Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:33

КЫРГЫЗСТАНДА САЯСИЙ КЫРДААЛ КУРЧУШУ ЫКТЫМАЛБЫ?


Бакыт Аманбаев, Бишкек Оппозиция өкүлдөрү бүгүн (8-январда) Бишкекте нааразылык иш-чарасын уюштуруп, Жогорку Кеңештин имаратынын алдына чатырларды тигишти. Ушул эле күнү эки жүздөн ашуун милиция кызматкерлери аянтка келип, андагы чатырларды жыйнап кетишти. Буга нааразы болгон нааразылык чарасынын катышуучулары мамлекет башчы Аскар Акаевди жана БШК төрагасы Сулайман Иманбаевди "кызматтан кетсин" деп кыйкырышып, Бишкектин эл көп жашаган көчөлөрү аркылуу жөө жүрүш жасады. Бир нече сааттан соң алар мындай аракеттер 9-январда да улантыла тургандыгын эскертип үйлөрүнө тарашты. Айрым саясатчылар мындай көрүнүштү «Келечекте Кыргызстанда саясий төңкөрүшкө алып келүүчү окуянын башталышы» деп баалашууда, бирок мындай пикирге аткаруу бийлигинин өкүлдөрү макул эмес.

Жөө жүрүш эки жүздөн ашуун милиция кызматкерлери нааразылык чарасынын катышуучулары тиккен чатырларды күч менен жыйнап кеткенден кийин башталды. Жөө жүрүштүн катышуучулары адегенде, Акүйдүн алдына, андан соң эл көп баскан Чүй, проспектиси аркылуу «Айчүрөк» дүкөнүнө чейин барышты. Андан соң Совет көчөсү аркылуу ылдый бет алып, Абдымомунов көчөсү менен Жогорку Кеңештин имаратынын алдына кайра келишти.

Буга чейинки жөө жүрүштөрдөн айырмасы - бул жолу нааразылык чарасын уюштурган элдин катарында Мыйзам чыгаруу жыйын депутаттары Өмүрбек Текебаев, Алымбай Султанов, Адахан Мадумаров, Дүйшөн Чотонов, Эл өкүлдөр жыйынынын депутаты Болот Шерниязов, Анвар Артыков жана башка элге белгилүү саясатчы адамдар жүрүштү.

Жөө жүрүштүн катышуучулары «Мамлекет башчы Аскар Акаев, Борбордук шайлоо комиссия төрагасы Сулайман Иманбаев кызматтан кетсин!» деп кыйкырып жатты. Ошондой эле алар ары бери өткөн атуулдарга микрофон аркылуу өздөрүнүн эмне үчүн мындай акцияга барып жаткандыгын түшүндүрүп, «Кыргыз эли ойгонгула!» деген ураанды кайталап чакырып жатты.

Жогорку Кеңештин алдына келишкенден кийин нааразылык чарасынын катышуучулары 9-январда да көчөгө чыгыша тургандыгын эскертишип, үйлөрүнө тарады.

Ишембиде Бишкекте болгон саясий акция тууралуу коомчулукта түрдүү пикирлер жаралууда. Айрым саясатчылар эгерде аткаруу бийлиги оппозиция өкүлдөрүнө карата адилетсиз мамилесин токтотпосо, келечекте Кыргызстанда да саясий кырдаал курчуп кетиши ыктымалдыгын айтат:

- Буга президент баштаган бийлик өкүлдөрү түртүүдө. Бул - башталышы. Эртең бүрсүгүндөн ошол беш кыймылдын бардыгы бир жакадан баш чыгарат. Ондогон жерлерде нааразылык акциясы чыга баштайт, - деди «Эркиндик» партиясынын төрагасы Топчубек Тургуналиев.

Ал эми бийликтин пикетчилерге жасаган аракети тууралуу Эл өкүлдөр жыйынынын депутаты Муратбек Мукашев мындай деген пикирин билдирди:

- Бул - бийликтин туура эмес кылган ыпылас иши. Мына Грузияда, Украинада кандай чоң окуялар болду. Шеварднадзе же Кучма элге карата кандайдыр бир мыйзамсыз кадамдарга барган жок. Ал - чыныгы демократиянын белгиси. Ал эми «Кыргызстан - адам укугун урматтаган өлкө» деген кыргыз бийлигинин элге жасаган мамилеси кандай болууда. Бул - туура эмес.

Азырынча өлкөдөгү мындай саясий окуяларга карата президенттик администрация, өкмөт же Борбордук шайлоо комиссиясынын өкүлдөрү расмий жооп бере элек.

Ал эми президенттин малымат катчысы Абдил Сегизбаев «Азаттыктын» кабарчысына учурда Кыргызстанда 8-январда болгон окуялар тууралуу мындай деди:

- Бул - Борбордук шайлоо комиссиясына тиешелүү нерсе. Президент БШКнын ишине кийлигише албайт. Экинчиден, оппозиция өкүлдөрүнүн каалаган жерге пикетке чыгышкандыгы мыйзамсыз. Ага кыргыз мыйзамдары жол бербейт.

Ошентип, байкоочулардын баамында, парламенттик шайлоо алдында Кыргызстанда саясий тирешүү курчуй баштады. Оппозиция өкүлдөрү кырдаал курчуй берсе, келечекте Кыргызстанда да Украина менен Грузиядагыдай саясий окуялар кайталанышы ыктымал деген жоромолун айтышса, мамлекет башчы Аскар Акаев жибек ынкылабын эңсеген саясий кыймылдарга ар тараптуу сокку урула тургандыгын эскертип келет.

XS
SM
MD
LG