Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:26

ФЕЛИКС КУЛОВ: «МЕНИН ЭРКИМДИ ЭЧ НЕРСЕ СЫНДЫРА АЛБАЙТ…»


Маектешкен Жаркын Суран кызы, “Арнамыс” партиясынын лидери Феликс Куловдун “Азаттык” радиосунун суроолоруна берген жообунун экинчи бөлүгү.

- Феликс мырза, сиз 2001-жылдагы парламенттик шайлоодо камакка алындыңыз эле. Мындай сөз бар, Кулов 2000-жылы Текебаев президенттикке ат салышканда сиз түрмөдө отуруп штаб жетекчиси болгон экенсиз? Бирок,байкоочулар белгилегендей1995-2000-жылдары Аскар Акаев шайлоону бурмалоо жолу менен , президент болгонуна карбай , сиз Акаевди куттуктап, кечиресиз кызматташууга даярмын деп айткан экенсиз ушул туурабы? Сиз ага чейин эле оппозициядамын деп жарыялаган элеңиз да. Муну кандай түшүнсө болот? Ушул суроого жооп берсеңиз?

- Текебаев президенттик шайлоого катышып жатканда мен эркиндикте элем. Биз акыркы шайлоодо президентти куттуктаганыбыз жок. Биз мурдагы шайлоодо куттуктаганбыз. Текебаев экөөбүз шайлоого өнөктөш катары кирген элек.. Ошол бурмалоо жол менен шайлоонун өткөрүлгөнүнө карабастан. Текебаев шайлоодо жогорку добушту алып, Акаевден кийинки орунду ээлеген . Ал эми биз экөөбүз мындай макулдашкан элек. Эгерде Текебаев президент болуп калса анда мен өкмөт башчылыгына бармакмын. Ошол мезгилде башкача кырдаал түзүлүп, мага кылмыш иши козголду. Ал айрым кыйынчылыктарды жаратпай койгон жок. Менин оюмча биз туура саясатты алып барган экенбиз. Себеби түндүк-түштүк ортосунда ажырым жок экендигин далилдегибиз келген. Аны менен биз өнөктөш катары өкмөттөгү стабилдүүлүктү камсыз кылмакпыз. Акаевди биз эмне үчүн ошол кезде куттуктадык?.. Себеби кандайдыр бир өзгөчө этикет бар болчу. Ал сыпайыкерликтин этикети эле. Анын үстүнө биз ошол учурда мамлекеттик кызматтагы адамдардын категориясында элек. Ошол үчүн шайлоо жыйынтыгы бурмалоо жолу менен болсо да, биз элди көтөрүп чыкканыбыз жок. Бизге элдин тынччылыгы керек деп Акаевди куттуктаганыбыз чын. Куттуктаганыбыздын маңызы элдин толкундоосун жайгаруу болгон . Мындан башка бизде эч кандай кызыкчылык болгон эмес.

- Феликс мырза АКШдагы президенттик шайлоо боюнча көз карашыңызды билелик дедик эле. Эгерде Жон Керри жеңсе кандай болот эле?
-Дегеле алдын-ала болжоп айтуу кыйын. Ал адам качан гана бийликке келгенден кийин анын жүргүзгөн саясатына карата кандайдыр бир туруктуу көз караш жаралмак. Америка Кошмо Штатына ким келсе да, Кыргызстандагы бийликке таасир этүүчү күчкө ээ эмес. Себеби алардын бийлик системасы таптакыр башка. Ырас, президенттин ишмердүүлүгүнө көп нерсе байланыштуу. Бирок, Американын стабилдүүлүккө салынган саясат калыбы бар. Алар негизинен башка өлкөлөрдөгү демократиянын сакталышы жана өркүндөшүнө бийлик башында ким турбасын жүргүзө беришет. Жон Керри президенттикке келген күндө дагы Американын президенти катары диктаторлук режим менен келишмек эмес. Ушундай себептерден улам алардын жүргүзүп жаткан саясаты кандай болгон күндө да Кыргызстанга карата кескин өзгөрүлмөк эмес.

- Феликс мырза сизге жолдой турган кийинки суроом мындай. Сиз ушул күндөрү түрмөдө отурсаңыз да сизди мамлекеттик жогорку бийликке татыктуу адамдардын бири катары караган көз караштар жок эмес. Түрмөдө отурсаңыз да саясый майданда чоң ордуңуз бар экенин айтышат бир катар саясатчылар. Мына оппозициялык партиянын тогузу бирикти. Сиз жетектеген “Арнамыс “ партиясы эмне себептен бул кыймылга кирген жок. Алар президенттикке бир гана адамды сүрөйбүз деп чыгышты. Бакиев боюнча сиздин пикириңизди уксак?

- -Курманбек Бакиев тарабынан уюштурулган “Кыргызстан элдик кыймылына” кирүү боюнча бизде алдын-ала сүйлөшүүлөр жүргөн.Биз өз оюбузду кескин билдиргенбиз. “Арнамыс” биригүүгө даяр. Бирок, кандайдыр бир аракеттин өзгөчө тактикасы бар. Азыркы учурда өздөрүнүн духу жагынан жакын коммунисттер, радикал демократтар, бир жагынан солчул-оңчулдар да, орточул позицияда турган Курманбек Бакиевдин тегерегине баш кошууда. Бирок, биз өз оюбузду төмөндөгүчө билдиргенбиз. Биздин кыймыл бардык биригүүнү колдойт деп айтып жатпайымбы. Бирок, биз кыймылды эмес, кайсыл бир адамды колдоп жатасыңар деп бизге кинээ койбош үчүн, алардын саясый-экономикалык жана идеологиялык программалары менен таанышып чыккандан кийин гана биригүү жөнүндө сөз болууга тийиш. Ушул себептүү Бакиевдин программасын билүү, биз үчүн биригүүгө жол ачып бермек. Биз эч качан Бакиевди көнүлдөн сырткары калтырбайбыз. Качан гана анын саясый платформасы менен таанышкандан кийин Бакиевди колдоого барар, барбасыбызды айтмакпыз. Эгерде бул маселелерди так билип албасак, ким болбосун, эртең эле бизден сурашы мүмкүн. Сиздер кыймылды эмес, бир адамды колдогонсуңар деп. Эгерде анын платформасы биздин принцибибизге туура келсе аны колдоого даярбыз. Бирок, бизден Бакиевдин программасын кимдир бирөө сурап калса аны биз билбейбиз деп жооп бергендик, Бакиевди жакшы киши катары билебиз дегенибиз жетишсиздик кылат. Саясатчылар эч качан кайсыл бир топко көзүн жуумп алып катыша бербеш керек. Ошол себептен биз айткыбыз келет. Бакиевби же Дооронбек Садырбаевби дегеле ким, башкасыбы сиздерге каршы эмеспиз. Эгерде сиздер өз аракетиңиздерди жүргүзө турган саясатыңар менен тастыктай алсаңыздар колдойбуз деп айткым келет. Азыркы күндө бул маселелерди чечүүгө дагы убакыт бар. Ал эми биригүү мөөнөтү болсо алдыда.

XS
SM
MD
LG