Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:51

ФЕЛИКС КУЛОВ: “МЕНИН ЭРКИМДИ ЭЧ НЕРСЕ СЫНДЫРА АЛБАЙТ...”


Маектешкен Жаркын Суран кызы, “Арнамыс” партиясынын лидери Феликс Кулов төртүнчү Жаңы жылды түрмөдөн тосту. Анын 2004-жылы ачыкка чыгуу мөөнөтү келгендиги тууралуу арызы соттор тарабынан колдоо тапкан жок. 2005-жылы парламенттик жана президенттик шайлоолор болору күтүлүүдө. “Арнамыс партиясы” тогуз оппозициялык партиянын бирикмесине кошулбады. Себеби эмнеде? Мына ушул жана башка суроолордун тегерегинде кабарчыбыз Жаркын Суран кызы маек уюштурган. Назарыңыздарды учурда Жаңы-жер түрмөсүндө отурган Куловдун “Азаттык” радиосунун суроолоруна берген жообуна бурабыз.

- Урматтуу Феликс мырза , сизди 2005- жаңы жыл менен куттуктайбыз. Сизге жолдогон суроолорго жооп берип коюуңузду өтүнөбүз. Феликс мырза, акыркы учурда эмнегедир саясый ар кандай өңүттөргө байланыштуубу “ Арнамыс” партиясы кандай партия деген күмөндүү суроолор пайда болду. “Арнамыс” партиясы оппозициялык маанайдагы партия деп айтканыңызды угуп жүрсөк да, кандай партия экенин дагы бир жолу өз оозуңуз менен айтып койсоңуз.
-Курултайда расмий түрдө кабыл алынган. Бул партия мамлекет башчысына жана өкмөткө каршы оппозициялык маанайда болгонун айтканбыз.

- Феликс мырза, кечиресиз мынтип сураганыбызга себеп, ушундай бир пикирлер бар.Кулов жетектеген партия бийликтин кайырмагында калды дешет?

- Биз ачык саясат жүргүзөбүз. Муну мен ачык айткам. Биз оппозициялык партиябыз. Ушундан эле баары түшүнүктүү.Бирок кээ бир маселелер болот. Элдин жашоо турмушун өзгөртө турган, мындай айтканда , элдин турмуш-жашоосун оңдоого багытталган өкмөттүк чечимдер болсо, аны эмнеге колдобошубуз керек эле?.. Эгер биз сунуштаган нерселер аткарылса, биз албетте колдойбуз. Бул жагынан биздин мамилебиз албетте конструктивдүү.

- Феликс мырза, эл арасында сизди Акаевдин эң жакын адамдарынын бири болгон. Мисир Ашыркулов да Акаевдин ишенимдүү кишиси болуп чоң кызматтарда жүргөнү айтылууда. Бирок бийликтен кетип “Акыйкат шайлоо үчүн” деген бирикме түздү. Кезинде Ашыркулов сизди отургузган деп айтылып келет. Сиздин Ашыркулов түзгөн “Акыйкат шайлоо үчүн” деген бирикмеге киргениңизге караганда кандайдыр бир саясый оюндар жокпу?

-Акаевди менин жакын адамым же жолдошум деп айтышканда мен ошол адамдын акыл-эси ордунда эмес деп ойлойм. Мен беш жылдан бери түрмөдө отурам. Анда мен Акаевдин жакын адамы катары ушунча жылдан бери түрмөдө отурган болуп атбайымбы. Бул акылга сыйбаган сөз. Мындай суроо албетте мен үчүн жөнсүз. Акаевдин жакын адамы мынчалык түрмөдө отурбайт. Ал эми Ашыркулов боюнча мени ким отургузду, ким ушинтти бул башкы маселе эмес.... Мен өзүмө душман издебейм. Мен кимдир бирөөгө ич күйдүлүгү бар же кекчил адам эмесмин. Бул дагы бир кандайдар олуттуу маанини бербейт. Маселе башка жакта. Ашыркулов Акыйкат шайлоо үчүн бирикмесин түзгөндө колдогонбуз. Ашыркуловду биз адегенде бийлик тарабынан жиберилди деп ойлогонбуз.Кантсе да тынччылык эң башкы маселе. Бирок, көп узабай эле Ашыркулов отставкага кетти. Ошондон кийин эле бул саясый оюн деген пикирлер айтыла баштады. Айтып коюучу нерсе эл кызыкчылыгын жактаган кандай бирикме болбосун, биз колдошубуз керек. Саясый партиялардын деле максаты ушул. Бул жерде жалпы кызыкчылык болуш керек. Мен ойлойм эл биригиш керек. Жаплпы элдин кызыкчылыгы кайсыл бир адамдын кызыкчылыгынан жогору туруш керек. Ошон үчүн элди биримдикке чакырган тарапты колдойм. Бир адамды колдогон чакырыкка эмес, элди бириктирген чакырыкка кошуламын.

- Феликс мырза, Мисир Ашыркулов менен болгон сиздин мамилеңиз эки ача ойду жаратып жатканын айтышууда кээ бир саясатчылар. Анткени сиз “Алга,Кыргызстан” партиясы менен кызматташам дептирсиз...элде ушундай сөздөр бар, Ушул туурабы?

- Мен эч качан антип айткан эмесмин. Мен башкачараак айткамын. Эгерде Акаев кандайдыр бир демилге көтөрүп, биз каалаган саясатты жүргүзө баштаса, биздин идеяларды-сунуштарды “Алга, Кыргызстан” колдой баштаса биз мына ошол маселеде аларды колдомокпуз. Тактап айтканда, кээ бир маселелер боюнча колдоорубузду айтканбыз. Бирок, биз жалпысынан бул партияны колдобойбуз. Анткени, бул партия жалпы элдин кызыкчылыгын колдобойт. Ал өлкөнүн бир ууч жетекчилигин колдойт. Ал эми алардын кызыкчылыктары элдин кызыкчылыгы менен дал келбейт. Биз бул партияны колдой албайбыз. Анын максаты келечектүү эмес экенин көрүп турабыз. Бул партия эч кандай жаңы нерсе алып келбейт. Анткени азыркы иштеп жаткан жетекчилик эч кандай жаңы нерсе алып келген жери жок. Ошондуктан бул партияга оппозициядабыз. Дагы бир жолу белгилеп кетейин. Эгерде “Алга, Кыргызстан” партиясы элдин жыргалчылыгы үчүн бирдеме жасаса эмне үчүн аны колдобойт экенбиз. Мисалы мыкты мыйзам долбоорлору же башка бир жаңылыктарды алып келсе биз аны колдойбуз.

XS
SM
MD
LG