Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:50

ОППОЗИЦИЯ АКҮЙ ТАРАП ЫПЛАС ТЕХНОЛОГИЯГА ЖАКЫН ДЕП САНАЙТ


Чолпон Орозобекова, Бишкек Президент Аскар Акаев оппозиция чет элдик каражаттарга таянып, ыплас технологияларды пайдаланып жатат деп ойлойт. Кыргызстандагы айрым оппозициячыл маанайдагы саясатчылар президентти мындай доомат айтуудан абайлоого жана сабырдуулукка чакырды.

Мамлекет башчы мурдагы аптада оппозициялык кыймылдарга кеп тийгизген болчу. Аскар Акаевдин пикиринде оппозициялык күч чет элдик каражаттарга таянып, ыплас саясий технологияларды пайдаланып жатат. Мамлекет башчынын пикиринде чет элдик анча мынча тыйын үчүн алардын камчысын чаап берген саясатчылар четтен чыгууда:

- Дагы бир ыйык норма бар. Бул мекендин улуттук кызыкчылыктары. Бул нормадан аша чапкандар коомдун ыркын кетирип, атуулдук тирешүү кырдаалына алып келүү менен элдин ишеничине ээ боло албасы анык. Тилекке каршы, бизде болор- болбос тыйын үчүн чет элдиктердин камчысын чаапканга даярлар четтен чыгып жатат, - дейт Аскар Акаев.

Мындай дооматка оппозиция тарап жана айрым мамлекеттик эмес уюмдар арасында нааразылык туудурууда. Айрым байкоочулар оппозициялык күч бийлик колдонгон ыплас технологиядан коргонуу аракетин гана жасап жатат дешет. Кыргызстан элдик кыймылынын активисти, экс министр Кулубек Боконбаев азыркы бийлик оболу кинени башкадан издебей бийликтен издеш керек деген ойдо:

- Өз башындагы баамдабай,башканыкын кеп кылган бийликте былгытманын баары. Анысы кандай, азыркы бийлик деле ыплас технологияларды пайдаланып атат. Ал эми оппозиция болсо ошол ыплас технологиялардан коргонуу гана аракетин жасап келет.

Мамлекет башчынын мындай пикирин уккандан кийин айрым коомдук уюмдар жана саясий партиялар ой пикирин билдирген. «Демократия жана атуулдук коом үчүн» коалициясы президенттин «чет элдик ыплас технологияларды пайдаланууда» дегени тынчсызданууну жаратат деп жарыя кылды. Президенттин мындай баасын негизсиз деп эсептеген коалиция адилет шайлоо өткөрүүгө милдеттенген мамлекет башчы өлкөдөгү бардык саясий күчтөрдүн, анын ичинде оппозициянын көз караштарына, иш- чараларына сабырдуулук менен мамиле кылуусу зарыл экендигин билдирди.

Ал эми кай бир талдоочулар бийлик дагы, оппозиция дагы бирдей кадамдарга барышууда дешет. Жогорку Кеңештин депутаты Зайнидин Курманов эки жээк тең бири биринен кем калган жок деген пикирин билдирди.

Мындай ойдогу байкоочулардын бири «Трибуна» гезиитинин редактору Ырысбек Өмүрзаков шайлоо алдында эки тарап тең ыплас технологияларга барышат, бирок колунда мүмкүнчүлүгү бар бийлик ашепке далалат кылат деген ойдо.

- Бийлик дагы, радикал оппозиция дагы алдыдагы шайлоолор учурунда ыплас жолдорго барышат. Бирок, бийлик да ыплас технологияны арбыныраак пайдаланат. Себеби, кантсе да колунда административдик куралдары жетиштүү.

Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын вице-спикери Кубатбек Байболов Кыргызстандагы оппозицияны алсыз жана чабал күч катары сыпаттайт. Бирок, "мамлекет башчынын жогорудагыдай дооматына кошулууга колумда эч бир далилим жок" дейт депутат. Кубатбек Байболовдун айтымында, президент айткан ыплас технологиядан бийлик да куру эмес. Парламенттик шайлоо жакындаган сайын бийлик өзү таптаган талапкерлердин мыйзамсыз иш-аракеттерине байкамаксан мамиле байкалууда, - деген пикирди башка да саясатчылар айтууда.

XS
SM
MD
LG