Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:28

ИРАКТАГЫ ПАРЛАМЕНТТИК ШАЙЛООГО ДАЯРДЫКТАР


Нарын Айып, Прага Иракта 30-январда өтө турган парламенттик шайлоого талапкерлерди каттоо мөөнөтү 15 декабрда аяктады жана жакын арада шайлоо өнөктүгү башталат. Дээрлик бардык белгилүү саясатчылар өз блокторун түзгөндүктөн, таймаш негизинен саясий бирикмелер ортосунда жүрөт. Шайлоону кийинкиге калтырыш керек деген сунни уюмдары дагы акыркы күндөрдө өз бирикмелерин түздү.

Шайлоону өткөрүү иштеринде эң негизги маселе коопсуздукту камсыз кылуу менен байланышкан. Өлкөнүн түндүк жана батыш аймактарында ушул кезге дейре күн алыс куралдуу кагылышуулар болууда. Ошол себептүү суннилер буга чейин бийликке бир нече жолу кайрылып, шайлоону кийинкиге калтырууну сурап келген. Бирок өлкөнүн утурумдук жетекчилиги, эл аралык коомчулук да мурда кабыл алынып калган чечимге катуу негиздеп, шайлоо мөөнөтү өзгөрлбөй тургандыгына ынанган суннилер да өз шайлоо блокторун түзүп, өнөктүккө катышууда.

Белгилүү саясатчы Аднан Пачачинин айтымында, эгер келерки бир жарым айдын ичинде өлкөдөгү абал начарлап кетсе, анын "Көз карандысыз демократтар кыймылы" деп аталган блогу шайлоого катышуудан баш тартышы да мүмкүн.. Куралдуу кагылышуулар негизинен суннилер жашаган аймактарда болууда, ошондуктан согуш жүрүп жаткан абалда суннилерге таянган бул уюм ойдогудай сандагы добуш албай калуусунан чочулайт. Ирак мусулмандарынын 60 пайызы - шийилер.

Улуттук Ассамблея деп аталган парламентке 275 депутат шайланууга тийиш, ал жаңы өкмөттү түзөт жана өлкөнүн жаңы конституциясын иштеп чыгуучу комиссияны бекитип, Ирактын президентин шайлоо өнөктүгөн жүргүзөт. Бардыгы болуп 6400 талапкер катталгандыктан, ар бир орун үчүн жыйырмадан ашык адам күрөшүүдө.

Бириккен Улуттар Уюму акыркы аптада добуш берүүнү уюштура турган 135 миңге жакын адис даярдады, бирок уюмдун Иракта иштеген өзүнүн кызматкерлеринин саны баары бир ченелүү - 64 гана адам, алардын жыйырма беши гана - шайлоо боюнча адистер. Ал кызматкерлерди Фижи аралдарынан келген 157 аскер кайтарат. 2003-жылдын августунда Бириккен Улуттардын Багдаддагы кеңсесинде жардыруу болуп, 22 адам набыт кеткенден кийин уюм өз кызматкерлерин Ирактан чыгарып кеткен.

Бириккен Улуттардын баш катчысы Кофи Аннандын айтымында, шайлоого даярдыктар жакшы эле: "Биз негизинен техникалык даярдыктарды көрдүк жана өз милдетибизди аткардык. Албетте, шайлоо өткөрүү үчүн техникалыктан башка да даярдыктар керек, бирок ал үчүн Ирак өкмөтү өзү жооптуу. Саясий чөйрө, коопсуздук жана башка иштер үчүн ирактыктар өздөрү жооп берет".

Бириккен Улуттар тарабынан көрүлгөн аракеттерди АКШ мамлекеттик катчысы Колин Пауэлл дагы жогору баалады: "Силер баарыңар билесиңер, шайлоону ирактыктар өздөрү өткөрүүгө тийиш, Бириккен Улуттар болсо аларга колдоо көрсөтүп, өз ишин жакшы аткарды. Баш катчы акыркы күндөрдө Иракка кошумча кызматкерлерди да жиберди".

Шайлоого катыша турган негизги бирикмелер - шийи мусулмандарын башкарган аятолла Али ал-Систанинин "Бириккен Ирак яльянсы", Пачачинин Демократтар кыймылы, күрддөрдүн эки партиясы жана башкалар бар. Өлкөнүн утурумдук премьер-министри Айяд Аллавинин өз алдынча бирикме уюштурган, анын аты "Ирак тизмеси", утурумдук президент Гази ал-Явар дагы өзүнчө блок түзгөн, ал "Ирак жыйыны" деп аталат. Явардын айтымында, анын уюмунда коомдун бардык катмарларынан чыккан адамдар бар: "Биздин тизмеге таржымалы ар башка талапкерлер кошулган, биздин негизги максатыбыз - коопсуздук маселелерин чечүү".

Пачачинин айтымында дагы, анын бирикмесине шийилер да, суннилер да, күрддөр да, христандар да, башкалар да кирген.

XS
SM
MD
LG