Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:13

Өкмөт Кадамжайга акча берди


БИШКЕК. Кадамжайдагы сурьма комбинатынын жумушчуларынын нааразылыгын басаңдатуу үчүн Премьер-министр өз фондунан 5 миллион сом бөлдү. Бул тууралуу өкмөт башчы Николай Танаев 13-декабрдагы селектордук кеңешмеде билдирди. Кадамжайдагы сурьма комбинатынын миңден ашуун жумушчусу бир жылдан бери айлык алышпай, жакында нааразылык митингге чыгышарын жарыя кылышкан. Премьер-министр Николай Танаев кеңешмеде андан тышкары Кадамжай сурьма комбинатын сатып алууга кызыгып жаткан чет өлкөлүк ишканалардын абалын иликтөөнү Улуттук коопсуздук кызматына тапшырды.

XS
SM
MD
LG