Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:11

ООГАНСТАНДА БЫЙЫЛ 4200 ТОННА АПИЙИМ АЛЫНДЫ


Кубат Оторбаев, Прага Быйыл Ооганстанда 4200 тонна апийим алынды. Анын бир бөлүгү чегаралаш Пакистан, Иран жана Борбор Азия мамлекеттеринде калат. Көбү болсо Евроага, атургай Кошмо Штаттарына чейин жетет. Ооган апийими бийликтерди жана элди кантип бейпайга салып жатканы тууралуу Пакистандын мисалында айтылат.

Кветта - Пакистандын түштүк-чыгышында жайгашкан Белужистан провинциясынын борбору. Ал Ооганстандын чегарасына өтө жакын жайгашкан, ошондон улам героин баштаган күчтүү маңзаттарды бул жерден оңой эле тапса болот.

Ага жараша бул жерде баңгилердин да саны көп. Кветтанын борбордук көчөлөрүнүн биринде эле 500гө жакын баңгилер жол боюнда топтолгон. Аларды бул жерге маңзатка болгон жапайы кумар жетелеп келген. Арасында сакалын сүйрөгөн кары-картаңдан тартып бешиктен бели чыга элек балдарга чейин бар. Баңгилер коркордон нашаа чегип, фольгада күйгөн героинди колдон колго кезек менен өткөрүп алып ырахаттанып отурат. Наркы бурчта бирөө болсо өлүү-тирүүсү белгисиз болуп, үч бүктөлүп башын мыкчып жатат. “Бир эле тарттырып коюңуз, болбосо атып салыңыз” деп жалынып-жалбарып атканы да бар.

Быйыл Ооганстанда апийим өтө көп алынды. Анын жалпы баасы 2 миллиард 800 миллион долларга бааланууда. Маңзаттардын көбү Европага чейин жетип, сатылат. Бириккен улуттар уюмунун маңзаттарга жана кылмыштуулукка каршы күрөш башкармалыгынын жакында берген маалыматы боюнча Манчестер, Москва, Париж, Берлин сыяктуу Европанын үлкөн шаарларында оогон героини колдон колго өтүп сатылып, он миңдеген адамдардын жаны кыйылат.

Апийимдин бир бөлүгү ал ташылып өткөн мамлекеттерде да калат жана анын кесепетинен өткөөл өлкөлөрдө да жапайы кумарга алдыргандардын саны аз эмес. Мисалы, Пакистанда жарым миллиондой, Иранда миллиондой баңгилер бар. Бир эсе буга маңзаттардын баасынын өтө эле арзандыгы да шыкак берип жаткандай. Алсак, биз сөз кылып жаткан Кветта шаарында анын бир пакети 70 рупий же Улуу Британиянын акчасы менен 60 пенс турат. Ошондон улам Кветтага баңгилер ар кайсы жерден чогулушат. Ортомчулар да жүнүн жейт.

Пакистандын коопсуздук күчтөрү болсо маңзаттардын жолун кан буугандай биротоло токтотуп коюуга алсыз болуп жатат. Муну Белужистан провинциясынын маңзаттарга каршы күрөш боюнча мекемесинин жетекчиси Бриг Анвар ал-Хаг да мойнуна алат. Анын айтымында чабагандар тар жол, тайгак кечүүлөрдү пайдаланышат. Жердин шартын мыкты өздөштүрүп, коендун жатагына чейин билип алышкан. Алардын колунда мыкты техника, акыркы үлгүдөгү курал-жарактар бар.

Белужистандын бийликтери өткөн жылы жети тонна морфий жана 157 килограмм героин кармашкан. Ооганстанда болсо 4200 тонна апийим өстүрүлдү. Маңзаттарды ташууга полициянын кызматкерлери да көмөктөшкөн учурлар жок эмес. Мисалы, чиновниктер айлык катары үч жарым миң рупий алышат. Чабагандар болсо ойго келбеген пара сунушташат.

XS
SM
MD
LG