Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:41

ПРЕЗИДЕНТТИН КАЙРЫЛУУСУ: КЕРЕГЕМ САГА АЙТАМ… ОППОЗИЦИЯ СЕН УК!


Келерки парламенттик жана президенттик шайлоо өнөктүктөрүнө байланыштуу Кыргызстанда коомдук-саясий кырдаал курчушу ыктымал. Мындай пикирин президент Аскар Акаев жума күнү өткөн коргоо кеңешинин кезектеги отурумунда билдирди. Ошондой эле Акаевдин айтымында, Кыргызстанда экстремисттик жана террорчул аракеттер жанданууда. Мамлекет башчынын мындай баасы саясатчылар арасында ар кыл көз караштарды пайда кылып жатат.

Коргоо кеңешинин жума күнкү отурумунда президент Аскар Акаев өлкөнүн коопсуздугун сактоо жана адам укуктарын коргоо үчүн мамлекеттик структуралар бардык күч-аракеттерин жумшап, Коргоо кеңеши күч структуралары үчүн конкреттүү милдеттерди иштеп чыгыш керек деди. Каттоодо турбаган «Хизб-ут-тахрир» партиясын коркунуч туудурган уюм катары санаган президент саясий партиялардын мыйзам чегинде иштеши керектигин белгиледи:

- Биз кайсы партиянын болбосун ишмердүүлүгү ачык, Конституциянын чегинде болушу керек деп эсептейбиз. Бул чектен чыккан аракеттер Конституцияга каршы аракеттер катары бааланышы керек.

Акаевдин коопсуздук кеңешинде сүйлөгөн сөзүн саясатчылар ар кыл өңүттө чечмелеп жатышат. Маселен, бир катар саясатчылардын пикирлеринде, шайлоо күтүлүп жаткан келерки жылы коомдук саясий окуялар курчушу айныксыз. Бирок, шайлоону чыр-чатактарга жеткирбей, демократиялык принциптердин алкагында өткөрүү ириде расмий бийликтин милдети:

- Эгерде бийлик адыраңдап эле эл шайлаган кишилердин баарына бут тосуп, чаап сотко бара турган болсо, анда кырдаал аябай курчуп кетет. Эл шайлаган депутаттарды жайына коюп, парламентке жиберсе, анда андай деле катуу курчубайт деген оюм бар, - дейт Жогорку Кеңештин мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Акылбек Жапаров.

Оппозиция болсо президенттин мындай билдирүүсүн саясий күрөштө бул күчтү айыпка жыгуу максатында атайын жасалган аракет катары баалап жатат.

Кыргызстан элдик кыймылына мүчө «Эркиндик» партиясынын башчысы Топчубек Тургуналиев, маселен, мындай дейт:

- Грузияда да, Украинада да так ушинтип кыйкырышкан, Шеварднадзе, Кучмалар. Акаевдер да бийлигин сактап калуу үчүн түркүн-түркүн варианттарды ойлоп таап атышат. Кыргызстанда Акаевдердин айткан маанисиндеги радикалдуу түр жок. Бул Акаевдердин фантазиясы, оппозицияны караламай далаалаты.

Ысыккөл облусунун губернатору Токон Шайлиева президенттин Коргоо кеңешинде сүйлөгөн сөзүн өз учурунда көтөрүлгөн олуттуу маселе катары санайт, айрым мамлекеттердегидей кооптуу жагдай комдо түзүлбөш үчүн алдын-ала чараларды көрүү зарыл, дейт:

- Элдин коопсуздугун сакташыбыз керек да. Чет жактан акча келип, акча алып атышкан турбайбы. Жол бербешибиз керек, көрүп атпайбызбы, башка мамлекетте эмне болуп атканын.


Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйынынын депутаты Муратбек Мукашев президенттин сөзүн бийликтин идеологиялык платформасы катары баалады:

- Бийлик алмашуу – бул оор нерсе. Ошондуктан, менин оюмча, ошол айткан сөздөрдүн бардыгы бийликти колдон чыгарбоо айласындагы саясат. Анан "ушундай болот" деген коркутуу – бул ошолордун идеологиялык платформасы деп айтат элем.

Мукашевдин пикиринде, Кыргызстанда АКШнын, Орусиянын аба күчтөрү жайгашып турган бүгүнкү шартта терроризм коркунучу ошончолук курч болуп турат деп айтууга болбойт.

Ал эми «Акыйкат жана прогресс» партиясынын төрагасы Муратбек Иманалиев Коргоо кеңешинде көтөрүлгөн маселени бийлик үчүн күрөштүн шылтоосу катары санайт:

- Бул эми сөз да. Бирөөнү жамандаш үчүн, мисалы, "террористер, экстремисттер бар" деген өңдүүлөрдү чыгарып, бири-бирин ар кандай күнөөлөйт да. Билбейм, ким жөнүндө айтып атат, террорист, экстремист бар деп.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG