Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Февраль, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:55

ТЕГЕРАНДЫН АБАСЫ БУЛГАНЫП, МЕКТЕПТЕР ЖАБЫЛДЫ…


Жаңыл Жусупжан, Прага Өткөн жекшембиде Тегеранда аба өтө булганып кеткендиктен, бала бакчалар жана мектептер жабылып калды. Ирандын мамлекеттик сыналгысы улгайган адамдарды, айрыкча жүрөк жана дем алуу органдары оорулууларды эшикке чыкпоого чакырды. Мектептер дүйшөмбүдө кайра ачылды, бирок аба дале булганыч.

Тегеран - дүйнөдөгү абасы эң булганыч шаарлардын бири. Аба катуу булганганда шаардын 12 миллион тургуну таза абадан бир кере дем алганга зар болот. Мисалы былтыр бир жыл ичинде 125 күн аба катуу булганч болду. Бул, албетте, шаар тургундарынын саламаттыгына жаман таасирин тийгизбей койбойт. Тегеранда булганыч абага байланышкан оорулардан жылына 4600 киши каза табат. Алборс Малеки Тегеранда иштеген журналист, ал дем алуу органдарына кандай күч келээрин мындай айтып берди:

- Баш ооруйт, көз ачышат. Айрыкча балдар менен улгайган курактагыларга кыйын. Ишембиде түштөн кийин, Тегерандын борбордук Ванак аянтында 15 мүнөт сейилдейм деп, башым сынып ооруп чыкты. Көптөрдүн көзү аллергия болот, мурдунун каңылжары сезгенет.

Абаны булгаган башкы "күнөөкөрлөрдүн" бири машиналар. Тегерандагы 2 миллион чакты жеңил машинанын көпчүлүгү эскилиги жеткен, булганыч заттарды чыпкалоочу фильтри жок. Тегерандын туш тарабынан тоо менен курчалып, чуңкурда жайгашканы да абанын алмашып турушуна тоскоол болот. Тегеран адатта коюу түтүнгө чулганып турат. Соңку эсептөө боюнча, шаардын бир тургуну бир жылда 7-9 килограм чаң жутат.

Бишкек да соңку жылдары абасы булганч шаарга айланып баратат, абанын оордугу жайкы аптапта айрыкча сезилет. Ошондуктан, Тегерандын тажрыйбасы бизге да пайдалуу болушу мүмкүн. 2001-жылы Ирандын өкмөтү абанын булганычын кыскартуу боюнча 10 жылдык программа кабыл алган. Ага ылайык, эски машиналар акырындык менен пайдалануудан чыгарылат. Тегеранда жер алды менен метро курулуп жатат. Жыл сайын өтүүчү "Улуттук таза аба күнүндө" шаар тургундары эң зарыл болбосо, коомдук транспортту пайдаланышат.

Бирок жашыл активисттер бул иш-чаралар жетишсиз дешет. Алардын бири Хоссейн Аболхассани Аялдардын Айлана-чөйрөнүн булганышына каршы коомунун мүчөсү:

- Бийликтер биринчи кезекте машиналардын номеринин жуп же так экенине жараша шаарга эки күндө бир гана келишин камсыздашы керек. Ошондой эле бир машинанын бир эле жүргүнчү менен шаарга киришине тыюу салышса болмок. Мындан тышкары, коомдук унаа системасын жакшыртып, таза күйүүчү майды пайдаланууга шарт түзүү зарыл.

Абанын тазарышында бейөкмөт уюмдар чоң салым кошо алышат. Мисалы ирандык аялдардын Айлана-чөйрөнүн булганышына каршы коому балдардын катышуусу менен бир нече демонстрация өткөргөн:

- Балдар "Биз да жашагыбыз керек", "Эмнеге абаны мынча булгадыңар?", "Силерден кийин биз да күн көрөлү, бир нерсе кылгыла" деп кыйкырып жатышты. Бул кичинекей балдар болчу. Бейөкмөт уюмдар иштей баштагандан бери 30-40 миңдей такси таза күйүүчү майды пайдалана башташты. Өкмөт автобустарда да таза май колдонулаары жарыялады.

Тегерандын Абанын сапатын көзөмөлдөө кеңсесинин билдиришинче, шаар абасынын булганыш көрсөткүчү өткөн ишембиде 168ге жетти. Буга салыштырмалуу ишемби күнү Нью-Йоркто бул көрсөткүч 52, ал эми Бангкокто 57 болду.

XS
SM
MD
LG