Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:56

ВИКТОР ЯНУКОВИЧ “КОНСТИТУЦИЯ БУЗУЛДУ” ДЕП ЖОГОРКУ СОТКО АРЫЗДАНМАКЧЫ


Амирбек Азам уулу, Прага шаары Украинадагы президенттик кайра шайлоодо уттуруп койду деп саналган премьер-министр Виктор Янукович “Конституция жана Шайлоо кодекси бузулду, адам укугу тепселди” деп, Жогорку Сотко даттанаарын билдирди. 26-декабрда өткөн шайлоодо оппозиция башчысы Виктор Ющенко 52 пайыз добушка, ал эми Виктор Янукович - добуштардын 44 пайызына ээ болушкан. Европадагы коопсуздук жана кызматташуу уюму шайлоо бул ирет 21-ноябрда өткөн биринчи шайлоого караганда бир кыйла адилеттүү өттү деп эсептейт.

Украинадагы президенттик шайлоонун чыры жакында бүтпөчүдөй болуп турат. Виктор Януковичтин командасында иштеген саясый аналитик Дмитро Понамарчуктун айтышынча, премьер-министр 26-декабардагы кайра шайлоого чукул калганда, Шайлоо кодексине киргизилген түзөтүүлөр боюнча өлкөнүн Жогорку Сотуна кайрылат жана өзүн жеңилди деп эсептебейт.

Шайлоо мыйзамына шашыла киргизилген түзөтүү ден соолугу мүмкүнчүлүк бербеген адамдарга үйүндө добуш берүүгө уруксат берген. Бирок, шайлоодон бир күн мурда- катаал чектөө жеңилдетилип- илдети жеңил адамдардын да үйүндө добуш берсин деген чечим кабыл алынган. Януковичтин тажрыйбалуу юристер менен чогуу иштеген командасы бийликтер ооруусу жеңилирээк адамдардын шайлоо участкасына барбай добуш берүүсүн камсыздабады деп доомат койууда.

Серепчи Дмитро Понамарчук бул маселе тууралуу мындай дейт:

– Биз 3 миллион чамалуу шайлоочу жөнүндө кеп кылуудабыз. Адам укугну боюнча омбудсмен-акыйкатчы Нина Каспарованын айтышынча, үяүняү турдун алдында Шайлоо мыйзамына киргизилген алдагы түзөтүү түрт жарым миллион адамды шайлоо участкасынан башка жайда добуш берүү укугунан ажыратты. Биринчи группадагы майыптарга гана үйдө добуш берүүгө уруксат болду. Бирок, экинчи жана үчүнчү группадагы үч миллион майыптын шайлоо участкасынан тыш жакта добуш берүүсүнө жол берилген жок.

12 миңден ашуун эл аралык байкоочу жекшемби күнкү добуш берүү шайлоонун биринчи айлампасына салыштырганда калыс өткөнүн белгилешти. Анткен менен, Европадагы коопсуздук жана кызматташуу уюму жана КМШ өлкөлөрү, анын ичинде россиялык байкоочулардын баасы эки башка.

Виктор Ющенконун өкүлү ал жалпысынан алганда эркин жана адилет шайлоодо жеңгенин, өз жеңишин сотто коргоого камданып жатканын билдирди.

Борборшайлоокомдун төрагасы Ярослав Давидовичтин айтымында, ал Януковичтин дооматынан коркпойт:

- Бул доо арызды териштирген сот: “Шайлоонун жыйынтыгына кимдир бирөө таасир эттиби? Ооба же жокпу?” деген бир маанилүү суроого гана жооп бериш керек. Бул сот чеччү маселе.

Украинанын Жогорку Соту 21-ноябрдагы шайлоодо массалык мыйзам бузуулар болгонун, анын ичинде добуш берүүгө премьер Янукович бийлигин пайдаланып, өз пайдасына оодарып кеткенине шылтап, БШКнын чечимин жокко чыгарган. Борборшайлооком андан мурда Януковичти жеңүүчү деп жарыялаган болчу.

Понамарчуктын кебине караганда, Януковичтин командасы өтө олуттуу маселени козгоп жатат:

- Януковичтин командасы олуттуу далилдерди бетке тутуп, мыйзамдуу уруш жүргүзөт. Биздин артыбызда өтө кубаттуу күчтөр топтолгон. Биз менен юристтердин абдан тажрыйбалуу тобу да иштөөдө. Алардын акыйкаттыкка өтө ынанымдуу жол менен жетеринен сиз күмөн санабаңыз.

БШК болсо өзүнө жолдонгон арыздарды эки күндүн ичинде карай турганын маалымдады. Ал эми Жогорку Сотко жети күндүн ичинде кайрылуу керек.

XS
SM
MD
LG