Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 06:22

ПРЕЗИДЕНТ ШААРДЫК АКТИВДИ КЫРААКЫЛЫККА ЧАКЫРДЫ


Улуттук филормонияда өткөн Бишкек шаарынын жалпы жыйынында мамлекет башчысы Аскар Акаев Жогорку Кеңештин мыйзам чыгаруу жыйынын реформанын жүрүшүнө тоскоол болгондугун айыптады. Ошондой эле мамлекет башчы алдыдагы парламенттик жана президенттик шайлоого карата чет элдик уюмдардын каражаты менен Грузиядагыдай “Бархат” революциясын уюштурууга айрым оппозициялык кыймылдар кызыкдар деген оюн билдирди.

Жалпы жыйынга Бишкек шаарындагы өндүрүш-ишкана жетекчилери, социалдык тармактын өкүлдөрү катышты. Шаардын мэри Медетбек Керимкулов,

«Бишкек шаары 2004-жылдагы баардык социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрдү ашыгы менен аткарды. Ички дүң продукциясы 27 млрд. сом, же пландык көрсөткүч 107% болуп, өлкөнүн бюджетинин үчтөн бир бөлүгүн түздү».

-деди Медетбек Керимкулов. Жыйынга катышкан мамлекет башчы Аскар Акаев өлкөнүн өткөн жылдагы экономикалык өсүштөрүнө токтолуп, эл аралык бир катар финансы уюмдарынын жардамы менен көптөгөн социалдык маселелер чечилгенин белгиледи. Үстүбүздөгү жылы Жапон өкмөтүнүн жардамы менен Бишкекте маалымат борбору, жана технопарк ачылаарын билдирди.

«Бир жумадан кийин Бишкекте биринчилерден болуп Жапон маалымат технологиялык борборун ачабыз. Ошондой эле Жапондуктар менен технопарк курууга макулдаштык».
-деди Аскар Акаев. Президент ошондой эле 2005-жыл саясий окуяларга бай экендигине токтолуп өлкөдөгү реформаны жүргүзүүдө Жогорку Кеңештин мыйзам чыгаруу палатасы тарабынан тоскоолдуктар болгонун билдирди.

«Акыркы жылдары реформаны жүргүзүүгө парламент тарабынан бөгөт коюлуп, бир катар мыйзамдар кабыл алынбай калды. Мен депутаттар менен жолугушканда өздөрүнө да айттым. Мындан эки жыл мурда Конституциянын жаңы редакциясы кабыл алынгандан кийин палатага өлкөнүн өнүгүүсүнө байланыштуу бир катар мыйзам долбоорун сунуштаган элек. Жыйынтыгында ал мыйзам долбоорлорунун 25% эле араң кабыл алынды».

-деди Аскар Акаев. Анын айтымында Казакстан жана Өзбекстан менен кол коюлган келишимдерге ылайык парламент тарабынан ратификация болбогондугу, тиешелүү мыйзамдар кабыл алынбай калгандыгынын кесепетинен улам кошуна мамлекеттер менен ымала начарлаган. Ал эми бул ойго Жогорку Кеңештин мыйзам чыгаруу жыйынын депутаты Акылбек Жапаров кошула албайт.Ал жетектеген салык жана бажы маселеси боюнча комитет өкмөт тарабынан сунуштаган мыйзам долбоорлорун баардыгын кабыл алгандыгын билдирди.
Биздин комитетте 28 депутат бар. Биз өкмөт тарабынан сунушталган мыйзам долбоолордун бардыгын өткөргөнбүз.
-деди Акылбек Жапаров.
Ал эми «алдыда болуучу парламенттик жана президенттик шайлоолорго байланыштуу айрым эл аралык уюмдар оппозициялык күчтөрдү каржылап Украинадагыдай жана Грузиядагыдай бархыт революциясын уюштурууга кызыкдар болууда»,-деди президент Акаев.

Азыркы учурда эл аралык уюмдардын каржылоосу менен уюштурулуп жаткан кыймылдар бар. Алар Сербия, Украина, Грузиядагыдай революция кылууну максат кылууда. Бирок биздин эл айкөлдүк көрсөтүп, андай бөлүп жарганга барбайт деп ишенем.
-деди Аскар Акаев.

XS
SM
MD
LG