Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:56

АКШ АРМИЯСЫ МОСУЛДАГЫ ЖАРДЫРУУНУ ИЛИКТӨӨДӨ


АКШ армиясы Ирактын Мосул шаарындагы шейшемби күнкү жардыруунун чоо-жайын иликтөөдө. Кеминде 22 адамдын, анын ичинде 18 америкалыктын өмүрүн алган бул кол салуу - АКШ армиясы үчүн эң кандуу окуялардын бири болду. Президент Жорж Буш каза тапкан жоокерлердин үй-бүлөлөрүнө көңүл айтып, Иракта эркиндик үчүн күрөш токтобосун билдирди.

Жарылуу АКШ армиясынын Ирактын түндүгүндөгү Мосул шаарынын аба майданында жайгаштырылган базасында болду. Базанын чатырдан курулган ашканасында жүздөгөн жоокерлер түшкү тамакка чогулган кез эле.

Бул кандуу окуяга күбө болгон америкалык журналист Жереми Редмон NBC телеканалындагы маегинде буларды баяндады:

- Катуу жарылуу имаратты туташ силкилдетти. Мен 50 метрче аралыкта элем. Чатырдын төбөсүнө өтө чоң жалын уюлгуп кетти. Анда жүздөгөн жоокерлер түштөнүп жаткан. Жарылуу жана жалын болгондон кийин көптөгөн аскерлер чатырдын сыртына чуркап чыгышты. Мен жаракат алгандарды көрө баштадым. Жоокерлер бат эле тамак ичүүчү столдорун тескерисинен оодарышып, алардын үстүнө жаракат алгандарды жаткырууга киришти. Дендароо тартып калган адамдар да болду. Полдун баары, азык-түлүктөр, тамак ташуучу идиштер канга бойолуп калды. Ал эми чатырдын төбөсүндө чоң тешик жаралган.

Жарылуу эмнеден чыкканы: бомба жардырылганбы же ракета, минемот атылганбы, так белгисиз. Бирок Ирактагы согушкерлердин бул жардыруу үчүн жоопкерчилик алган "Ансар ас–Сунна" тобу ал жанкечтинин иши экенин маалымдады.

Америкалык командачылык учурда кырсыктын чоо-жайын иликтеп жатат. Аскерий өкүлдөрдүн айтымында, окуянын себебин аныктоого бир нече күн кетиши мүмкүн. Андан каза тапкан 22 адамдын 14ү америкалык, 4сү ирактык жоокерлер, 4сү келишим менен иштеген америкалыктар.

Алардан тышкары 70тен ашуун киши, анын ичинде АКШнын 42 жоокери да жаракат алды.

Президент Жорж Буш курман болгон жана жаракат алган жоокерлердин үй-бүлөлөрүнө көңүл айтып, акыр-аягында Иракта демократия үстөмдүк кылаарына ишеним билдирди:

- Мен Иракта демократия үстөмдүк кылат деп ишенем. Эркин Ирак тынчыраак дүйнөгө алып барарын билем. Андыктан биз бул жерде өтө маанилүү ишке тартылгандардын баары үчүн Кудайдын жакшылыгын сурайбыз.


Мосулдун бийликтери америкалык базага кол салынгандан кийин шаарда коменданттык саат киргизди.

Британдык "Financial Times" гезитинин жазганына караганда, Мосулдагы аскердик базага жасалган кол салуу, анын убактысы жана тактыгы козголоңчулардын мүмкүнчүлүгүндөгү жаңы деңгээлди ишара кылууда. Аскерий базалар ракетадан же минемоттон такай эле атылып келген, бирок көпчүлүгүндө бутага алууда туура эместиктер болгондуктан мындай из калтырган эмес.

Америкалык "Washington Post" гезити болсо бул окуяга арналган макаласында, азыркы кол салуу мурдагылардан ал жоокерлерди ташыган учактарга эмес, тикелей аскерий базага жасалганы менен айрымаланарын белгиледи.

"Washington Post" жазгандай, бул айырмачылыкты козголоңчулардын жөндөмдүүлүгү өскөнүн жана кол салуу туура чалгын маалыматына негизделип ишке ашырылганын белгиси катары караса болчудай.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG