Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:51

ЭЛ БИРИГЕТ. САЯСАТЧЫЛАР БИРИГЕ АЛАБЫ?


Айданбек Ташкенбаев, Бишкек Кыргызстан элдик кыймылы өлкөнүн түндүк облустарында бөлүмдөрүн түзүүдө. Жакынкы күндөрдө кыймылдын Бишкек шаардык жана Чүй облустук бөлүмдөрү түптөлмөкчү. Өткөн жумада Балыкчы шаарында Ысыккөл-Нарын облустар аралык бөлүмүн түзүү максатындагы жыйын өттү. Ага катышкан 150 чукул эки облустун өкүлдөрү өлкөдөгү абал боюнча ойлорун ортого салды.

17-декабрда Балыкчы шаарында кыймылдын Ысыккөл-Нарын облустар аралык бөлүмүн түзүү максатында жыйын өттү. Жыйынды өткөрбөөгө жергиликтүү бийлик тоскоолдук көрсөтүп, сүйлөшүлгөн имарат, кафелерди жаптырып салды. Бийликтин мындай аракетин Ысыккөл обулсунун губернатору Токон Шайлиева мындайча баалады:

Туура кылабыз. Канча кыймылды түзүштү. Алардын бирөөсү иштебейт. Азыр кыймылдын эмне кереги бар? Эмне кылат?.


Бийликтин бут тосуусуна карабай 150гө чукул адамдын катышуусу менен кыймылдын Ысыккөл-Нарын облустар аралык бөлүмүн уюштуруу жыйыны өткөрүлдү. Үч саатка созулган жыйында уюштуруу маселеси каралып, алдыдагы максаттар боюнча пикир алмашуулар жүрдү. Кыймылдын Ысыккөл-Нарын облустар аралык бөлүм башчылыгына шайланган Шейшен Искаков өлкөдөгү абалга кайдыгер эмес экендигин билдирүү менен кыймылга кошулганын айтып, буларга токтолду:

Элдин келечегин ойлоп биригүүнү бүт кыргыз колдой турган нерсе. Бул кыймылга башка күчтөр да кошулууда. Карап көргүлө кыргыздын бир гана мекени бар-ал Кыргызстан. Биздин жүрөк ошол мекен үчүн согуп, ошол үчүн токтош керек. Кыргыздын түндүгү, түштүгү жок. Түндүгүң да бир кыргыз, түштүгүң да бир кыргыз.Биргелешип аракеттенүүгө убакыт келди.


Нарындан келген Алымбек Акунов кыймыл лидерлерине мындай суроо менен кайрылды:

Мына сиздер айтып атасыздар татыктууну тандап алгыла деп. Кимдердин арасынан тандап алабыз. Азыркы депутаттардын ичинде 10-15 депутатыбыз бар. Алардын каерден шайланаарын, аларга бут тосуулар болоорун да билебиз. Ошол сыяктуу талапкерлерди тандап, партиялар атынан качан көрсөтөсүңөр? Шайлоонун адилет өтүүсүн камсыздоо үчүн эл ичинен байкоочуларды тартуу, уюштуруу иштери кечиктирилип жатат.

Балыкчы шаарынан Мелис Жоошбаев элдин биримдиги жөнүндө мындай оюн билдирди:

Баарыбыз биримдик дегенге туура түшүнүптүрбүз. Баары биримдик деп атышат. Азыр биримдик эле керек. Учурда кайсы талапкер утат деген маселе болуп жаткан жок, азыр кыргыз элинин келечеги кандай болот деген маселе турат. Ошондуктан биримдик дегендин мааниси чоң болуп жатат.

Белгилүү саясатчы Жыпар Жекшеев өлкөдөгү саясий күчтөрдүн биригүүсү тууралуу мындай оюн ачыктады:

Бизден башка да кыймылдар түзүлүп жатат. Бирок эң жакшы жери биригүү максаты баарында бар. Маселен, “Атажурт” чогуу, макулдашып иштейли деп атат. Бул эң чоң жеңиш. Бул элдин жеңиши.

XS
SM
MD
LG