Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:42

ЕВРОБИРИМДИК: ЭРДОГАН УТТУБУ ЖЕ УТУЛДУБУ?


Евробиримдиктин акыркы саммитинин чечими Түркияда ар кандай талаш-тартыштуу жагдайды жаратты. Мүчөлүк сүйлөшүүлөрдү баштоо тууралуу жетишилген келишим, калктын дээрлик көпчүлүгүнүн колдоосуна ээ болгону менен, аны Түркиянын “жеңилиши” катары да баалагандар да аз змес.

Түркиянын Премьер- Министири Режеп Тайып Эрдоган, Евробиримдиктин мамлекет жана өкмөт башчыларынын тархый саммитине катышкандан кийин, кечээ өз өлкөсүнө кайтып келди. Аны адегенде Истмабул шаарында жана түшкө жуук борбор калаа Анкарада миңдеген адамдар, чоң шаан-шөкөт жана фейерверк парадынын коштоосунда тосуп алды. Белгилүү болгондой жума күнү Брюссел калаасындагы жыйын учурунда, Түрк өкмөтү менен Биримдиктин өкүлдөрү ортосунда өткөрүлгөн, өтө ургаалдуу жана айыгышкан макулдашуулардын натыйжасында, биримдик Түркия менен мүчөлүк сүйлөшүүлөрүнө эмки жылдын октябрь айында баштоо тууралуу чечим кабыл алды.
Эгерде бул сүйлөшүүлөр ийгиликтүү болсо, 71 миллион калкы бар мусулман дүйнөсүнүн өкүлү Түркия биримдике толук мүчөлүккө кабыл алынат. Анкаранын борбордук аянтында, кычыраган суукка карабастан жыйылган миңдеген адамдар Эрдоганды, согуш майданынан жеңиш менен кайткан ажо сыяктуу дүркүрөгөн кол чабуулар, жана гүлдөр менен тосуп алышты. Евробиримдиктин жана Түркиянын желектерин колдоруна көтөрүп, жыйылган элдин алдында чыгып сүйлөгөн Эрдоган, “Түркия өтө назик бир чекиттен өткөнүн” билдирип, “Эми жолубуз ачык; эч кандай шек санабаңыздар” деди.
“Мындан ары, демократиянын мааниси бүтүндөй алмашат; жана адам укуктары менен эркиндиктер алда канча күчтөнүп, экономика оңдолот” деп кошумчалады Түркиянын Премьер- Министири Режеп Тайып Эрдоган.
Бир гана Истамбул жана Анкарада эмес, Түркиянын башкача бир топ чоң шаарларында да эл көчөлөргө чыгып, саммиттин жыйынтыгы менен Эрдоганды куттукташты.
Ал, Истанбулдагы айткан сөзүндө, Брюссел саммитиндеги ‘толук жеңиш’ катары баалоого ашыкка жок, “мүмкүн болгон эң сонун натыйжанга жетиштик. Мындай эларалык сүйлөшүүлөрдө 100 пайыз жеңиш болбойт. Эки тараптын бирдей жеңилдике баруусу менен бул натыйжага жетишилди” деп айтса, Анкарада, 17- декабрда, Түркиянын тарыхына жазылып калуучу майрам катары мүнөздөдү. Түркияда чыккан басылмалар дээрлик, саммиттин чечимин жана Эрдогандын сүйлөшүүлөрдөгү чечкиндүүлүгүн мактап чыкса да, бирок Эрдогандын саясатын сынга алган гезиттер жана саясатчылар да жок эмес. Өзгөчө, Кипр тууралуу жетишилген мунасаны, бул чөйрөлөр, Евробиримдиктин Түркияны сызга олтургузган иш-аракети катары жорушуп, Эрдоганды европалык саясатчылардын маңдайында, обу жок жеңилдикке баргандыгын сынга алууда. Оппозициядагы Туура Жол Партиясынын лидери Мехмет Агар, келинген чекитти дурус кабыл алган менен, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдөгү усулду сынга алды.

“Башкасын коюп, бизге сүйлөшүүлөрдүн күнүн аныктап берсеңер эле болду- деген усулда сүйлөшүүлөрдү жүргүзүш, сүйлөшүүлөр башталган учурда Түркиянын алдына дагы көптөгөн тоскоолдуктарды алып келиши ыктымал” деп эскертти Агар Мырза.
Эрдоган Түркияга келери менен айткан сөзүндө, ‘бажы биримдиги жөнүндөгү протоколду, Кипрдин грек секторун да камтый турган түрдө кайра толуктап чыгыш, Кипр республикасын ырасмий түрдө тааныгандыка жатпай турганын айтты. А, Кипрдик гректер ошондой эле, Түркиядагы сынчыл чөйрөлөр, ‘сүйлөшүүлөрдү баштоо деген, биримдикке мүчө болгонуна жараша Кипр жумуруятын да тааныды дегендикти түшүндүрөт деп жатышат. Бирок, Брюсселде кол коюлган документ боюнча, Түркия эмки жылдын октябрь айына чейин убакыт берилген.; ошондой эле, протоколго кол коюу, Кипр жумуруятын таануу дегендикти түшүндүрбөйт. Эрдогандын өкмөтү, ушул аралыкта, Евробиримдиктин жана БУУнун да жардамы менен, Кипрде бир орток жол табыларына үмүт артууда.

XS
SM
MD
LG