Апта соңунда америкалык телевидениенин бир катар программалары Рамсфелддин айланасындагы талкууларга арналды. Рамсфелддин партиялаштарынын айрымдары аны Ирак согушун пландоодогу кемчиликтери үчүн сындашууда.
Сенаттын тышкы байланыштар комитетинин төрагасы Ричард Лугар Эн-Би-Си каналына берген интервьюсунда Рамсфелд кызматында кала бериш керек деген оюн ортого салды. Сенатор Чак Хагель болсо кесиптеши Жон Маккейндин пикирине кошулуп, министрге ишенбей калганын айтат.
Таасирдүү саясатчылардын бири, Сенаттын куралдуу күчтөр комитетинин төрагасы Жон Уорнер болсо:
Ушу тапта Пентагондун жетекчисин алмаштырууну көздөбөшүбүз керек. Буш коргоо министрин өзү тандагандан кийин, биз президентти колдоп, анын пикирин урматтайбыз.
Рамсфелд Ирак согушуна байланыштуу көп эле сын пикир угуп келатат. Апта соңунда дагы бир окуя ачыкка чыгып калып, министрдин оппоненттеринин чырагына май тамызгансыды. Атап айтканда, аскерий гезиттердин бири урушта курман болгон жоокерлердин үй-бүлөөлөрүнө жолдогон көңүл айтуу каттарына министр өзү кол койбогондугун жазып чыкты. Коргоо департаментинин расмий өкүлү Рамсфелд убакыт үнөмдөө максатында даяр мөөрдү пайдаланып келгенин ырастады. Мындан улам министрди таш боордук үчүн күнөөлөгөн мисалдар көбөйө баштады.
Сенатор Чак Хагель:
Министрдин каттарга өзү кол койбогону, ал канчалык кайдыгер экенин көрсөтүүдө.
Сенатор Саксби Чамблис министр текебер көрүнүшү мүмкүн, иш жүзүндө ал аскерлердин муктаждыктарын жүрөгүнө жакын кабыл алат деп, Рамсфелдди коргоду.
Демократ саясатчылар да Пентагондун жетекчисинин келечегине карата ар кандай турумда. Кээ бирлери Ак Үйдүн жалпы багыты өзгөрбөгөндөн кийин, коргоо министрин алмашгтыруунун кажети жок дешет. Маселен, сенатор Карл Левин Пентагондун башчысын алмаштыруу, администрациянын саясатын өзгөрөтүүгө алып келсе, мен аны кызматтан кетирүүнү колдойт элем деди.
Башка демократтар болсо Рамсфелдди конструктивдүү эмес саясаты үчүн сындашууда.
Ал эми Ирактын өзүндө козголоңчулардын кол салуулары тынбай жатат. Өткөн жекшемби кандуу күндөрдүн бири болуп калды. Нажаф жана Кербала шаарларындагы жардыруулардан кеминде 60 киши мерт кетти. Багдадда болсо тишине чейин куралданган 30га жакын жоочу шайлоо комиссиясынын 3 мүчөсүн машинадан сүйрөп чыгып, баштарына атып өлтүрүп салышты.
Шайлоо жакындаган сайын козголоңчулардын кол салуулары күчөйт деген чочулоолор жүйөлүү экени айкын болууда.
Буга карабай, катардагы ирактыктар шайлоого катышуу ниетин билдиришүүдө. “Шайлоо участкаларын өрттөп жиберишсе да, биз добуш беребиз”, - дейт кербалалык айдоочу Али Вайли.
Нажафтагы мечиттин молдосу Шейх Бакир ал-Кубанчи болсо чет элдик журналисттерге мындай деди:
Өзүңөр күбө болуп жатасыңар. Жардыруудан күнөөсүз аялдар, балдар мерт болду. Террористтерге кайрылып, бул бизди токтотпойт деп айткым келет. Биз шайлоону колдоо турумубуздан кайтпайбыз.