Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:49

КЫРГЫЗ-КАЗАК БИР ТУУГАН, БИРОК, ЧЕК АРАНЫ КИМ КУРГАН?


Машакбай Рахманкулов, Талас Талас облусунун Карабуура районунда Кыргызстан менен Казакстандын ортосунда чек ара проблемалары курчуй баштады.

Эки өлкө ортосунда чек ара проблемасы бар экендигин Карабуура районундагы Көксай айыл өкмөтүнө караштуу Кайнар айылынын башчысы Айткул Тайлаков облустук сессияда көтөрүп чыкты:

- Өткөндө эки атуулубузду кой жайы менен алып кетип, бир суткадан кийин араң Суусамырдан өткөрүп беришти. Башка да толгон-токой фактылар бар, облустук прокуратурага чейин айтылган, иштер чечилбей калган. Малын алып кетти деген четинен эле чыгып атат. Күзүндө ардактуу аттуу-баштуу агабыздын, ошондой эле кошуна райондун акиминин орун басарынын, токой чабасынын башкармасынын атын алып кетишип, араң дегенде артынан барып ордуна бир кой, бир эчки берип атып атын кайрып берди. Бул маселе ушул бойдон кете бере турган болсо чоң жаңжал чыгып кетиши мүмкүн.

Кыргыз-казак чек арасында талаштуу аймактар бар экендиги мындан эки жыл мурда эле чек араларды тактоо маалында келип чыккан. Бирок маселе ушул мезгилге чейин чечиле элек. Эми минтип казак тарап чек ара тилкелерин кура баштаганда, кыргызстандыктардын малын адамдар менен кошо алып кетүү көбөйө баштаган. Бир кезде Кыргызстанга тиешелүү Майдантал жайлоосу боюнча да маселе чырлуу. Бул тууралуу облКеңштин депутаты Айткул Тайлаков мындай дейт:

- Майдантал ата-бабабыздан бери келаткан биздин жайлообуз. Ал жерде ата-бабаларыбыздын бейиттери калды. Жылга аттуу-баштуу адамдар, аксакалдар барып куран окуп келип жүрчү эле. Быйыл таптакыр чек арачылар өткөрбөй койду.

Бул жайыт маселесинде пайда болуп жаткан чыр-чатактар. Мындан тышкары казак тарап кыргыз жерине 1700 гектарга шынаа болуп кирип кеткен аянттын талашы улам ырбап баратат. Бул боюнча Айткул Тайлаковдун пикири:

- Эч чектелбеген жөн эле шынаа болуп кирип кеткен 1700 гектар жер бар. Анын үстүндө өзүбүздүн айыл өкмөткө өтүш үчүн казактын жери аркылуу өтүүгө туура келип атат. Азыр казак чек арачылары ичине кирип алып, кирген эле атуулдарыбызды алып кетип атышат.

Чек ара маселеси мындан эки жыл мурда канчалык деңгээлде чечилгендигин сурап, Карабуура районунун ошол мезгилдеги администрация башчысы Анарбек Осмоналиевге кайрылганыбызда, ал буларды айтты:

- Бул өтө оор маселе. Бизде Чүйдүн боорундагы жерлерде көп чатактар бар экен. Бул республикадагы чоң масштабдагы маселе. Мен иштеп турганда ошол жердин шери келген, андан кийнкисин айта албайм.

Эки жылдан бери элди түйшөлтүп келаткан чек ара маселеси али чечиле элек. Эл депутатарынын Талас облустук Кеңеши бул маселе боюнча тийиштүү токтом кабыл алып, аны Жогорку Кеңешке, кыргыз өкмөтүнө

XS
SM
MD
LG