Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:12

Түштүк Азияда акыркы 40 жылдагы кубаттуу жер титирөө болду


Амирбек Усманов, Прага Инди океанында жекшемби күнү катуу жер титрөө болду. Зилзаладан пайда болгон деңиздин үйдөй бийик толкундары Шри Ланка, Индонезия, Индия, Малайзия жана Тайланддын жээгине келип урунду. Жер титрөөнүн очогу- Индонезиянын Суматра аралында анын күчү 8, 9 балга жетти. Акыркы 40 жылдагы эң кубаттуу зилзалада набыт болгон адамдардын саны 3 миңден ашып кеткени маалымдалууда. Түштүк Азияда куткаруу иштери кызуу жүрүүдө.

Соңку келген маалыматтар боюнча, алаамат кырсыкта набыт болгондордун саны 3 миңден ашып кетти. Адистердин билдиришинче, жер титрөөнүн очогу Индонезиянын борбору Жакартадан 1 600 чакырым чыгышта, 40 чакырымдай деңиз тереңинен орун алды.
Индиянын Бубанешуардагы метерологиялык борборунун башчысы Саху мырза мухитте түрмөктөлгөн бийик толкундарды пайда кылган удаа-удаа болгон жер силкинүүнү мындай мүнөздөдү:


-Бул аябай катуу жер титирөө болду. Рихтердин ченөлчөмү менен эсептегенде, анын кубаты 8 балга барабар болуп, Түндүк кеңдикте 3, 7 градуска жана Чыгышта узундукта 95 градуска жетти. Анын очогу Суматранын жанына туура келет. Зилзаланын күчү биздин Ориссада да байкалды.

Кошмо Штаттардын геологиялык кызматы адеп жер булкуп алганда, анын кубаты 8, 9 балга жеткенин жана бул акыркы 40 жылдагы өтө кубатуу зилзала болгонун билдирди. 1964-жылы Аляскада болгон жер титрөөнүн кубаты Рихтердин ченөлчөмү боюнча 9, 2 балга жеткен. Андан мурда 1900-жылы да Түштүк Азияда азыркыдай күчтүү жер тербетүү катталган.

Деңиздин тереңинен түртүп чыккан табыйгаттын ээсиз энергиясы Түштүк Азиянын
жээктеринде дөңдөй дүпүйгөн кара толкундарды жаратып, балык уулаган балыкчылырды, беймарал эс алып жүргөн туристердин тынчын алып, миңдеген тамдарды жууп кетти.
Шри Ланкада толкунда агып каза тапкан жарандардын саны 1, 5 миңден ашып кеткени ырасмий маалымдалды. Жабыркаган адамдардын саны жарым миллиондон көп.Өлкө байтакты Коломбону каптаган тилсиз жоону шаар тургуну Олуин Перьера мындайча сүрөттөйт:

–Менин уулдарым деңиз кантип көтөрүлүп келатканын көрүшкөн экен. Алардын айтышынча, бийиктиги 6 фитке барабар толкун буркан-шаркан түшпөй, тынч жылып келип, жолундагы нерселердин баарын жалмап кеткен. Кирген суунун деңгээли азыркыдан 6 фитке бийик болгон.

Алты фит 1 метр 83 сантиметрге барабар болот.

Шри Ланкага коңшулаш Индиянын жээктерине да албуутанган толкун-цунами келип урду. Индиянын ички иштер министрлиги өлкө түштүгүндө цунмиден кеминде 1 миң киши набыт болгонун билдирди.

Жер титирөөнүн очогу Суматра аралынын түндүк тарабындагы Асех провинциясында да жагдай татаал. Жер солкулдаганда пайда болгон толкундар ондогон тамдарды кыйратып кетти. Индонезиянын маалымат булактары провинцияда 500дөй адамдын өмүрү кыйылганын кабарлады.

Малайзияда да өлүм-житим бар. Цунами Тайланддын түштүгүндө атактуу курортук жайларды да тополоңго салып, 120 адамдын өмүрүн алды. Жер титирөө пайда кылган тилсиз толкун Сингапурга, Тайланддын түндүк бөлүгүнө жана Бангладешке да олуттуу зыян келтиргени маалымдалууда.
Малдив мамлекетинин борбору Маленин аянтынын теңинен көбү суу астында калды.

XS
SM
MD
LG