Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:33

ШАЙЛООНУН АДИЛЕТ ӨТӨӨРҮНӨ БИЙЛИК ИШЕНЕБИ?


Кыргызстандын бийлиги жана башка саясий күчтөрү азыр ушул жылдын 27-февралында өтө турган парламенттик шайлоону мыйзам чегинде өткөрүү аракетин көрүүдө. Шайлоодо ат салыша турган бардык тарап аны мыйзам чегинде өтүүсүн тилеген менен добуш берүү маалында тартип бузуулар болбосуна ишеним аз. Ага эмне себеп?

Кыргызстандын ички саясий турмушуна сырттан көз салган жана өлкө ичиндеги талдоочулардын баамында, келаткан парламенттик шайлоо бийликтин,чөнтөгү калың ишкер чөйрөнүн жана бийликти алмаштырууну көздөгөн оппозициялык күчтөрдүн талапкерлеринин катуу таймашы менен өтөт. Анткени, бийлик да, оппозициялык күчтөр да, карапайым калк да мамлекеттин мындан аркы өнүгүшү ушул парламентке келүүчү депутаттардын сапатына жараша болорун түкшүмөлдөп турат. Ушундан улам президент Аскар Акаев өткөн жыл аягындагы телекөрсөтүүдө:

- Келерки парламенттик шайлоонун убагында мыйзам бузууга эч кандай жол калтырган жокпуз.Добуштардын баары ачык-айкын, так саналып, мыйзам бузулушуна жол берилбейт.,- деп шайлоонун адилет өтөөрүнө элди ишендирди.

Бирок, шайлоону адилет өткөрүү максаты менен түзүлгөн саясий кыймыл өкүлдөрүнүн баамында, мыйзам бузуулардын болушу толук мүмкүн жана ага азыркы шайлоо алдындагы ар кандай көрүнүштөр өбөлгө түзүп жатат. Ал тууралуу «Кыргызстан элдик кыймылынын» төрагасы Курманбек Бакиев «Азаттык» радиосуна берген интервьюсунда:

- Шайлоо мыйзам чегинде акыйкаттуу өтөт деп айтыш кыйын болуп турат. Себеби, азыркы көрүнүштөрдөн улам үмүт жок. Айрыкча, Жалалабад шаарында да ушундай аракеттер көрүлүп жатыптыр. Мисалы 150 орундук жатаканаларга 600-800 студентти каттап жатышыптыр. Башка жактан келгендерди да каттоо жүрүүдө. Анан калса каттоого алуу мыйзам бузуу менен жүргүзүлүп жатыптыр. Бул аракеттердин бардыгы кээ бир талапкерлерди колдоо үчүн жасалып жатат .-деп билдирген.

Мыйзам чыгаруу жыйынын депутаты Азимбек Бекназаров болсо бийлик шайлоодогу мыйзам бузуулардын алдын алуу аракетин көргөн жок деген бекем ишенимде. Анын билдирүүсү боюнча, буга шайлоо убагында мыйзам бузууга барган тараптардын жоопкерчилигин күчөтүү максаты менен парламент кабыл алган бир катар мыйзамдарга президенттин кол кое электиги шарт түзүп жатат:

-Азыр беш мыйзам долбоору жатат. Алар шайлоо адилет, калыс өтүшүнө шарт түзчү механизмдерди Кылмыш-жаза, Кылмыш-процессуалдык жана Административдик кодекстерге өзгөртүү киргизүү жөнүндөгү мыйзамдар. Мыйзамды бузса кандай жаза алаары көрсөтүлгөн. Аны биз 16-ноябрда кабыл алганбыз, бирок, эмдигиче кол коюла элек. Эгер ушул мыйзамдарга кол коюлбай турган болсо, биз мыйзам бузуу аракеттерин кантип ишке ашырабыз?

Ал эми президент Аскар Акаевдин өткөн жыл аягындагы түз эфирдеги телекөрсөтүүдө айткан пикири боюнча, оппозиция өкүлдөрүнүн мындай дооматтарынын негизи жок. Анын себебин президент төмөнкүчө түшүндүрдү:

- Бийлик фальсификация жасайт деп, ошонун негизинде уу-дуу чыгарып, шайлоонун жыйынтыктарын жоюуга эмитеден эле аракет кылгандар бар.

Чындыгын айтканда, ушул жыл башында эл аралык стандарттарга ылайыктап кабыл алынган Шайлоо кодекси боюнча тунук үкөктөрдү пайдалануу, баш бармакка белги коюу жана байкоочулардын бюллеттендерди саноо процессине катышы мыйзам бузууларга бөгөт болуучу тоскоолдуктар. Мына ушул талаптар так аткарылса, эл өз эрки менен татыктуу талапкерди тандап алаарында шек жок. Мындай ой ээлеринин бири, Эл өкүлдөр жыйынынын депутаты Болот Байкожоевдин айтымында, бирок, бийлик өкүлдөрүнүн шайлоо процессине одоно кийлигиши элдин тандоосуна терс таасир берип келет:

-Шайлоо кодексине эң сонун өзгөртүүлөр киргизилди. Бийлик ошону эле так аткарып, шайлоого кийлигишпесе эле жетишет. Мына азыр чатактын баары эмнеден чыгып жатат? Ал бийлик бир талапкерди тандап, биз тандаган талапкер өтсүн, калгандары өтпөш керек деген кийлигишүүсүнөн улам эле чыр-чатак башталып кетип жатпайбы… ,-дейт Б.Байкожоев.

Премьер-министр аппаратынын башчысы Бекболот Талгарбеков болсо шайлоодон кийин оппозиция божомолдогондой кыйын кырдаал түзүлбөсү үчүн өкмөт атайын штаб түзүп, бийлик органдарынын аракетин көзөмөлдөө чарасын баштагандыгын билдирди:

-Оппозиция айтып жаткандай кырдаал шайлоо адилет өтпөсө пайда болот. Анда, демек, бийлик өз колу менен кыйын кырдаалды түзүп берип койгон болот. Ошондуктан, бийликтин эң негизги милдети шайлоону адилет өткөрүү. Ушундан улам өкмөт башында премьер-министр турган атайын штаб түздү. Штаб ар кандай багытта иштөөчү топторду түзүп, жер-жерлерде шайлоону ынтымактуу, адилет өткөрүү иштерин жүргүзө баштады. Анын максаты- шайлоону тынч,калыс өткөрүүгө негиз түзүү.

XS
SM
MD
LG