Ошол эле мыйзамдын негизинде бул он күндүн аралыгында БШК парламент депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо округдарынын чиймесин аныктап, массалык маалымат каражаттарына жарыялоого милдеттүү.Буга байланыштуу Борбордук шайлоо комиссиясы 13-декабрдагы отурумунда шайлоо округдарынын чиймесин аныктоо тууралуу токтом кабыл алган. БШКнын мындай токтому коомчулукта бир топ нааразылык жараткандыктан талаш-тартыштуу округдарды тактоо боюнча БШК нын атайын комиссиясы түзүлгөн. Мына ошол комиссиянын жүргүзгөн ишинин жыйынтыгы БШК нын 21-декабрдагы отурумунда каралды.
Адегенде талаштуу эмес делинген областардагы шайлоо округдары такталды. Баткен, Ош обласынан башка областтарда олуттуу өзгөрүүлөр орун албагандыгы айтылды. Маселен, Ыссыккөл обласы боюнча шайлоо округдары Мыйзам чыгаруу жыйыны 2003-жылы июнь айында кабыл алган токтомдо аныкталгандай эле өзгөртүүсүз калтырылды. Нарын обласынын Акталаа шайлоо округунун борборун Акталаадан Жумгалга которуу тууралуу чечим кабыл алынды. Ошондой эле Ош обласындагы мурда Мырзаке шайлоо округуна караган Кашкажол айыл өкмөтү Каракулжа шайлоо округунун аймагына өткөрүлдү. Бул тууралуу шайлоо БШКнын бөлүм башчысы Аргынбаев Мырзабек буларды айтып берди:
-Жаңыдан өзгөртүүгө ылайык мурда Мырзакеге караган Кашкажол айыл өкмөтү Каракулжага өткөрүлдү. Ага ылайык Каракулжага Кашкажол айыл өкмөтүнө караштуу Жийде, Жаңыталап, Актилек, Тоготой айылдары өткөрүлдү. Бул айылдарда бары болуп үч жарым миңден ашуун шайлоочу бар. -деди Мырзабек Аргынбаев.
Баткен обласындагы шайлоо округдарын тактоодо кызуу талаш-тартыш орун алды. Отурумда сөз сүйлөшкөн БШКнын жана жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү «Мыйзам чыгаруу жыйыны 2003-жылдын июнь айында шайлоо округдарын аныктаган учурда Баткен обласы боюнча шайлоо округдары анклав болуп, туура эмес чийлип калгандыгына токтолушуп, кетирилген кемчиликтерди оңдоону сунушташты. Натыйжада, Баткен обласы боюнча эки түрдүү сунуш түштү. Борбордук шайлоо комиссиясынын айрым мүчөлөрү аталган областагы округдарды БШКнын 13-декабрдагы отурумунда аныкталган чийме боюнча калтырууну айтышты. Ал эми Баткен обласынын губернатору жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү шайлоо округдарын башкача өзгөртүүнү сунуштады. Добуш берүүгө келгенде эки түрдүү сунушка тең БШКнын алты алтыдан мүчөсү добуш беришип, маселе такталбай калды. Натыйжада БШКнын төрагасы Сулайман Иманбаевдин сунушу менен Баткен областынан башка областардагы шайлоо округдарынын тизмеси такталып бүткөндүктөн аларды массалык маалымат каражаттарына жарыялоо ал эми Баткен обласындагы шайлоо округдарын БШК нын кийинки отурумдарында тактоо тууралуу токтом кабыл алды.