Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:21

ШАЙЛОО САЯСИЙ ПАРТИЯЛАРГА УПАЙ ТОПТОП БЕРЕ АЛАБЫ?


Ишемби күнү Кыргызстандын аймагында сегиз саясий партия өз жыйындарында парламенттик шайлоого талапкерлерин расмий көрсөтүштү. Айрымдары жаңы жылдан кийин өткөрүүнү көздөп жатышат. Бирок, кыйла партиялар саясий уюмдун атынан талапкер көрсөтүү эч кандай саясий упай алып бербейт дешет.

Мурдагыдан айырмаланып, бул жолку парламенттик шайлоодо саясий партияларга артыкчылык берилген жок. Пропорционалдык-можаритардык системанын алынып салынышын Баш мыйзамдын жаңы редакциясын жазгандардын катачылыгы катары санаган бир катар лидерлер мындай кадам партиялык курулуштун кендирин кесип атат дешет. Ошол жөндөн кыйлалары келаткан парламенттик шайлоого партиянын атынан эмес, өз алдынча барууну көздөшүүдө. Ага жараша курултай, конференция өткөрүүдөн да баш тартып жатышат. Алардын бири «Менин өлкөм». Партиянын координаторлорунун бири Галина Куликова:

-Бизде координациялык кеңештин жыйыны өтүп, анын чечимине ылайык биздин партиянын мүчөлөрү шайлоого өздөрүнүн аттарынан бара турган болуштү, - дейт.

«Социалисттик Атамекен», «Арнамыс» партиялары да ушундай позицияда. «Элмурас» партиясы шайлоодо партиянын атын чакыруудан кылчактап тургандардын бири. Лидерлеринин айтымында, жыйындарды өткөрүү үчүн чоң каражат керек. Ал эми Кыргызстандагы партиялардын басымдуу бөлүгүндө каражат да, мыйзамдык колдоо да жок. Алар саясий партияларды кризиске кирептер кылбаш үчүн алар келерки парламентке чейин партиялык тизмени калыбына келтирүү зарыл дешет. Ушундай эле көз карашын ишемби күнү Ош шаарында конференция өткөргөн «Элет» партиясынын лидери Накен Касиев да билдирди:

- Демократиялык өлкөдө биринчи этапта булуң-булуң, бурч-бурч, клан-клан болуп бөлүнбөй, саясатчылар партиянын тегеретесинде биригиши керек. Менимче, партиялык тизме менен өткөн шайлоо туура болгон. Тилекке каршы, азыр тескерисинче болуп калды, Бирок, менимче, келечекте партиялык тизме менен шайлоо жүрөт деген оюм бар.

Өз талапкерлерин парламенттик шайлоого бул күнү «Элеттен» тышкары Бишкекте «Социал-демократтар» партиясы жана Кыргызстан элдик кыймылына кирген «Асаба», «Эрк», Коммунисттер, «Жаңы Кыргызстан», Кыргызстан демократиялык кыймылы» партиялары да курултай чакырып, көрсөтүштү. Ушул эле күнү Кыргызстан элдик кыймылына мүчө партиялар өз алдынча блок түзүп жатышканын кабарлады. Бул партиялар алдыдагы парламенттик шайлоодо канчалык упай топтой алат, азыр болжоо кыйын, бирок, айрым талдоочулар муну оппозициялык маанайдагы партиялардын биригүүгө жасалган кадамы катары баалашууда. Элдик кыймылдын лидери Курманбек Бакиев жакынкы келечекте кыймылдагы партиялардын биригишин жокко чыгарбайт:

- Партиялардын саны азайып, мүмкүн кыймылга кирген партиялар өз ара сүлөшүп, айтат: элдин башын айландырбай, бир партияга токтойлу, жалпы саны мындай болсун деп. Мүмкүн ошол мезгил келгенде мыйзам кабыл алынып калар.

Ал эми «Эл» партиясын жоюп, социал-демократиялык партияга кошулган саясатчы Мелис Эшимкановдун айтымында партиялардын биригүү процесси башталды дейт:

- Кыргызстанда партиялардын биригүү процесси башталды деп эсептейм.
Анткени, 40тан ашык партиянын болушу бир жагынан күлкү келтирерлик, экинчи жагынан логикага туура келбейт. Өтө эле көп деп эсептейм. «Алга, Кыргызстан» деле жакында беш партиянын башын жутпадыбы. Анан бара-бара калган партиялар деле биригип, бир-эки жылда менимче, мыйзам ченемдүү төрт-беш эле партия калышы керек.

Ал эми президент Аскар Акаевдин 25-декабрда түз эфирде белгилегенине караганда кызы Бермет Акаева жаңы саясий партия түзүүнү максат кылууда:

- Ал катарына жаңы муун, жаш ишкерлер, биздин өлкөдөгү реформанын учурунда окуп, тарбия алган мамлекеттик кызматчылар кирген жаңы партия түзүүнү каалайт. Ага бул жагып аткандан кийин биз колдойбуз.

Ушундай жагдайларды талдаган байкоочулар оппозициялык жана өкмөтчүл маанайдагы саясий партиялардын эки топко биригишин көздөй кадам ушул парламенттик шайлоо учурунда чындап жасалышы ыктымал деп болжошууда. Буга чейин беш партия биригип, «Алга, Кыргызстан» партиясын түзгөн болчу. Бул партиянын парламенттик шайлоого байланышкан курултайы «Адилет», «Жаңы күч» өндүү өкмөтчүл партиялардын катарында январдын башында өткөргөнү жатат.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG