Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:16

ИРАКТАГЫ ШАЙЛООГО ДАЯРДЫКТАР


Нарын АЙЫП, Прага 30-январда Иракта өтө турган парламенттик шайлоого жети миңден ашык талапкер жана эки жүздөн ашык партия менен бирикме катышат. Талапкерлерди каттоо 15-декабрда аяктады, 20-декабрда болсо ал партиялар бюллетендерге кандай иретте жазыла турганы аныкталды.

30-январда Иракта өтө турган парламенттик шайлоого жети миңден ашык талапкер жана эки жүздөн ашык партия менен бирикме катышат. Талапкерлерди каттоо 15-декабрда аяктады, 20-декабрда болсо ал партиялар бюллетендерге кандай иретте жазыла турганы аныкталды.

Бардыгы болуп шайлоого катыша турган 256 партия жана топ катталган, алардын кээ бирлерин учурдагы президент жана премьер-министр жетектейт, кай бирлери белгилүү жана көп сандуу, айрымдары өтө чакан, ошондуктан партияларды бюллетендерге кандай иретте жазыш керек деген маселе чыкты. Кайсы бир партия биринчи орунга жазылса, шайлоочулар аны эң маанилүү экен деп, ошого добуш бериши мүмкүн. Тизме өтө узун болгондуктан, айрым шайлоочулар аны аягына чейин окубай, биринчи орундагы партиялардын талапкерлерин гана белгилеп коюшу да ыктымал.

Ошондуктан, маселени атайын комиссия карап чыгып, бюллетенге кире турган партиялар менен бирикмелерди ыраатсыз, ой келди жазуу тууралуу чечим кабыл алды жана ар бир партияга номер берилип, ал номер лотерея аркылуу тандалды. Тандоо жараянын Бириккен Улуттардын Ирактагы атайын өкүлү Ашраф Кази баштады.

Эки жүз элүүдөн ашык партиянын талапкерлери жазылган бюллетендер абдан көлөмдүү документке айланууда, андан тышкары, Ирактын түндүгүндөгү Күрдистанда автономиялык парламент дагы шайланууга тийиш, ошондуктан анын тизмелери дагы кошулгандыктан, күрддөрдүн бюллетендери башкалардыкынан да калың болот.

Иракта 18 провинция болгону менен, өлкө аймагы шайлоо чөлкөмдөрүнө бөлүнгөн жок, тизмелерге бардыгы болуп 7700 талапкердин ысмы кирди. Улуттук ассамблея деп атала турган парламентте 275 орун болгондуктан, бир орунду отузга жакын адам талашууда жана ар бир орун үчүн 36 миң адамдын добушу талап кылынат. Добуш берүү учурунда тогуз миңге жакын шайлоо түйүнү иштейт жана андан тышкары дүйнөнүн 14 мамлекетиндеги консулдуктарда дагы шайлоо өткөрүлөт.

Анткен менен шайлоого канча адам катышаары так белгисиз, өкмөттүн эсебинде, өлкөнүн 26 миллион калкынын 15 миллионго жакын адамынын добуш берүүгө укугу бар, бирок кээ бир башка маалыматтарга караганда, шайлоочулардын саны 10 менен 14 миллиондун аралыгында болот. Биринчи январга карата он сегизге чыккандардын баары шайлоого катышууга укуктуу. Добуш бергенден кийин шайлоочунун бармагына көрүнбөгөн сыя бенен белги коюлат жана ал кайрадан добуш бере албайт.

Ирак элинин 60 пайызын шийи мумсулмандары түзөт, суннилер - 20, күрддөрдүн саны - 10-15 пайыз, алар үчүн шайлоо бир кыйла жеңил - күрддөр өлкөдө аракеттенген эки негизги күрд партиясынын ортосунда тандай тургандай. Калгандар болсо жүзгө жакын ар башка тизме ортосунда тандаш керек - 256 партия жана топтон тышкары дагы 33 коалициянын тизмеси бар.

21-декабрда Багдад шаарында журналисттер менен жолукканда, Ирактын утурумдук премьер-министри Айяд Аллави шайлоого бардык жарандар катыша турганына үмүттөнгөнүн билдирди: "Шайлоого бардык жарандар катышат деп биз ишенебиз. Эгер кимде ким тизмеге кирбей калган болсо, эшик ачык жана ар бир адам бул саясий жараянга катыша алат. Биз мыйзамдык башкаруу, адам укуктарын коргоо жана конституциялык тартип орнотууга бет алдык".

Анткен менен шайлана турган парламент баары бир туруктуу болбойт, ал 2005-жылдын аягына чейин гана иштейт жана 11 айдын ичинде өлкөнүн жаңы өкмөтүн аныктап, жаңы конституция иштеп чыга турган комиссия түзүүгө тийиш жана 2005-жылдын декабрында жаңы парламенттик шайлоо өткөрүлөт.

XS
SM
MD
LG