Апта соңундагы кыргыз гезиттеринде акыйкатта да бийликтин бир колдон экинчисине кандай өтүшү тууралуу ой жоруулар арбын. Бейшемби күнкү «Трибуна» гезити «Украинадагы окуялар Кыргызстанда кайталанабы?» деген суроо коюп Р.Жанбалаевдин аналитикалык макаласын жарыялады. Автордун ырасташынча, Украинадагы окуялардын Кыргызстанда кайталанышы мүмкүн эмес. Болсо миңге жетип-жетпеген кишилер чогулуп пикет өткөрүп, жыйын курушу ыктымал. Кооптонткон жагдай, бийлик менен анын каршылаштары өчөшүп атып «түндүк-түштүк» туусун көтөрүп чыгып оюндан от чыгарышпаса болгону.
Кыргызстан президенти оппозиция чет элдик балит саясий ыкмаларды колдонуп, бийликке кандай да болсо жетүүнүн амалын жасап жатканын айтып, эмитен эле чочулап алганы Аркадий Дубновдун «Аскар Акаев эми контрреволюция кезегине келип турду» деген макаласында баяндалат. Бийликке умтулгандардын көпчүлүгү учурунда А.Акаев менен чогуу иштешкендер. Айласы кеткен бийлик экс-элчилерди шайлоого катыштырбаштын аракетин жасоого өттү, деп белгилейт Аркадий Дубнов.
Бийлик ушу тапта шаарда убактылуу жашап тургандарды түгөлү менен күнүмдүк каттоого тургузуп, парламент шайлоого шашылыш камылга көрүп жатканы Рина Приживойттун макаласында козголот. «МСН» гезитинин жума күнкү санында жарыяланып аткан макаласында Р. Приживойт бийлик эмитен эле чочулап атканы тууралуу кеп кылат.
Антип эмитен эле жогорто отургандардын үрөйү учуп атышынын жөн-жайы ушул эле гезиттеги Роза Отунбаеванын маегинде чечмеленген. Анын ырасташынча, президент баштаган реформасын аягына чыгарсын деп А.Акаевге кыйла жыл иштөөгө мүмкүнчүлүк берген аткаминерлер анын таптакыр өзгөртүп алганын байкабай калышкан.
«МСН» гезитинде белгилүү ырчы Сагынбек Момбековдун маеги да жарыяланган. Ал «Элди кантип ойгото алабыз?» деп аталат. Журналист Геннадий Кузьмин президент А.Акаевдин китепканасына делинген оголе чоң кымбатбаа үйдүн жанына жаңылары салына тургандыгы тууралуу баяндайт.
«АКШнын акчасы таттуу, сөзү ачуу болобу?» деп суроо коет жума күнкү «Аалам» гезити. Өкмөт гезиттери жабылып АКШ элчиси Стивен Янгды ачуу сынга алышууда. Элчи мырза шайлоонун ачык, калыс өтүшү үчүн бармакка боек сүртүү жөрөлгөсүн сунуш кылган. Гезитте Кенжебек Арыкбаевдин Кыргызстандагы сөз эркиндигинин абалын талдоого алган макаласы да жарыяланууда. Ага улай «Ааламда» өтүп бараткан жылда депутаттар эмне иш жасашканы, жылдын мыкты адамдары тууралуу маалымдамага да орун берилген.
Кыргызстандын энергиячылары 70 жылдык мааракесин салтанаттуу белгилешкенин бейшембидеги «Слово Кыргызстана» гезити маалымдады. Бу мезгил аралыгында Кыргызстан 15 миллиард килоВат саат электр энергиясын өндүрдү. Өлкөдө 18 электр станциялары иштейт. Аларда жыл бою 12 миллиард ашуун килоВат саат электр энергиясы өндүрүлөт.
«Агым» гезитинин апта соңундагы санында парламенттин Мыйзам чыгаруу жыйыны автоиснпекция кызматкерлери айнегин караңгылатып алган айдоочулардан айыппул алышы керекпи же жокпу суроосун талашып кыйла убакты-саатын короткону тууралуу макала жарыяланууда. Сөздү гезиттин жооптуу катчысы Гүласыйна Каленова улайт.
- Мамлекеттик мүлк фондунун төрагасы Равшан Жээнбековдун, Улуттук банк төрагасы Улан Сарбановдун маеги жарыяланууда. «Азаттык» радиосунун Америкадагы сырлары менен Венера Сагындык кызы бөлүшөт.
Кеп кезеги «Бишкек таймс» гезитинин башкы редактор орунбасары Эмилбек Момуновдо:
- Гезитте Эл өкүлдөр жыйынынын сессиясынын 2-этабынын жыйынтыкталышы жөнүндө макалага орун берилди. «Кыргыз тили –мейман, орус тили – кожоюнбу?» деген макалада көйгөйлүү маселелер козголгон. Ошондой эле Айгүл гүлүн коргоо, өстүрүү жөнүндө баяндаган материалдар жарыяланууда.
«Кыргыз руху» гезитинде жарыяланып аткан материалдар тууралуу башкы редактор орунбасары Тенти Орокчиев айтып бермекчи:
- «Жоогазындар жазда гүлдөшөт». Мына жакында эки шайлоо келатат. Мына ушул шайлоо тууралуу журналисттин ой жүгүртүүсүнө орун берилди. «Бүгүн эрте, эртең кеч» деген дагы бир саясий макала жарыяланып атат. Борборшайлооком төрагасы Сулайман Иманбаевдин «Парламентке профессионалдар керек» деген макаласы чыгууда.