Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:39

УКРАИНАЛЫКТАР ПРЕЗИДЕНТТИК ШАЙЛООДО ҮЧҮНЧҮ ЖОЛУ ДОБУШ БЕРДИ


Украиналыктар бүгүн президенттик шайлоодо үчүнчү ирээт добуш беришти. Анын алгачкы жыйынтыктары дүйшөмбү күнү таң эрте маалым болмокчу.

Бул жолку президенттик шайлоо Украинанын эң айгышкан жана узакка созулган саясий кампаниясы боло тургансып калды. Калктын үч ирээт добуш берип жатышы эле муну ырастап турат. Өлкөнүн кызмат мөөнөтү аяктап жаткан президенти Леонид Кучма жекшембиде добуш берген соң ушуну менен шайлоо жыйынтыкталат деген үмүттө экенин билдирди:

-Мен бул шайлоонун акыркы айлампасы болсо экен деген үмүттө чокундум жана ушундай болоруна ишенем. Менимче жеңилгени атаандашын куттукташы керек жана муну менен узакка созулган шайлоо жараянын жыйынтыкталат. Көпчүлүк өлкөлөрдө, өзгөчө азыркы бир катар шарттары менен Украинада мындай узакка созулган шайлоо кампаниясына чыдоо мүмкүн эмес эле.

Украинанын 48 миллион калкынын 37 миллиону добуш берүүгө укуктуу. Азыркыга чейинки эки ирээт добуш берүүдө шайлоочулар активдүүлүгүн көргөзүп, 70%дан ашууну катышкан. Шайлоонун мындан мурунку айлампасына 5 миңдей чет элдик байкоочу келсе, бул жолу алардын саны 12 миңдей. ЕККУ уюмунун байкоочуларынын бири Сандра Гейл шайлоо бекеттери ачылган кезде кабарчыларга буларды айтты:

-Жакшы өтүүдө. Биз эч кандай мыйзам бузууну көргөн жокпуз. Баары планга ылайык жүрүүдө. Биз буга кубанычтабыз. Баары шайлоодон улам толкунданган.

Оппозиция лидери Виктор Ющенко болсо бүгүн добуш бергенден кийинки сөзүндө, жеңишке жетээрине 100% ишеничте экенин белгилеп, шайлоонун азыркы айлампасын сыймыктана турган учур катары баалады:

-Эң башкысы эл жеңди. Бул - чоң кубаныч. Мен бүгүн шайлоого келе жатым миллондогон украиналыктар ал бүгүнкүдөй болуусун эңсегенин ойлодум. Акыркы 30 күндө орун алган нерселер- биздин чоң ата, чоң энелерибиздин максаты. Алар бизди бүгүн көктөн карап, ишибизди кубаттап жатканына ишенем.

Виктор Ющенконун атаандашы Виктор Янукович жекшембидеги шайлоо украиналыктар үчүн тарыхый учур экенин айтты.

-Мен Украинанын эли туура тандоо жасайт деп күтөм. Украинанын жана украин элинин келечеги үчүн добуш бердим.

Президенттик шайлоонун 31- октябрда өткөн алгачкы айлампасына 20дай талапкер катышкан болчу. Алардын ичинен оппозиция лидери Виктор Ющенко менен премьер- министр Виктор Янукович 21-ноябрда өткөн экинчи айлампада беттешкен эле. Шайлоонун экинчи айлампасы оппозициянын массалык нааразалык акциялары менен коштолгону белгилүү. Анда өлкөнүн Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоонун жеңүүчүсү катары премьер-министр Виктор Януковичти жарыялаган. Бирок украин оппозициясы, аны менен катар Батыш өлкөлөрү шайлоонун жыйынтыгын тааныган эмес. Оппозиция лидери Виктор Ющенконун добуш берүүнүн жыйынтыгы бурмаланды деп эсептеген миңдеген жактоочулары бир нече күн боюу Киевдин Көз карандысыздык аянтынан кетпей турушту. Алар президент администрациясын, өкмөттүн кеңселерин да камоолго алышкан. Акыр аягында Украинанын Жогорку Соту шайлоо мыйзам бузуулар менен коштолгондуктан анын экинчи айлампасын жыйынтыгын жараксыз деп тапкан эле. Ушундан кийин кайталап добуш берүү 26- декабрга белгиленип олтурат. Бул аралыкта Украина болочок президенттин ыйгарым укуктарынын айрымдарын парламенттке өткөрүп берүүнү караган конституциялык реформаларга да барды. Борбордук шайлоо комиссиясынын курамы жаңыланып, башчысы алмаштырылды. Ага катар парламент Виктор Ющенконун командасынын сунушу менен президенттик шайлоо боюнча мыйзамга да айрым өзгөртүүлөрдү киргизген. Ал өзгөртүүлөргө ылайык шайлоо бекеттеринен башка жерлерде добуш берүүгө тыюу салынмак. Бирок Украинанын Конституциялык соту добуш берүүнүн жуп алдында мындай өзгөртүүнү жокко чыгарды. Жогорудагыдай кадам атуулдардын укугун чектейт деп эсептеген Конституциялык соттун чечимине ылайык, майыптар жана саламаттыгына байланыштуу шайлоо бекеттерине бара албаган атуулдар күн мурунтан арыз берип, ооруканада же үйүндө добуш бере алышат. Байкоочулар мындай чечимди премьер- министр Виктор Януковичтин шайлоо алдындагы бир аз жеңиши катары мүнөздөштү. Виктор Ющенко болсо буга терс мамилесин билдирди. Ал бийликтегилер буга чейин дал ушундай эрежеден пайдаланып, добуштарды бурмалаган деп эсептейт.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG