Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Февраль, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:10

ГРУЗИЯ МЕНЕН УКРАИНАГА ТАШ ЫРГЫТУУ МЕНЕН АСКАР АКАЕВ ОРУСИЯГА ЖАГЫНЫП АТАБЫ?


Чолпон Орозобекова, Бишкек. Бүгүн Аскар Акаев Чүй дубанынын коомчулугу менен жолугушту. Анда ыңкылаптан кийинки Грузия менен Украинанын бийликтерин сынга алды. Президенттин маалымат кызматы билдиргенге караганда, Аскар Акаев республика боюнча ар бир дубанда ушундай жолугушууларды өткөрөт. Айрым саясий күчтөр муну мамлекет башчынын шайлоого тымызын даярдыгы катары баалашууда.

Мамлекет башчы Аскар Акаев 2004-жылды экономикалык өсүштүн жана стабилдүүлүктүн жылы катары баалады. Ал Чүй дубанындагы айрым жетишкендиктерге токтолду, бирок өзү туулуп өскөн региондун айрым дубандардан артта калып жатканына капа болду.

Аскар Акаев дубан башкалаанын жанында болсо дагы жаңы үйлөр салынбай, айылдардын кунары кетип баратканына кейиди. «Айрыкча чет өлкөдөн келген меймандардан уялат экенсиң» деди президент.

Аскар Акаевдин айтымында, Кыргызстан жакырчылыкты жоюу боюнча өтө чоң иш-чараларды жүргүздү, муну эл аралык уюмдар да баса белгилеп жатышат. Ал эми келе жаткан шайлоолорду демократиялык нукта адилет өткөрүш үчүн өлкөдө мыйзамдык база жетиштүү.

Мамлекет башчынын пикиринде, ушуга көз жуумп айрым популист саясатчылар «шайлоолор демократиялуу өтпөйт» деп алдын-ала кыйкырып жатышат. Аскар Акаев муну провокация катары мүнөздөдү. Өлкөдөгү сөз эркиндиги жана оппозициялык күчтөр тууралуу ал буларды айтты:

- Мен чийинден чыккан, жоопкерчиликсиз эркиндик деп баалайм. Конструктивдүү оппозиция жана сын болсо бир жөн эле. Жөн эле калпты жазуу менен жалаа жаап атышат, гезиттер баш болуп. Мен болсо чыдап эле келатам. Эгер эл аралык уюмдарга ушинтип көө жапкандары жагып атса, анда... чыдайбыз да. Мага эң башкысы - өлкөнүн өсүп-өнүккөнү керек.

Мамлекет башчы Грузия жана Украинадагыдай ыңкылаптар жакшылыкка алып келбестигин дагы бир ирет кайталап айтты. Президент Аскар Акаевдин пикиринде, дал ушундай ыңкылапты башынан кечирген Грузияны көз карандысыз мамлекет катары караганга айрым кырдаалдар жол бербейт. Мамлекет башчысы ырастаганга караганда, Грузиянын президенти жана башка өкмөт мүчөлөрү Жорж Соростун колунан айлык алышууда.

«Мугалим, илимпоз жана академиктерине айлык бере албай жатып, чет өлкөлүк миллиардерден айлык алганы менен кантип сыймыктанууга болот», - деди Аскар Акаев.

Президент Аскар Акаевдин Украинадагы ыңкылаптан кийин бийликке татыктуу адамдар келгенине күмөнү бар экен:

- Премьер-министрликке бекиген аткан жанагы «газ айымын» карагылачы, ал деген эл аралык издөөдө да, КМШ алкагында чоң коррупциячылардын бири, эми болсо революциячы жана демократ болуп атат, - деди Аскар Акаев.


Мамлекет башчынын бул сөзү коомчулукта ар кыл пикирлерди жаратууда.

Кыргызстан элдик кыймылынын мүчөсү, мурдагы министр Кулубек Бөкөнбаев президенттин бул чыгуусун Орусияга кошоматчылык катары баалады. Бөкөнбаев мырзанын оюнча, мурдараак кыргыз бийлиги АКШга жагалданып келсе, Батыштагы өлкөлөр алдыдагы шайлоолордун конституцияга ылайык өтүшүн талап кыла баштагандан кийин, Акаев Орусияга ыктап, анын көмөчүнө күл тарта баштады.

Президенттин маалымат кызматы тастыктаганга караганда, мамлекет башчысы ар бир дубанда ушул өңдүү коомчулук менен жолугушууларды өткөрөт.

Айрым байкоочулар шайлоолор ирегеде тургандагы президенттин мындай жолугушууларына саясий сүртүм берип жатышат. Президенттин басма сөз кызматынын жетекчиси Досаалы Эсеналиев билдиргенге караганда, мамлекет башчы жыл сайын республиканы кыдырат жана буга саясий бойок сүртүштүн кажети жок.

«Былтыр дал ушул маалда да президент жумуриятты кыдырып чыккан», - дейт Досаалы Эсеналиев.

Президенттин маалымат кызматынын башчысы билдиргенге караганда, дубандардагы мындай жолугушуулар жыл жыйынтыгын чыгарып, жаңырган жылдын мүдөөлөрүн аныктоого багытталган.

Бирок, бул пикирге кошулбаган саясатчылардын бири - «Республика» партиясынын лидерлеринин бири Гияз Токомбаев президент Аскар Акаев эл ичинен, айрыкча мамлекеттик казынага көз каранды коомчулуктун ичинен, тарапкерлерин издөө жараянын баштады дейт.

Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев Аскар Акаевдин бул жүрүшүн шайлоо кампаниясы катары бааласа болот деген ойдо.

- Он төрт жылдан бери аны жакшы билип калдык, президенттен күтүүсүз нерсени да күтсө болот, - дейт депутат Масалиев.

XS
SM
MD
LG