Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:11

УКРАИНАНЫН ПРЕЗИДЕНТТИГИНЕ ВИКТОР ЮЩЕНКО ШАЙЛАНДЫ


Украин оппозициясынын башчысы, президенттикке талапкер Виктор Ющенко шайлоочулардын 52 процент добушун алды. Анын атаандашы- москвачыл премьер Виктор Януковичти 44 процентке жакын шайлоочу колдогону добуштардын 98 проценттен бир аз көбү саналгандан кийин айкын болду. Ющенко өзүн жеңүүчү деп жарыялады жана дүйшөмбү күнү Киевде тарапкерлери менен болгон кездешүүдө “эгемен Украина 14 жылдан бери биринчи жолу эркиндикке жетти” деди.

Шайлоо участкаларында бири-бирине көзкарандысыз өткөрүлгөн үч сурамжылоонун жыйынтыгы дүйшөмбү күнү эрте менен жарыя болор замат украин оппозициясынын ана башы Виктор Ющенко Киевдин Күнкорсуздук майданына шаша келди. Борбордук аянтта калкып турган эл аны: “Ющенко! Ющенко!” деп асман жаңырта кыйкырып утурлап алышты.

Ющенконун жактоочулары добуш берүү учурундагы мыйзам бузууларды айтып, президенттик шайлоонун биринчи туру болгон 21-ноябрдын кечинде ушул майданга алгачкы ирет чыгышкан.

Жогорку Сот добуш берүү кезиндеги олуттуу тартип бузууларды бетке тутуп, Борборшайлоокомдун премьер-министр Виктор Янукович жеңди деген бүтүмүн жокко чыгарганга чейинки 17 күн бою да Ющенконун тарапкерлери Күнкорсуздук майданынан күнү-түнү кетпей турушкан.

Аялы жана жакын саясый ынактары жандап жүргөн Ющенко аянттагы кылкылдаган элге таазим эте алкыш айтып: “Эл өз күчүн көрсөттү. Эл Чыгыш Европадагы аябай уятсыз режимдердин бирине каршы көтөрүлдү”, -деп сөзүн баштады:


- Бул Украин элинин, украин улутунун жеңиши, биз жеңишке бир нече кылымдардан кийин жеттик окшойт деп айтаар элем. Биз 14 жыл күнкорсуз болдук. Бирок эми гана эркинбиз.


Ющенко андан ары президент Леонид Кучма менен премьер-министр Виктор Януковичтин режими тарыхтын бир көз ирмеми катары артта калганын айтты:

- Адамдарды урматтабаган, калпычы, цензор жана зобунчул бийлик бүгүн алмашты. Украинаны туңгуюкка жетелеген адамдар эми тарых болуп калды. Жаңы доор жаңы улуу демократиянын башаты. Он миллиондогон украиндер ушуга умтулган эле.

Кучманын бийлиги акыркы жылдары коррупцияга батты, адам укугун абийирсиз тепсөөдө, жеңишке жетүү үчүн шайлоону калпыс өткөрдү, киши өлтүрүүгө катышты деп шектелип да, күнөөлөнүп да жаткан.

Күнкорсуздук майданында шайлоонун жыйынтыгын күтүп турган Ющенконун колдоочулары баштоочунун сөзүнөн кийин өлкөнүн улуттук гимнин ырдашты.

Ющенко аянттагы тарапкерлерин болочок пландары менен да тааныштырды. Ал Украинаны НАТОго, Евробримдикке жана Дүйнөлүк соода уюмуна кошуу өзүнүн чоң максаты экенин кайра кайталап, Украина Россия менен теңме-тең кызматашаарын, Москва улуу ага катары мамиле кылган заман бүткөнүн эскертти.

Россия президенти Владимир Путин президенттик шайлоонун биринчи жана экинчи айлампасы алдында Украинага эки ирет сапарга келип, Януковичти колдоп кеткен жана 21-ноябрдагы шайлоодон кийин Януковичти жеңиши менен эки ирет куттуктаган.

26-ноябрда Украинада өткөн президенттик кайра шайлоонун жүрүшүнө чет элдик 12 миңден ашуун байкоочу көз салып турду. Анын ичинде Кыргызстандан 75 байкоочу бар.

XS
SM
MD
LG