Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:47

ӨЗ ӨМҮРҮН КЫЙЫП, ӨЗГӨЛӨРДҮ САКТАП КАЛДЫ…


Кубанычбек Жолдошев, Ош Бүгүн ушул жылдын 19-ноябрынан жыйырмасына караган түнү кылмыштуу топту куралсыздандыруу учурунда курман болгон милиция кызматкери Нурлан Сайдиевдин кыркылыгы белгиленди. Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын алдында эскерүү митинги уюштурулуп, Нурландын арбагына багышталып эскерүү аземи өткөрүлдү.

Кызматтык милдетин аткаруу учурунда баатырларча курман болгон Нурлан Сайдиевди эскерүү митингисине ички иштер башкармалыгынын өздүк курамы, жергиликтүү мамлекеттик бийлик адамдары жана башка коомчулуктун өкүлдөрү катышты. Митингде чыгып сүйлөгөндөрдүн көпчүлүгү кылмыштуу топтун бетин ачуудагы Нурландын аракетин башка милиция кызматкерине үлгү боло турган эрдик катары баалашты. Митингдин жүрүшүндө шаардык ички иштер башкармалыгынын алдына Нурлан Сайдиевдин аты жазылган эстелик такта орнотулду. Эстелик тактаны коюу аземин Ош гарнизонунун аскер оркестри коштоп турду.

Милициянын кенже лейтенанты Нурлан Сайдиев Карасуу районуна караштуу Төлөйкөн айылында туулган. 26 жашында кара ниет кылмышкердин жардыруусунан набыт болгон Нурландын артында эки жашаар кызы Айдай, төрт айлык уулу Айдар калды. Нурлан Сайдиевдин айылдаштары анын аракеттерин сыймыктануу менен, улуу эрдиктин үлгүсү катары баалаша тургандыктарын билдиришти:

- Кайгырганыбыз менен бирге сыймыктануучу жери бар. Эгерде бул терракты коё берген учурда эртеси күнкү стадиондо болуучу чогулуштабы, же башка жердеби, көп жерди жок кылат эле. Биздин да балдарыбыз Дүйшөнкулдун, Чолпонбайдын жолун жолдоп, ушул душманды жок кылуу менен бирге өзү да жок болуп калды - дейт Төлөйкөн айылынын тургуну Кожобек Раев.

Эске сала кетүүчү жагдай буга чейин Нурлан Сайдиевдин аты өз айылындагы көчөгө ыйгарылган. Мындан сырткары ага Эл баатыры наамын ыйгаруу жөнүндө Ош шаардык жана улуттук ички иштер башкармалыктарынын өздүк курамынын сунуш каты өкмөттүн кароосуна жөнөтүлгөн. Ош мамлекеттик универститеттин профессору Абдыкерим Исаевдин айтымында, Нурландын үй-бүлөсүнө мамлекет тарабынан жардам көрсөтүү, үй алып берүү жөнүндө айрым жетекчилер тарабынан убадалар айтылып, бирок алигиче ишке ашпай келет:

- Бул терракт дегендерди башка бир жерлерден угуп турсак, мына бүгүнкү күндө анын биринчи курмандыгына күбө болуп отурабыз, ал Нурлан болду. Мындай коркунучтардан, террактардан бизди ким сактайт, албетте милиция кызматкерлери. Ушул милиция кызматкерлери өздөрүнүн өмүрүн кыюуга даяр экендигин далилдеп жатышат. Бирок алардын артында балдар калып жатпайбы. Мындай абал дале курчуй берет. Эгерде мамлекетибиз мекенди сактай ала турган милиция кызматкерелринин артында калган балдарына, үй-бүлөсүнө жетишээрлик деңгээлде бааланбаса, анда ар бир эле милиция кызматкерлери өзүнүн өмүрүн кыюуга барабы? Менин оюмча бул суроо коюла турган маселе - дейт Абдыкерим Исаев.

Ал эми Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысы Полот Төлөнов ноябрдын он тогузунан жыйырмасына караган түнү болуп өткөн кандуу окуяга тиешеси бар деп шектелип жаткан кылмыштуу топту кармоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштерде бир катар жылыштар болуп жаткандыгын кабарлады:

- Ушул кырк күндүн ичинде биз сегиз адамды кармап, жоопкерчилике тартып атабыз. Алардан граната, пистолет жана бөлөк курал-жарактарды алып чыктык - дейт шаардын баш милициясы Полот Төлөнов.

XS
SM
MD
LG