Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:25

ИТЕЛГИ ЧАТАГЫ


16-декабрда Коммерциялык жана өкмөттүк эмес уюмдар ассоциациясынын төрайымы Токтайым Үмөталиева маалымат жыйынын өткөрдү. Анда ал өзүнө прокуратура кызматы тарабынан ителги куштарына байланыштыруу жолу менен саясий кысым жасалып жаткандыгы тууралуу билдирди. Ошол эле маалымат жыйынында адистештирилген прокуратура кызматкерлери тарабынан да кайчы маалыматтар берилди.

Үстүбүздөгү жылдын 27-октябрында мыйзамсыз жол менен Кыргызстандан Сирияга алынып кетип бараткан жеринен 127 ителги кармалган. Анын ичинен 11 кушту Коммерциялык жана өкмөттүк эмес уюмдар ассоциациясынын төрайымы Токтайым Үмөталиеванын өтүнүчү жана жоопкерчиликке алуусу менен мамлекеттик токой кызматы «ТОО Чолпонбек» деп аталган жоопкерчилиги чектелген уюмга өткөрүп берүүгө макул болот. Шарт боюнча аталган уюм ителгилерди атайын адистердин көзөмөлү менен реабилитациялоону мойнуна алган да, 6-ноябрь күнү ителгилер «ТОО Чолпонбек» уюмунун карамагына өткөрүлүп берилген. Маалымат жыйынында айтылгандай, өткөрүлүп берилген куштар учууга жарамсыз, айрымдары канат-куйругу жулунуп, оорулуу болгондуктан аларды дарылоо үчүн атайын адис-орнитологдор чакырылат. Буга байланыштуу декабрь айынын башында ителгилер реабилитацияланып жаткан Нарын облусунан Бишкекке алынып келинген. «ТОО Чолпонбек» уюмунун жетекчиси Жыпара Өмүракунованын айтуусунда, 13-декабрь күнү ителгилер багылып жаткан үйгө Бишкек шаарындагы Свердлов РИИБнүн жана адистештирилген прокуратуранын кызматкерлери келишип, үй ээлерин куштарды мыйзамсыз кармап жаткандыгы үчүн күнөөлөшкөн.
Ал эми маалымат жыйынына катышып отурган адистештирилген прокуратуранын тергөө бөлүмүнүн башчысы Замир Алиевдин айтымында:

Келишимдин негизинде бул куштар «ТОО Чолпонбек» уюму көрсөткөн Нарын облусунда сакталыш керек болчу. Ал эми бүгүнкү факт боюнча алар эч кандай шарты жок жерде, Бишкекте кармалып жаткан

-дейт Замир Алиев. Куштардын оор акыбалда кармалгандыгына байланыштуу аталган прокуратура тарабынан кылмыш иши козголгон. Бул тууралуу прокуратура кызматкери Игорь Павлючков:

Биз Кылмыш кодексинин 264-беренесинде каралган жаныбарларга жана канаттууларга ырайымсыз мамиле жасоо фактысы боюнча кылмыш ишин козгодук. Азыр тергөө жүрүп жатат

-деди Игорь Павлючков. Ал эми Коммерциялык жана өкмөттүк эмес уюмдар ассоциациясынын төрайымы Токтайым Үмөталиеванын айтуусунда 14-декабрь күнү адистештирилген прокуратура тарабынан куштар эч кандай акт түзүлбөстөн , 11 куштун жоопкерчилигин мойнуна алган Токтайым Үмөталиеванын макулдугусуз эле «ТОО Чолпонбек» уюмунан тартылып алынган:

Куштар менин мойнумда, бирок азыр биздин колубузда эмес. Мен сурандым: «Мага көрсөтүп, акт түзүп туруп алгылачы, мен ким алып кеткенин да көргөн жокмун. Кийин мен жооп берем» деп. Макул болушкан жок. Акт менен өзүм кабыл алгам. Буларга да акт менен өткөрүп беришим керек. Эгер куштар жоголуп кетсе ким жооп берет?

-деген Токтайым Үмөталиева бул белгилүү инсандар тарабынан атайын жасалып жаткан саясий кысым экендигин белгиледи:

Бул иш мен келе жаткан парламенттик шайлоого талапкерлигимди коёрумду, кайсы аймактан чыгарымды айткандан кийин болуп жатат. Атайын мага каршы даярдалып жаткан механизм. Анткени ошол аймактан талапкерлигин коюучу дагы бир адамга эң коркунучтуу атаандаш менмин. Мунун баары ошол себептен болуп жаткандыгы көрүнүп турат
.
-деди Токтайым Үмөталиева. Ал эми адистештирилген прокуратуранын ителгилерге байланыштуу козголгон кылмыш иш боюнча тергөө тобунун башчысы Замир Алиев анын сөзүн четке какты:

Бул жерде эч кандай саясатты аралаштыргым келбейт. Бул жерде чындыгында факты боюнча иш козголду, ал боюнча тергөө жүрүп жатат. Тергөөнүн жыйынтыгын көрөбүз

-деди Замир Алиев.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG