Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:13

КАРАПАЙЫМ КАЛКТЫ БИЙЛИК КАРАМА- КАРШЫ КОЮП ЖАТАБЫ?


№1 Университет шайлоо окуругундагы шайлоо комиссиясынын төрайымы Инна Ким 6-январда Роза Отунбаеваны алдыдагы парламенттик шайлоого талапкер катары каттоодо Отунбаеванын таламдашы тарабынан кысым көрсөтүлгөнүн 10-январда өткөн маалымат жыйынынында билдирди. Ушул эле күнү бийлик тарабынан уюштурулган митингдин катышуучулары, Отунбаеванын талапкерлеринин талабы мыйзамсыз экендигин айтышты.

«Кабар» маалымат агенттигинде өткөн маалымат жыйынында №1 Университет шайлоо окуругундагы шайлоо комиссиясынын төрайымы Инна Ким 6-январда Роза Отунбаеванын өкүлдөрү тарабынан кысым көрсөтүлгөндүгүнөн шайлоо комиссиясы Отунбаеваны каттоого алуу тууралуу чечим кабыл алгандыгын маалымдады..

- Роза Отунбаеванын өкүлдөрү шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүн атуулдук кайраттуулукка чакырышты. Отунбаеванын кыргыз эли үчүн жасаган иштерин сыйлап анын арызын канаатандырууну өтүнүштү. Биз алардын кысымынын негизинде аргасыздан биринчи чечимди кабыл алдык.

-деди Инна Ким. Ал эми депутаттыкка талапкер Роза Отунбаева №1 Университет окуругундагы шайлоо комиссиясына эч кандай кысым көрсөтүлбөгөндүгүн. Шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү мыйзамдын чегинде чечим кабыл алгандыгын билдирди.

-Белгилүү юрист Нурлан Сыдыков, ал Абдрахман Сыдыковдун небереси, экинчиси Мамбетжунус Абылов мурдагы элчи, анын да укугу тебеленип жатат. Мына ушул адамдар менин өкүлүм катарында барышкан. Биз тараптан шайлоо комиссиясына эч кандай кысым көрсөтүлгөн жок. Ал эми Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Сулайман Иманбаев айткан депутаттар, Университет шайлоо комиссиясынын экинчи чечиминен кийин, түнкү саат он бирлерде барышып шайлоо комиссиясы туура эмес чечим кабыл алышкандыгын айтышкан.

-деди Роза Отунбаева. Ал эми ушул эле күнү Жогорку Кеңештин имаратынын алдына Роза Отунбаеванын укугун коргоо максатында пикетке чыккан 100 чамалаш атуулдарга, түшкү саат он экиден өткөндө Бишкек шаарынын 300гө жакын тургуну келип пикетке чыккандарды тарап кетүүсүн талап кылышты. Отунбаеванын талапкерлерин «мыйзамды одоно түрдө бузуп жатасыңар»-деп күнөөлөштү.
«Кыргызстан патриоттук кыймылынын» лидерлеринин бири Нурлан Мотуев, аз жерден эки тараптын кагылышуусу болуп кете жаздаганын билдирди.

- 100 жакын пикетке турган адамдарга бийлик тарабынан уюштурган 300 адам келишип биздин ураан, желектерибизди жула турган болгондо, мен бийик секиге чыгып аларга айттым: «Элдер цивилизация керек. Силер кимдин кызыкчылыгы үчүн келип жатасыңар. Кыргызстанга келип жаткан инвестиция, кредитти бийликтеги бир ууч коррупциячы чиновниктер алып жатышат, кимиңер кредит алдыңар», десем мамлекеттик мекемелердин кызматкерлери уялгандарынан туруп калышты. Өзгөчө орус тилдүү улуттар эмне кылаарын билбей туруп калышты. Аяк жагы дискуссияга айланып кетти. «Айланайындар бийлик тукуруп койсо эмне эки тарап болуп мушташалыкбы, минткенибиз болбойт», деп кырдаалды оңдоп кеттим.

Ал ошондой эле бийлик элди кагылыштырып, өзгөчө кырдаал киргизүүнү көздөйт, деген ойдо.

-«Балким бийлик кан төгүүгө чейин алып барып, өзгөчө кырдаал киргизгенди ойлонуштуруп жатабы?»-деген пикирге келесиң.
деди Нурлан Мотуев.

Ал эми Бишкек шаарынын администрациясы тарабынан Роза Отунбаеванын талапкерлерине эч кандай карама-каршы митинг уюштурулбагандыгын, аянтка айрым шаар тургундары өз каалоосу менен келишип жеке пикирлерин билдиргенин маалымдашты.

XS
SM
MD
LG