Ирак ислам партиясы бир кезде сунниттердин өлкөнүн АКШ колдогон өкмөтүнүн ишине катышкан эң чоң саясий уюму эле. Бирок алар өкмөт сунниттердин көйгөйлөрүн эске албай жатат деп эсептегендиктен анын саясатынан барган сайын четтөөдө. Өткөн айда бул партия АКШ армиясынын Фаллужадагы операциясына нааразылык ирээтинде премьер- министр Ияд Аллавинин өкмөтүнөн чыгып кеткен. Эми шайлоого катышпай турганын жарыялады. Партиянын төрагасы Мохсен Абдел Хамид мындай чечимдин жүйөөсүн өлкөдө азыр шайлоо өткөрүү үчүн шарт жок экендиги менен түшүндүрөт. Бирок алар сунниттердин башка лидерлери сыяктуу элди добуш берүүнү бойкотоого чакырбасын билдирди:
-Биз шайлоону бойкоттоо эмес, катышпай турганыбызды жарыяладык. Биз ага белгилүү бир шарттарда гана катышарыбызды мурда эле билдиргенбиз. Ал шарттар аткарылбады. Шайлоо өлкө аймактарын түгөл камтымайынча жалпы боло албайт.
Ирак ислам партиясы өкмөттөн өлкөдө коопсуздук кырдаалы жакшырганга чейин шайлоону жок дегенде алты айга кийинкиге калтырууну суранган. Акыркы апталарда козголоңчулардын шайлоону үзгүлтүккө учуратууну көздөгөн кол салуулары сунниттер басымдуулук кылган аймактарда күчөдү. Мустафа Алани Перси булуңу боюнча Дубайдагы изилдөө борбордун адиси. Анын айтымында,сунниттердин партиясы шайлоону легитимдештирүүнү каалабайт:
-Алар сунниттер жашаган аймактар кооптуу деген ишенимде. Алтурсун алар шайлоого катышып, сунниттердин партиясы катары саясий жараяндын легитимдүүлүгүн көргөзгөн күндө да коопсуздук проблемасынан улам көп сандагы добуштарын жоготот.
Аналитиктердин пикиринде, албетте сунни партиясынын жарыштан чыгышы сунниттердин шайлоого катышуусуна оң таасир бербейт. Ошол эле учурда аналитиктердин бир даары сунни жамааты шайлоого кандай санда катышарын божомолдоо да кыйын экенин айтышууда. Ирактын премьер- министри Ияд Аллави ушул айда Амман шаарындагы жолугушууда сунниттердин уруу башчыларын жана башка лидерлерин саясий өнөктүккө жигердүү аралашууга көндүрүүгө аракеттенди. Андан кандай натыйжа чыгары белгисиз.
Дубайлык эксперт Мустафа Аланинин пикиринде, сунни коомчулугунда шайлоонун азыр өтүшү алардын кызыкчылыгына каршы келет деген маанай күчөп жатканы байкалууда. Сунниттерде шайлоодон улам бийлик өлкөдө көпчүлүктү түзгөн шийиттерге өтүп кетет, муну коңшу Иран да көздөөдө деген кооптонуу бар:
-Ирандын шайлоого кийлигишип жатканы жөнүндө өкмөт министрлеринин деңгээлинде ачык айтылууда. Андыктан ушул кыйынчылыктардан, шайлоого тыштан кийлигишүү фактысынан же ал кийлигишүү толук мүмкүн экендигинен улам сунниттер биздин катышуубузга шарт жок деп ойлошууда.
Иранга байланыштуу, маселен, ал шайлоочу ирээтинде катталуу үчүн Иракка бир миллиондой адамды жөнөттү, шийит партиялары үчүн ири өлчөмдө акча ажыратууда деген айыптоолор айтылууда. Тегеран мындай кептерди төгүндөп келет.
Дүйшөмбү күнү шийиттердин ири партиясы – Ирак ислам революциясынын Жогорку кеңеши деген уюмдун лидери Абдул Азиз Хакимдин өмүрүнө кол салуу аракети да коопсуздукка байланышкан проблемаларды, шайлоодон улам жамааттар ортосунда жаңжаал чыгып кетүү мүмкүндүгү бар экенин көргөзгөнсүдү. Жанкечти айдаган автоунаа Хакимдин автокербени анын Багдадда, бекем кайтарылган кеңсесине кирээр замат жарылган. Жардырууну ким жасаганы белгисиз. Партия лидери жабыр тартпаганы менен жардыруудан башка 13 адам мерт болду. Ирактын шийит партияларынын тизмесинин башында Абдул Азиз Хаким да турган биримдиги алдыдагы шайлоодо шийиттер арасынан эң көп добуш топтоору күтүлүүдө.