Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:16

ОРУС САЯСАТЧЫЛАРЫ :УКРАИНАДАГЫ ПРЕЗИДЕНТТИК ШАЙЛОО ЖӨНҮНДӨ


Муса Мураталиев, Москва Украинада өткөн президентти шайлоодо оппозициячыл талапкер Виктор Ющенко жеңишке жетишти. Алдын ала чыгарылган жыйынтыкта Ющенко атаандашы Виктор Януковичке караганда 8 пайызга көп добуш чогулткан. Украинанын борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Сергей Дубовик айтканга караганда шайлоонун экинчи айлампасында олуттуу мыйзам бузуу болгон эмес. Шайлоонун жүрүшүнө 12 миң эл аралык байкоочу серп салган. Бул жолу Украинада өткөн шайлоого орусиялык саясий элитанын кызыгуусу артыкча болгонун белгилешүүдө.

Украинадагы президентти тандоо эки айга чукул созулду. Ал жарыш 31-октябрде биринчи айлампага чыккан. Эми 26-декабрде анын, кимдир бирөөлөр айтып жүргөндөй 3-чү айлампасы, ырасмий чөйрө айтканга караганда, ал жарыштын 2-чи айлампасы өтүп акыры президентти шайлоо аяктады дешет.

Украиналык борбордук шайлоо комиссиясы алдын ала чыгарган маалыматта Виктор Ющенко таштын жарымынан саал көбүн жыйып, жеңип чыккан. Болгону 8 пайыздык айырма экен. Ошол айырма мамлекет башчысын тандоого чекит койгон.

Орусияда болсо бул кабар кыйланын кабыргасын кайыштырып салды. Мындай маанай президент Путиндин Шериктештик жамаатына калганда алган багытынан улам болуп атат дешет. Бийлик тараптагы журналист Михаил Леонтьев жаңы шайланып аткан украина лидери туурасында мындайча пикир айтты:

Мен Ющенко туурасында, мурда эле, бир нече жыл башта айткан элем – ал таптакыр ала көөдөн ар жагында эч нерсеси жок, бирөөлөрдүн колдоосу менен аты чыгып келаткан киши, - дейт.

Кремлдик деп коюшучу саясий анализчи Станислав Белковскийдин айтканына караганда, Украиналык шайлоодо Ющенконун бедели жеңди деш натура. Бул жолу элдин эбактан ичине батпай келген демин, бийликке тиккен касын тышка чыгаруу болду. Ошондуктан эми бийликке келген киши:

Эски бийликтегилерден сапаты жагынан айырмаланган киши болууга тийиш. Айталы Ельцин ордун Путин баскан сыяктуу. Ельцин аюуга окшош болсо Путин аскерге окшош. Ошондуктан эл алдында азыр Ющенко – бул Кучма менен Януковичтен айырмаланган парадигма- жаңы үлгү, - дейт улуттук стратегия боюнча советтин башкы директору Белковский

Орусия башында турган жетекчи жакында Кремлде өткөн жолугушууда Украинада бийликке келүүчүгө карата:

Биз Ющенко мырза менен мурдатан таанышпыз. Украин эли ишеним арттырган жетекчини кабыл алууга Москва дайыма кубанычтуу, - деген президент Путин

Украинага калганда Орусия мамилесин шашылыш өзгөртүп атат деген да кеп бар. 2000 жылы Владимир Путин президенттик орунга олтуруп атып, мурдагы СССР жумурияттар - «адаттагы таасир жайылчу зона» чегинде Орусиянын таасир алкагын кайра калыбына келтирем деп убада берген. Ошол убаданын турмушка ашырылышы болуп атат, - дешет анализчилер

XS
SM
MD
LG