Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:15

“ФАРЕНГЕЙТ БОЮНЧА 9/11” - “ЖЫЛДЫН МЫКТЫ ФИЛЬМИ” ДЕП АТАЛДЫ


Кубат Оторбаев, Прага Жекшембиде Лос-Анжелесте “Эл тандоосу” деп аталган сыйлыктын кезектеги 31-жыйынтыгы чыгарылды. Америкалык көрармандар “Фаренгейт боюнча 9/11” аттуу документалдык фильмди “2004-жылдын эң мыкты фильми” деп аташты. Президент Жорж Буштун саясатын сынга алган даректүү тасманы тарткан режиссер Майкл Мур бул сыйлыкты балдары Иракта аскердик милдет өтөп жүргөн ата-энелерге арнай тургандыгын билдирди.

Кошмо Штаттарындагы киносүйүүчүлөрдүн сыйлыгын алып жатып Майкл Мур кубанганын жашыралбай “Биз кубаттуу мамлекетте жашайбыз. Өз өлкөбүздү ушунчалык жакшы көрөбүз. Сиздер – америкалыктар мен тарткан фильмге добуш бергениңиздерге чексиз ыраазымын!”, - деди.

Кинорежиссер бул даректүү тасмасы аркылуу 2001-жылдын 11-сентябрында Кошмо Штаттарынын аймагында болгон террордук актыларга байланыштуу президент Жорж Бушту катуу сынга алган. Майкл Мур террордук акты тууралуу дагы бир жаңы фильм тартам деп убада берди.

Буга чейин эле Майкл Мурдун “Фаренгейт боюнча 9/11” деп аталган даректүү тасмасы киносынчылар тарабынан жакшы баага арзыган. Так айтканда, Канн кинофестивалынын “Алтын пальма жалбырагы” баш байгесин алган эле.

Фильмдин өзү тууралуу айта турган болсок – анда алгач Кошмо Штаттарындагы 2000-жылы өткөн президенттик шайлоо чагылдырылат. Алгач демократтардан талапкер болгон Альберт Гор өзүнүн жеңип чыкканын майрамдап жатат. Телестанциялар дагы аны жеңүүчү деп атап жатышат. Көп өтпөй эле Жорж Буштун жакын туугандарына таандык “Фокс” телекомпаниясы президенттик шайлоону чындыгында Жорж Буштун утуп чыкканын жарыялайт.

Анан көп күнгө созулган добуштарды кайра саноо иши. Жорж Буштун президент болуп жарыяланышы. Жаңы президенттин тез-тез эмгек эс алууга – отпускага кете башташы. Майкл Мур өз фильминде Жорж Буш президент болгон биринчи жылы өз убактысынын 42 процентин отпускада өткөргөн деген статистиканы келтирет.

11-сентябрда учактар Дүйнөлүк соода уюмунун кеңсесине барып урунган убакта да Жорж Буш эмгек эс алууда Флоридада экен. Террордук акты болгон мүнөттөрдө ал жергиликтүү мектепте окуучуларга жомок окуп берип отуруптур. Майкл Мур президенттин террордук актыны кантип укканын тартып алган тасманы да таап, өзүнүн даректүү фильмине кошкон. Жорж Бушка анын жанындагылардын бири акырын келип кулагына бир нерселерди айтат, бирок президенттин жүзүндө таңгалуунун да, коркуунун да, карбаластоонун да белгиси жок – ал мурдагы калыбынан эч жазбай, салмактуулугун сактаптыр. Фильмден бир үзүндү: Алгач Мур кадрдын артынан айтып жатат:

– Ал талап кылынган нерсени жасабай, биз баарыбыз жасай ала турган нерсени жасады. Ал эс алууга кетти, -дейт Мур.

Анан “Эс алуу” деген ырдан үзүндү келтирилет дагы экранда гольф ойноп жаткан Жорж Буш пайда болуп, ал журналисттерге терроризмге каршы күрөш тууралуу акыл айта баштайт:

- Биз террорду токтотушубуз керек. Мен баардык мамлекеттерди террордук актыларды уюштуруп жаткандарды ооздуктоо үчүн колдон келгендин баарын жасоого чакырам. Ырахмат. Эми муну карагыла, - деп туруп Жорж Буш топту бир чабат.

Чын-чынына келгенде “Фаренгейт боюнча 9/11” фильминде эч деле жаңы нерсе айтылган эмес. Анткени тасмада келтирилген дээрлик баардык фактыларды мурда эле эл телекөрсөтүүлөр аркылуу билип алышкан. Мисалы, бин Ладендин көптөгөн жакын туугандары трагедия болгондон төрт күндөн кийин Кошмо Штаттарынан атайын учактар менен чыгып кеткени, бин Ладенге жакын бай адамдар Жорж Буштун нефьт компанияларына акча бергени, Иракта эч кандай өзөктүк куралдар жоктугу жана согуш Иракта мунай үчүн гана ачылганы, Иракта америкалык 20 жашар жоокерлердин өлүп жатканы мурдатан эле белгилүү болчу.

Майкл Мурдун артыкчылыгы ал ушул баардык фактыларды чеберлик менен бири-бирине жалгаштырып, Кошмо Штаттарынын азыркы абалын жана президент Буштун бейнесин ал окуяларга байлап ачып бергендигинде. Өзүнүн айтымында ал Жорж Бушту өтө жаман көрөт. Фильм анын үстүнө 2004-жылдагы президенттик шайлоонун алдында тартылган жана саясий өнөктүктө Жорж Бушка каршы багытталганы жашыруун эмес. Анын үстүнө Жорж Буш мурда Майкл Мурду катуу таарынтып коюптур. Бир ирет ал президентке бир суроо берет, Жорж Буш болсо Мурга: “Өзүңүздү токтоо кармасаңыз. Деги эле сиз өзүңүзгө ылайыктуу башка бир кесип тандап алсаңыз жакшы болот эле!” дептир. Балким, бул фильм ошого жооптур.

Эмнеси болсо да Майкл Мурдун бул тасмасы америкалыктарга жагыптыр. Ал эми “Жылдын тандоосу” аттуу конкурстун калган жеңүүчүлөрүнө келсек, баары болуп 38 фильм ар кандай сыйлыктарга арзыды. Интернет аркылуу аныкталуучу мыктылардын катарында Мэль Гибсондун “Христостун азап чегүүсү” көркөм фильми жана “Шрэк 2” аттуу мультфильм бар. Жылдын “эң мыкты киноактеру” деп америкалыктар Жонни Депти, “эң мыкты актриса” катары Жулию Робертсти аташкан.
XS
SM
MD
LG