Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:16

ШАЙЛОО ОКРУГДАРЫН АНЫКТООДО КАРАМА-КАРШЫЛЫКТАР ОРУН АЛУУДА


Бакыт Аманбаев, Бишкек Кыргызстандын Шайлоо кодексине ылайык Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо боюнча округдардын схемасын шайлоо өткөрүлө турган күнгө 160 күн калганга чейин иштеп чыгып, шайлоого 120 күн калганга дейре массалык маалымат каражаттарына жарыялоого милдеттүү. Шайлоого саналуу күндөр калса да шайлоо округдардын схемасын тактоо мыйзамда белгиленген күндөн кечиктирилүүдө.

Борбордук Шайлоо комиссиясы үстүбүздөгү жылдын 13-декабрындагы отурумунда Мыйзам чыгаруу жыйыны тарабынан буга чейин аныкталган шайлоо округдарынынын айрымдарына бир катар өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу токтом долбоорун кабыл алды. Шайлоо комиссиясынын мындай токтом долбоору болочок талапкерлердин өз шайлоо округдарында жүргүзгөн аракеттерине карама-каршы келди. Натыйжада БШКнын мындай токтом долбооруна каршы коомчулукта түрдүү пикирлер айтылып, ал тургай шайлоо комиссиясынын мындай аракети Жогорку Кеңештин кош палатасында тең талкууланды. Борбордук шайлоо комиссиясынын мындай токтому тууралуу Мыйзам чыгаруу жыйын депутаты Алишер Абдымомунов:

-Борбордук шайлоо комиссиясы 13-декабрдагы токтому менен бир катар мыйзам бузууларга барган. Кээ бир шайлоо округдарын беш эмес жетимиш, сексен пайызга чейин өзгөртүүгө аркет жасаган. Бул Шайлоо кодексине карама-каршы келет.-дейт Алишер Абдымомунов.

Мыйзам чыгаруу жыйынынын бейшемби күнкү отурумунда шайлоо округдарына байланыштуу мыйзам долбоору кабыл алынды. «Шайлоо кодексине өзгөртүү түзөтүүлөрдү киргизүү тууралуу» өз оюн Мыйзам чыгаруу жыйынынын төрагасынын орун басары Кубатбек Байболов мындай мазмунда билдирди:

-Шайлоо кодексинде буга чейин бир округдан экинчи округдагы шайлоочулардын саны боюнча айырма беш пайыздан жогору болбосун деген эреже киргизилген. Соңку мезгилдери орун алган ири ички миграцияга байланыштуу мындай өзгөртүүнү беш эмес түз жерлерде он, тоолуу жерлерде он беш пайызга чейин жеткирүү тууралуу мыйзам кабыл алдык. Демек жаңы өзгөртүүгө ылайык шайлоо округдарындагы шайлоочулардын санындагы айырма он, он беш пайыз болсо да шайлоо округдары өзгөртүлбөйт.
Айрым көз каранды эмес байкоочулар Борбордук шайлоо комиссиясынын демилгеси менен мындай мыйзамдын кабыл алынышынын түпкү себеби башкада дешет. Бул тууралуу Мыйзам чыгаруу жыйынын депутаты Кубатбек Байболов мындай дейт:

-Чындыгында эле көпчүлүк талапкерлер ушунча убакыттан бери шайлоочулар менен тыгыз байланышта болуп иштешкен. Албетте алардын шайлоо округдарын кескин өзгөртүү нааразылыктарды пайда кылды. Ошондуктан жогоруда кабыл алынган мыйзамдын башкы мазмуну, буга чейин аныкталган шайлоо округдарын өзгөртпөөгө багытталды.

Шайлоо кодексине киргизилген жаңыдан өзгөртүү тууралуу Борбордук Шайлоо комиссиясынын юристи Бектур Зулпуев мындай дейт:

-Жогорудагыдай өзгөртүү киргизүү туура. Анткени бул мыйзам мурда аныкталган шайлоо округдарын бузбоого багытталды
БШК юристи Бектур Зулпуев 20-декабрга чейин Борбордук шайлоо комиссиясынын дагы бир отуруму болоорун, анда шайлоо округдардын соңку, такталган схемасы аныкталаарын билдирди.

XS
SM
MD
LG