Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:17

БАЙЛАРДЫН КӨБҮ БИЙЛИКТЕГИЛЕРБИ?


Сапар Орозбаков, Бишкек Жалалабаддагы «Фергана» гезити 3 жылдан бери өлкөдөгү бай адамдарды аныктап келет. Жакында ал байлардын жаӈы тизмесин жарыя кылды. Гезиттин жарыялаган тизмесине караганда, өлкөдөгү эӈ бай деген 100 адамдын жарымынан көбүн азыр же мурда жогорку мамлекеттик кызматтарда иштегендер жана алардын тууган-туушкандары түзөт.

Гезиттин баш редактору Бакыт Орунбековдун айтымында, гезит адегенде сурамжылоо жүргүзүп, бай адамдардын жалпы тизмесин түзгөн. Сурамжылоого катышкандар бай адам деп 1000 жакын адамдын атын аташкан. Андан кийин гезит өлкөнү жакшы билген 300 экспертти сурамжылап, ошол 1000 адамдын ичинен эӈ бай деген 100 адамды аныктаган. Бул тууралуу гезиттин баш редактору Бакыт Орунбеков бизге мындай деп билдирди:

-Мамлекеттик деӈгээлдеги өтө бай адамдарды атап бергиле деп биз тизмени республиканы жакшы билген Бишкекте, Ошто, Жалаkабадда, Баткенде жашаган эксперттерге бердик. Алар 100 байды аныктап беришти. Биз ошол 100 байды жарыялап койдук – деди Бакыт Орунбеков.

Тизменин басымдуу көпчүлүгүн азыр же мурда мамлекеттик кызматта иштегендер, алардын тууган-туушкандары, жек-жааттары түзөт. Анда премьер-министр Николай Танаев баштаган аткаруу бийлигинин 23 өкүлү бар. Бай деп каржы министри Болот Абилдаевдин, Мамлекеттик мүлктү башкаруу комитетинин жакында эле кызматтан кеткен төрагасы Равшан Жээнбековдун, Өзгөчө кырдаал министри Темирбек Акматалиевдин, Экономикалык өнүгүү министри Амангелди Муралиевдин, губернаторлор Токон Шайлиеванын, Аскар Салымбековдун, Накен Касиевдин, Аскарбек Шадиевдин жана Бишкек шаарынын мэри Медетбек Керимкуловдун аттары аталат. Тизмеде президенттик администрациянын жетекчиси Тойчубек Касымов, анын орун басары Болот Жанузаков, Конституциялык соттун төрайымы Чолпон Баекова, Улуттук банктын төрагасы Улан Сарбанов жана 32 депутат бар. Ага президенттин 3 жакын адамы да кирген:

-Ушул 100 байдын ичинде президенттин агасы Асанкул Акаевдин, баласы Айдар Акаевдин, күйөө баласы Адил Тойгонбаевдин аттары аталды. Алар байлардын рейтингинде алдынкы орундарга чыгышты- деди Бакыт Орунбеков.

Буга байланыштуу айта кетүү зарыл - Аскар Акаев өзү чет өлкөлүк гезиттердин бирине берген интервьюсунда күйөө-баласынын ишкерлиги жакшы жүрүп жаткандыгын айткан болчу. Бирок уулу жана агасы жөнүндө ал эч нерсе айткан эмес.

Бакыт Орунбековдун билдирүүсүнө караганда жарыяланган тизмеге макул эместер да чыгып жатат. Баш редактор андайлардын көпчүлүгү бийлитегилер экендигин билдирди:

-Газетага жарыялангандан кийин тизмеге кирген айрым адамдар «мен бай эмесмин, мени эмнеге тизмеге киргиздиӈер» деп таарынычын айтышты. Ошол эле учурда башка адамдар «мен деле баймын, эмне үчүн мен 100 кишинин арасында жокмун» деп жатышат. Мисалы, таарынып жаткандар - мамлекеттик бийликте отургандар. Бул түшүнүктүү эле да. Алардын аттарына жазылган бир дагы ишкана, фирма же базар жок. Алар ага-туугандарына, бала-чакасына катталган. Бирок, элдин пикиринде, алар мамлекеттик кызматтан пайдаланып, өз туугандарына байлык топтоп беришкен. Элде мамлекетик кызматта тургандар кедей болбойт деген пикир басымдуу –дейт Бакыт Орунбеков.

Чет өлкөлөрдө байлардын рейтингин иликтөө кадимки эле көрүнүш. АКШдагы «Форбс журналы жылыга дүйнөдөгү эӈ бай адамдардын тизмесин гана эмес, алардын байлыгынын көлөмүн аныктап, рейтингин да жарыялап келет. Анын маалыматтары ишенимдүү деп эсептелип, көп деле күмөнчүлүк туудурбайт. «Фергана» гезити жарыялаган тизмеге көптөр анчалык ишене беришпейт. Алардын бири - АКИпресс маалымат агенттиги:

- Адамдардын пикирлери деп түшүнүү зарыл. Башкача айтканда, адамдар ушинтип ойлошот деп гана, бул тизмеге ишенсе болот. Бирок бул чынында ушулар гана бай адамдар дегендикти билдирбейт. Бул тизмеге киргизсе боло турган башка адамдар жок дегендикти билдирбейт. Бул жөн эле айрым адамдардын пикири. Чынында алардын айрымдары анчалык деле бай эмес. Тескерисинче, чоӈ байлыгы адамдардын айрымдары тизмеге кирбей калышы мүмкүн- деди аткаруучу директору Евгений Гопкало.

Бакыт Орунбеков мындан ары гезит байлардын тизмесин гана жарыялабастан, алардын байлыктарынын көлөмүн тактоого аракет кылаарын билдирди.

XS
SM
MD
LG