Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:54

ДИНИЙ ЖАНА САЯСИЙ ТЕРРОР ШАЙЛОО АЛДЫНДА КҮЧӨЙБҮ?


Өлкөнүн коопсуздук Кеңешинде президент Аскар Акаев «парламентик жана президенттик шайлоодо коомдук-саясий кырдаал курчуп, диний экстремизмдин эл аралык террорчулар менен биригип кетүү коркунучу бар» деп айткандай, абалдын олуттуу өзгөрүүсүнө оппозициялык партиялар таасир эте алабы? Бийлик сындагандай, оппозициялык партиялардын өкүлдөрү тыш жактан каржыланабы? Диний экстремистттик уюм деп саналган «Хизб-ут-тахрир» партиясынын эл аралык террорчулар менен байланышы канчалык ?

Жалалабат облусунда диний экстремисттик уюмдар үгүт иштерин жумушсуз жана жакыр адамдар менен мектеп жашындагы балдар арасында жүргүзөөрү коомчулуккка белгилүү:

- Бизде эл аралык терроризм, диний экстремизм проблемасы болууда - облустук улуттук коопсуздук ,башкармасынын начальниги Марат Иманкуловдун ушундай белгилөөсү боюнча эл аралык терроризм менен «Хизб-ут-тахрир» партиясына каршы күрөшүү – башкы маселе бойдон турат. Президент А.Акаевдин экстремисттик уюмдар эл аралык террорчулар менен биригип кетүү коркунунучун эскертүүсүнө «Хизб-ут-тахрир» партиясынын обулустагы өкүлдөрү кошула беришпейт. Жашыруун уюмдун мүчөсү Абдракман Жолчиевдин пикири боюнча бул партиянын террорчулук акцияларды жасаган «Аль-каида» жана Өзбекстандын Ислам кыймылы менен байланышы жок:

- «Хизб-ут Тахрирдин» эч кандай «Аль Каида» жана «ИДУ» партиясы менен байланышы жок. Ал ар дайым саясий нерсе менен иштейт. Өзбекстан жана Орусиянын президенттери «биз кошунабыз, бири-бирибизди колдошубуз керек» деп басмырлык кылып Кыргызстанга өзүнүн саясатын өткөрүп атат - деди ал тууралуу Абдракман Жолчиев.

Бийлик башчыларынын оппозициялык саясий уюмдардын парламенттик жана президенттик шайлоодо тыш өлкөлөрдүн жардамы менен өлкөдөгү коомдук-саясий абалды курчутуп ийүүсү ыктымал деген билдирүүлөрү да чындыкка жакындабайт. «Жаңы Кыргызстан» партиясынын Жалалабаттагы өкүлдөрүндө тыштан жардам алуу ниети да жок. Тескерисинче, «Алга, Кыргызстан!» өңдүү бийликчил партиялардын жергиликтүү лидерлери жакшы айлык, кабинет, унаакаражат, ишкана менен камсыз болгон. Мындай ойду «Жаңы Кыргызстандын» Жалалабаттагы төрагасы Ашым Чатаев билдирди:

- Биринчиден, чет өлкөдөн акча келген болсо мага кеңири эле берет эле. Экинчиден, ошол айтып аткан «Алга, Кыргызстандын» канчадан акча алып атканын мен бүгүнкү күндө билем. Төрт миңден кем албайбыз, кабинеттеринде компьютерлер коюлган, бүт шарт түзүлгөн, эки жака чыгабыз десе траспорт бар деп мактанып айтып жүргөндөрүн мен көрүп эле жүрөм - дейт, Ашым Чатаев өз партиясы мыйзам алкагында аракеттенээрин кошумчалап.

Обулустун бийлик өкүлдөрүндө алдыдагы шайлоолор тынч өтөт деген ишеним бар. Алардын көз карашы боюнча ошо тынч өтөөр шайлоо жараяндарына айрым оппозициячыл партиялар атайлап кысым жасоодо:

- Азыркы мезгилдеги жүрүп жаткан айрым саясий көрүнүштөр, бул оппозициялык топтордун, күчтөрдүн атайылап шайлоону адилеттүү өткөрбөөнүн аракети. Анкени, кандайдыр кысым жасоо аркылуу өздөрүнүн мүдөөсүн ишке ашырганга аракет кылып жатышат. Ал эми негизинен азыркы мамлекеттин жүргүзүп жаткан саясаты, тилеги шайлоолордун адилет өтүүсүн камсыз кылуу - Обулустун губернаторунун маалымат катчысы Орозалы Карасартов ушундай деди.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG