Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:39

ИРАКТАГЫ ШАЙЛОО ӨЗГӨЧӨ КЫРДААЛДЫН ШАРТЫНДА ӨТӨТ


Кубат Оторбаев, Прага Ирактын убактылуу премьер-министри Аяд Аллави өлкөдө жарыяланган өзгөчө кырдаалдын мөөнөтүн дагы 30 күнгө узартты. Мындай кадамга Ирактын бийлиги жалпы элдик шайлоону коопсуз жагдайда өткөрүп алуу максатында жасап отурат. Анткени шайлоо жакындаган сайын козголоңчулардын кол салуусу күчөп, өлкөдө күнү куру эмес адамдар каза болууда. Бейшемби күнү дагы америкалык тогуз жоокер окко учту. Ал эми өкмөттө иштеген бир катар чиновниктер өз өмүрлөрүнөн коркуп, отставкага кетип жатышат.

Ирактын аймагына өзгөчө кырдаал ноябрдын башында Фаллужада кармаштар күчөгөндө киргизилген болчу. 30-январдагы шайлоо жакындаган сайын Иракта кырдаал курчуп, зордук-зомбулук күчөп кетти.

Өзгөчө кырдаал жарыялоо менен Ирактын өкмөтү өзүнө бир катар укуктарды алат. Так айтканда бийлик коменданттык саат жарыялап, чегара, аэропортторду жаап, шектүү делген адамдарды кармап, камакка ала алат. Аяд Аллави алдыдагы шайлоону үзгүлтүккө учуратууну көздөп жаткандарды “терс күчтөр” катары атап, аларды айыптады. Ал журналисттерге берген интервьюсунда мындан ары да кан төгүү күчөй турганын белгиледи:

- Биз Иракты кайра баштан куруп жатабыз, ошол себептен куугунтукка көбүрөөк алынабыз. Терс күчтөр бизди максаттан тайыса экен, өнүгүп-өспөсө экен деп турушат.

Кеңсеси Лондондо жайгашкан Падышалык институттун Ирак боюнча адиси, доктор Гейрет Стансфилд шайлоо убагында өзгөчө кырдаалдын киргизилиши өнөктүктүн жыйынтыктарынын мыйзамдуулугунан күмөн санатышы ыктымал, бирок Аллавинин андан башка аргасы калган жок дейт:

– Согушту элестеткендей кандуу кармаш жүрүп жатканда өзгөчө кырдаалдын жарыяланышы шайлоонун канчалык деңгээлде эркин, калыс жана мыйзамдуу өткөнүнө шек келтириши ыктымал. Бирок Аллави мындайга барбаса козголоңчулар ойдогусун кылышат. Ошондон улам Аллави эки оттун ортосунда калды.

6-январда бейшемби күнү Багдаддын түндүк-чыгышында түшүп бараткан автомашинасы бомбага кабылып, америкалык 7 аскер каза табышты. Мындан тышкары Багдаддан анча алыс эмес Ал-Анбар аймагында америкалык дагы эки деңиз жоокери окко учушту.

Кошмо Штаттарынын Ирактагы аскер күчтөрүн башкарып жаткан генерал-лейтенант Томас Метстин айтымында өлкөнүн 18 облусундагы төрт провинцияда коопсуздук жагдайы курч бойдон калууда. Генерал “шайлоо өз мөөнөтүндө өтүүгө тийиш, эгер өнөктүктү өз убагында жүргүзбөй, максаттан тайысак эле анда бул козголоңчулардын чырагына май тамызат” деген пикирде.

Ал арада шайлоо комиссиясынын айрым мүчөлөрү өздөрүнүн жана үй-бүлө, жакындарынын өмүрлөрүнөн коркуп отставкага кетип жатышат. Анткени дал ошол шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнө козголоңчулар көбүрөөк кол салып жатышат. “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун аналитиги Кэтлин Ридольфонун айтымында ушуга чейин шайлоо комиссияларынын тогуз мүчөсү өз каалоосу менен кызматтан баш тартышты.

6-январда Йорданиянын борбору Амманда Ирактагы шайлоого байланыштуу аймактык жыйын өттү. Ага Ирак, Йордания, Сирия, Сауд Аравия, Түркия жана Кувейттин тышкы иштер министрлери катышты.

XS
SM
MD
LG