Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:53

БИШКЕКТЕГИ ПИКЕТ МИТИНГГЕ ЖАНА ЖҮРҮШКӨ АЙЛАНДЫ


Бишкектеги №1 Университет шайлоо чөлкөмүнөн бейшембиде депутаттыкка талапкерликке катталып, кайра ошол эле күнү беш сааттан кийин талапкерлиги алынып салынган өлкөнүн мурдагы тышкы иштер министри жана мурдагы элчи, оппозициялык “Атажурт” кыймылынын теңтөрайымы Роза Отунбаеванын жактоочулары бүгүн эртең менен Жогорку Кеңештин алдына пикетке чыгышты. Түшкү саат 1:30 чамасында полиция кызматкерлери "Ата Журт" кыймылынын өкүлдөрү тарабынан аянтка тигилген чатырларды бузуп, күч менен алып кетти. Андан кийин пикеттин катышуучулары митинг уюштурушуп, Акүйдү көздөй жөө жүрүшкө чыгышты.

"Роза Отунбаеванын талапкерликке катталуусун талап кылабыз", "Дипломаттар шайлоодон четтетилбесин", "Саясий куугунтук башталдыбы?" деген жазуулар жазылган плакаттарды кармашкан 70тен ашуун Роза Отунбаеванын жактоочулары бүгүн (8-январь күнү) эртең менен Жогорку кеңештин алдындагы эски аянтка пикетке чыгышты.

Аянтка "Ата Журт" кыймылынын эн тамгасы тартылган чатырлар да тигилди.

Пикетчилердин катарында укук коргоочулар, Жогорку кеңештин депутаттары, мурунку элчилер жана карапайым адамдар турушту.

Ал эми президенттик администрациянын жетекчисинин 1-орунбасары Болот Жанузаков бүгүнкү нааразылык иш-чарасын жөнсүз, атайын уюштурулган саясий оюн деп баалады:

- Менин оюмча, бул кылган кылыктарынын баары эптеп эле бөйрөктөн шыйрак чыгарып, элди удургутуу үчүн гана жасалган саясий оюн. Роза Отунбаева билимдүү-илимдүү киши, ал баары бир депутаттыкка баралбасын түшүнүп эле турат.

Жогорку Кеңештин депутаты Болот Шерниязовдун айтымында, кыргыз бийлиги Кыргызстанда быйылкы жылы өтүүчү шайлоолор адилеттүү жана акыйкат өтөт деп жалпы журтчулукка жана дүйнөгө убада берген. Бирок шайлоо башталбай жатып, адилеттик бийлик тарабынан бузулуп жатат:

- Шайлоо башталбай жатып, талапкерлерди каттоо мезгилинде эле шайлоолор кандай өтөрү белгилүү болуп жатат. Мыйзам бийликтин колундагы буйлаланган төөгө айланып калды. Биз эң биринчи мыйзамды сакташыбыз керек.

Пикетте турган кишилер да Болот Шерниязовдун мындай оюна кошулаарын айтышты:

- Менин аты-жөнүм Өскөн Боромбаев, “Алатоо” жаңы конушунун тургуну болом. Биз № 1 чөлкөмдүн шайлоо комиссиясынын чечимине нааразыбыз. Ошондуктан пикетке чыктык.

Ал эми өзүн “Акөргөө” жаңы конушунун тургуну Нурматова деп тааныштырган аял:

- Биз бул жылкы шайлоону акыйкат, чынчыл болот деп күткөнбүз. Бирок шайлоо башталбай жатып, мындай укук бузуулар болгондуктан биз ушул жерде Роза Отунбаеванын укугун коргоо үчүн келдик. Мындан тышкары Роза Отунбаеванын укугун коргоо комитети түзүлгөн, биз ошол комитетке мүчө болуп кирди.

Ошондой эле өзүн Абдыкерим деп тааныштырган жигит “келечек, эл жана Кыргызстан үчүн” деп пикетке чыккандыгын айтты.

Пикетчилер сары түстөгү тасмаларды жана моюн орогучтарды (шарфтарды) тагынып турушту.

Роза Отунбаеванын айтымында, сары түс - өзгөрүүлөрдүн белгиси, ошондуктан «Ата Журт» коомдук саясий кыймылы өзүнүн эн тамгасынын өңүн да сары түстө алган.

Түшкө чейин пикетчилерге бийлик тарабынан эч ким келген жок. Саат түшкү 1:30 чамасында нааразылык акциясынын катышуучуларына Бишкек шаардык прокурорунун орун басары Рыскулбек Марженов келип, Бишкек шаардык кеңеши тарабынан 2000-жылдын 31-мартында кабыл алынган токтомго ылайык коомдук жайларга чатыр, боз үй тигүүгө уруксат берилбесин айтты:

- Аянттарга той, тажия жана башкаларды өткөрүүгө уруксат жок. Ошондуктан чатырларды да алууңарды өтүнөбүз. Ким каалаган эле келип, көрүнгөн жерге чатыр тигип кирүүгө болбойт. Бул - шаар, борбор болуп саналат.

Ошол эле убакта атайын даярдалган полициялык бөлүктүн кызматкерлери ары жактан чынжырча сымал чиркелишкен 200дөн ашуун полиция (милиция) кызматкерлеринин коргоосу астында келип, тигилген чатырларды бузуп алып кетишти. Бул окуя пикетчилердин кыжырдануусун туудурду.

Мындан кийин пикетте тургандар аянтта митинг уюштуруп, анда оппозициячыл саясий партиялардын жетекчилери, укук коргоочулар жана депутаттар чыгып сүйлөштү. Алар пикетке жолтоо болуу аракетин бийликтин кырдаалды курчутуу үчүн атайын жасаган чагымы деп баалашты. Андан кийин пикетчилер ордо шаардын чордондук көчөсүндө кыска жүрүш жасашты.

Нааразылык чарасын уюштургандар өз күрөшүн мыйзамдын чегинде уланта берээрин айтууда.



(Сүрөттө: полиция чатырларды бузуп жаткан учур.)
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG