Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:48

ТААНЫМАЛ КАРДИОЛОГ ТАЛАНТ БАТЫРАЛИЕВ - ГАЗИАНТЕПТЕ


Мээрим Султангазы, Бишкек шаары Белгилүү дарыгер адис, кардиолог мекендешибиз Талант Батыралиев 12 жылдан бери чет өлкөлөрдө иштеп келет. Ал эл аралык деңгээлде - Европа мейкиндигинде, Америка Кошмо Штаттарында жана Түркияда таанымал болуп калды. Түркиядагы абройлуу жеке медициналык жайлардын бири – Газиантептеги Сани Конукоглы (Sani Konukoglu) атындагы медицина борборунун негиздөөчүсү Талант Батыралиев үстүбүздөгү жылы жетишкен ийгиликтери жана кыргыз саламаттык сактоо тармагынын акыбалы тууралуу «Азаттык» үчүн маек курду.

- Талант мырза, Түркияда канча мезгилден бери жүрөсүз?

12 жыл болуп калды.

- Кыргызстандан кетип калууңузга эмне себер болду?

- Мен өзүм Жалалабад шаарында туулгам. Бишкекте медициналык академияны бүтүрүп, МаскөөдөгүБүткүл союздук кардиология борборунан ординатураны жана аспирантураны аяктап, ошол жерде иштеп жүрдүм. Анан кайра Кыргызстанга келгем. Мен 1993-жылы Адана шаарына Чукур-Ова университетине Түркиянын илимдер боюнча мамлекеттик комитетинин (TUBITAK) чакыруусу менен келгем. Түркияга өзүмдүн 7 кишиден турган тобум менен келдим.

- Арадан он эки жыл өтүптүр, бул жылдар аралыгында кандай ийгиликтерге жетише алдым деп ойлосуз?

- Бул өлкөдө мен кардиология борборун курдум. Бул борбор дүйнөдөгү эң мыкты беш клиниканын ичине кирет. Мен бул борбордун негиздөөчүсү жана жетекчисимин.

- Айтмакчы, жакында эле Батыштагы кадыр барктуу бир сыйлыкка арзыган экенсиз, ал тууралуу кененирээк айтып берсеңиз?

- Америкада инвазивдик ыкма менен иштеген кардиология боюнча TCT (Transcatheter Cardiovascular Therapeutics) деген академия бар. Быйыл анын анык мүчөсү болдум. Андан тышкары, быйыл АКШдагы кадыр барктуу илимий сыйлыкка - «илимдеги жана билимдеги ири жетишкендиги үчүн» - Universal Award of Accomplishment (ABI USA) - деген бир чоң сыйлыкка татыдым.

- Түркиядагы Сиз жетектеген медицина борборун уюштуруу идеясы эмнеден улам келип чыкты?

- Дүйнөгө таанымал адис болгонум үчүн бир текстилдик компания-холдинг өзүнө жеке клиника ачалы деп , ошондон улам Газиантепте медицина борбору курулду.

- Сиздин медициналык борборуңузда операция жасоого канча каражат сарпталат?

- Орточо эсеп менен, эң жөнөкөй операциянын наркы 7 миң долларга турат. Эгерде башка бир кошумча жабдуу (аппаратура) керек болуп калса, анда операциянын наркы 9 миң долларга чейин жетет. Бирок, албетте, бул иш Европадагыдан арзан, сапаты да жакшы. Бирок, мен сыркоолордун Түркияга келгенин анча жактырбайм. Анткени, жүрөгү оорулуулар мындай узак жолду жакшы көтөрө алышпайт. Мындан тышкары климаттык жагы да бар. Мен ойлойм, сыркоолорду Европага же башка чет өлкөргө ташыгандан көрө, өз ара эсеп жаатын (взаиморассчетту) мыйзамдык жактан бекитип, жакшы жасаган жерде, Бишкектен тышкары Алматыда болобу, Маскөөдө болобу, Санкт Петербургда болобу, ошондой жакыныраак жерден эле жасатса жакшы болот эле. Дагы бир жагы, бул жакка келген сыркоолор же түркчө билбесе, же англисче билбесе, материалдык гана эмес, негизгиси - моралдык жактан да оор абалда калып калат да.

- Кыргызстанда да сиздин медициналык борборуңуздай мекемени ачууга болобу? Деги эле, келечекте андай ойлоруңуз жокпу?

- Эгерде тажрыйбаңарды колдонуп, эл аралык уюмдар курганга көмөк көрсөтсө, анда албетте курса болот. Сындагым келбейт, бирок өлкөдө саламаттыкты сактоодо олуттуу реформа жүргүзүү керек. Саламаттыкты сактоо - бул өндүрүштүк чөйрө эмес да. Ошондой эле, элдин турмушу оңолуп, өлкөбүз бай болгонго чейин, сыркоолорго бериле турган дары-дармектер, тийешелүү жабдуулар менен камсыз болуш үчүн өлкөнүн көп акча каражаты болуш керек.

- Өнүккөн өлкөлөрдө медицина адистери бир кыйла жогору эмгек маяна алат, ал эми Кыргызстандагы дарыгерлердин эмгек акыларынын өтө төмөндүгүнүн негизги себебин эмнеден көрөөр элеңиз?

- Экономикадан. Эгерде өлкө бай болбосо, акча жок болсо, врачтарга, мугалимдерге кайдагы акчаны берет. Болсо берет эле да, жок да. Ошону үчүн ким болбосун жакшы иштеп, аракет кылышы керек. Өкмөттөн баарын күтө бербей, аракет кылыш керек деп ойлойм.

- Жакын арада Кыргызстанга кайтып келүү максатыңыз жокпу?

- Эми Кыргызстанда азыркы тапта биздин адисте иштеп жаткандарга экономикалык жактан оор болуп жатат. Сыркоого эки-үч миң долларга чейин чыгым кетет. Абдан кымбат баалуу жабдуулар керек. Элдин мындай акчасы жок. Адистикти өркүндөтүш үчүн жогорку технология менен үзгүлтүксүз алектенүү абзел. Албетте, мекениме сагынычым бар, бирок сагынган менен чектелбестен, адистигимди өркүндөтүшүм, иштешим керек болуп жатат да.

- Маегиңиз үчүн чоң ыракмат! Ишиңизге ийгилик каалайбыз.


Сүрөттө: профессор Талантбек Батыралиев.
XS
SM
MD
LG