Маалымат жыйынына Кыргызстан элдик кыймылынын төрагасынын орун басарлары Ишенгүл Болжурова, Азимбек Бекназаров, саясий кеңештин мүчөлөрү Исмаил Исаков жана Замира Сыдыкова катышты.
Алар президент Аскар Акаевдин 17-декабрдагы Коргоо кеңешиндеги билдирүүсүн кескин сынга алышып, аны кеңири масштабдагы репрессияга даярдык көрүү аракети катары баалашты.
Президент Аскар Акаев Коргоо кеңешиндеги сөзү Кыргызстан улуттук телерадиокорпорациясы аркылуу таратылган эле:
- Президенттин сөзү боюнча радикализм күрөштүн күч колдонуу түрүнө өтүшү мүмкүн. 2005-жылдагы парламенттик жана президенттик шайлоого байланыштуу өлкөдөгү саясий-коомдук кырдаал курчушу ыктымал. Ошого байланыштуу мамлекеттик органдар коомдук коопсуздукту, адам укуктарын сактоого бардык күчтү жумшоого тийиш, - деп айтылган улуттук телерадио аркылуу.
Коргоо кеңешиндеги президенттин мына ушундай сөзүнө карата кыймылдын билдирүүсүн Азимбек Бекназаров окуп берди:
- Кыргызстан элдик кыймылы толук жоопкерчилик менен Акаевдин бул божомолун негизсиз деп билдирет. Бул Кыргызстанда терроризм, диний жана саясий экстремизм менен күрөшүү ураанынын астында массалык репрессияларды жүргүзүү максатындагы жана бул багытта дүйнөлүк коомдук пикирди жаратуу үчүн уюштурулуп жаткан атайын масштабдуу чагым. Бул багытта президентке түз баш ийген атайын күч органдары аркылуу чагымдар уюштурулушу мүмкүндүгүн жокко чыгара албайбыз.
Билдирүүдө оппозициялык кыймылдарга, өкмөттүк эмес уюмдарга, атуулдарга сак болуу, чагымга алдырбай, өлкөнүн мыйзамдарын, Конституциясын сактоо чакырыгы, ал эми эл аралык коомчулукка Кыргызстандагы кырдаалды туура баалоо үндөөсү айтылган.
Бийлик тарабынан жасалып жаткан мындай аракеттердин себебин Ишенгүл Болжурова мындайча түшүндүрдү:
- 2000-жылда президенттик шайлоонун алдында да ушундай эле кыйкырык-чуу чыгарылганы эсиңиздерде бардыр. Анын биринчи максаты - элди коркутуу болгон. Куралдар табылып, баракчалар таратылган. Бул жолу да ошол кездеги иштер кайталанганы турат. Айтып коёлу, Кыргызстан элдик кыймылы мыйзам, Конституция чегинде иш жүргүзөт.
Оппозиция батыштан акча алууда деген айыптоолорго карата депутат Исмаил Исаков мындай пикирин билдирди:
- Оппозиция ушул кезге чейин акча алган жок. Алган булактарды да билбейбиз. Эгерде Акаев мырза билсе, аны бизге айтсын, карап көрөлү.
Замира Сыдыкова Кыргызстан элдик кыймылы саясий күрөштүн Грузия, Украина вариантын уюштурууга аракет кылбай тургандыгын, бирок күрөштүн андай ыкмасын кубаттаарын айтты. Ал өлкөлөрдө эл өз укуктарын тынчтык жол менен коргоого чыкты, деп эсептейт З. Сыдыкова.
Кыргызстан элдик кыймылынын лидерлеринин пикирине караганда, кыймылдын дүйшөмбү күнкү билдирүүсүн дагы бир оппозициялык ынтымак - “Атажурт” кыймылы колдоодо жана алар А. Акаевдин оппозицияны айыптаган сөзүнө карата өздөрүнүн мамилесин 22-декабрдагы уюштуруу курултайында жарыялашат.