Экзит-пол деп койчу алдын-ала жүргүзүлгөн санактарга ылайык Виктор Ющенко болжол менен 56% добуш алганы айтылды. Ал эми бийликтин талапкери Виктор Янукович 41 проценттей топтоду деп маалымдалууда.
Тизмеге 37 миллион шайлоочунун аты-жөнү киргизилген, жекшембидеги шайлоого алардын 55 проценти катышты. Шайлоого жалпысынан 12 миң эларалык байкоочулар көз салышты. Алар бул жолку добуш берүү мурдагыларынан айырмаланып орой мыйзам бузууларсыз өткөнүн белгилешти.
Эки талапкер тең 26-декабрда өздөрү катталган шайлоо участкасына келишип, добуш беришти. Виктор Ющенко өзүнүн балдары жана өмүрлүк жары менен чогуу бюллетен таштады. Ал добуш берип болгондон кийин “Янукович биротоло утулду” деп билдирди:
- Мен бүгүн Украинанын демократиясы жеңди деген ишенимдемин.
Ющенконун жактоочулары Киевдин борбордук аянтына чогулуп, ырасмий жыйынтыктар чыгалектигине карабай жеңишти майрамдай баштады. Өзүнүн жактоочуларын шыктандырган оппозиция лидери бул тарыхый сааттарды 30 күндөн бери калың эл күткөн, азыр ата-бабалардын арбагы да бизди карап турат деп билдирди:
– Эң негизгиси – эл жеңди. Бул – чоң кубаныч. Мен бүгүн добуш берип жатып канча миллион адам Украинанын ушул сааттарын чыдамсыздык менен күткөнү тууралуу ойлондум. 30 күндөн кийинки бул окуялар бизге чейинки ата-бабалардын көптөн эңсеген тилеги эле. Алардын арбагы бизди көктөн карап, кубаттап турганына бөркүмдөй ишенем, - деди Ющенко.
Янукович дагы өз кезегинде добушун Украинанын келечеги үчүн бергенин журналисттерге билдирди:
– Мен Украин эли туура жолду тандады деп ойлойм. Мен Украинанын келечеги үчүн, украин элинин эртеңкиси үчүн добуш бердим.
Президент Леонид Кучма болсо узакка созулган шайлоо өнөктүгүнө ушуну менен чек коюу керек, ким утулса да ал далысы жерге тийгенин мойнуна алып, атаандашынын колун кысууга тийиш деп билдирди:
– Мен добуш берип жатып ушул шайлоо акыркысы болсо экен деп чокундум жана ушундай болоруна ишенем. Менимче утулганы жеңгенин куттукташы керек жана ушуну менен узакка созулган шайлоонун жыйынтыгын чыгарышы керек. Кайсы гана мамлекетке болбосун, өзгөчө азыркыдай шарттагы Украинага мындай узакка созулган шайлоо кампаниясына чыдоо мүмкүн эмес.
Ал арада Украинанын Конституциялык соту парламенттин мыйзамдарга шайлоо участкаларынан башка жерлерде добуш берүүгө болбойт деген өзгөртүүлөрүн Башмыйзамга каршы келет деген бүтүмүн чыгарды. Бул чечимге ылайык майыптар шайлоого бир күн калганда арыз менен кайрылып, үйүндө добуш берүүгө укук алышты. Бирок мындай эреже 26-декабрда сакталган-сакталбаганы белгисиз.
Ошого карабай Украинада бир айдан ашуун созулган шайлоо кармашы аягына чыгып калды көрүнөт. Жаңы президенттин аты 27-декабрда белгилүү болот. Талдоочулар эмки президент – Виктор Ющенко деп жатышат.