезектеги төрагасы Голландиянын Премьер -Министири Ян Петер Балканенде жана , Еврокомиссиянын төрагасы Хозе Марио Барросо менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Басма сөз жыйынында Ердоган, Түркия чыдамсыздык менен күтүп жаткан бул маанилүү окуянын натыйжасын дагы бир жолу ырастады:

“Cүйлөшүүлөрдүн башкы максаты толук мүчөлүккө өтүү; биз бул жерге ошол себебтүү келгенбиз; бул жараян 41 жылдан бери карай уланып келатат. Түркия толук мүчөлүккө кабыл алынса, анын акибети кайтат” деди. Түркия менен сүйлөшүүлөр 2005- жылдын соңунда же 2006- жылдын алгачкы жарымында башталсын деген Франциянын тышкы иштер министири Мишел Барнийенин сунушу тууралуу суроо узатылганда Ердоган:

“Биз, 2002- жылдагы Копенгаген саммитинде кабыл алынган токтомду гана эсепке алабыз. Анда, Түркия Копенгаген саясий критерийлерин аткарган абалда сүйлөшүүлөр кечиктирилбестен башталары билдирилген. ‘Кечиктирлбестен’ деген сөз создуктуруу деген маанини түшүндүрбөсө керек” деп, өлкө сүйлөшүүлөргө, Люксембургтун нөөмөтү учурунда, демек келерки жылдын алгачкы жарымында башталуусун кааларын эске сала кетти.

Жакын арада, Түркия мүчөлүк сүйлөшүүлөрдү баштаоого оболу, Кипрдеги Грек жумуриятын таанышы керек деген маселе Анкараны дүрбөлөңгө салып жаткан жагдайга карата Голландиянын өкмөт башчысы Балканенде бул сапар Түркия тууралуу оң мүнөздөгү сөзүн айтты. Түркияда демократиялаштыруу жана адам укуктары жаатында оң кадамдар шилтелгенине басым жасоо менен, ал ошол эле учурда, “диний эркиндиктер жаатында бир катар кемчиликтер бар. Атуулдарды уруп-токмоктоолорго ‘Нөлл толеранс’ аттуу Анкара өкмөтүнүн кепилдиги сакталышы керек” деди. Толук мүчөлүктүн ордуна, Түркияга кандайдыр бир артыкчылыгы бар өнөктөш статусун берели деген, айрым европалык лидерлердин сунушуна токтолуп Балканенде, “оюн ортосунда эреже алмашуу болбойт. Түркияга адилеттүү мамиле жасалууга тийиш. 17- декабрда адилет чечим кабыл алынарын күтөм” деди.

Мурдагүнү Анталия шаарында, диндер-аралык түтүмдүүлүктүн символу катары курулган “Диндердин Бакчасы” комплексинин ачылышында, кезегинде профессионалдуу футболдо ойногон Премьер- министр Режеп Ердоган :

- Оюндун алдын ала белгиленген эрежелери менен матч башталды, оюндун 46- мүнөтүндө эреже алмашты деген болбойт” деп, Евробиримдик тарабынан Түркиянын алдына коюлуп жаткан жаңыча талаптарды, жаңыча критерийлерди сынга алган эле.

Кыскасы, чечүүчү учур жакындап келатканда ушу тапта, бир чети риторика, экинчи чети, сөздүн чыныгы мааниси менен айтканда, ‘айыгышкан’ соодалашуулар Брюсселдин күн тартибин биротоло ээлеп алды. Ердоган өкмөтүнүн бул дипломатиялык жортуулу, бүтүндөй болбосо дагы, айрым тармактарда Анкарага үзүрлүү натыйжаларды берип жаткансыйт. Маселен, Саммитке карата даярдалган корутунду билдирүүнүн долбоору бейшемби күнү 3- жолу өзгөртүлүп, андагы, Түркия нааразылыгын билдирген 2 берене алмаштырылган. Ушул арада, Люксембургдун Премьер- министири Жан Клод Юнкер Дие Велт гезитине берген маегинде, “Түркиянын мүчөлүгүнө каршылык көрсөтүү пикиринен баш тартканын” билдирди. Түркияга каршы өлкөлөрдүн көч башында турган Франция да , Түркиянын пайдасына аракет жасары тууралуу маалымдады.

XS
SM
MD
LG