Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:22

ПАРЛАМЕНТТИК ШАЙЛОО АКҮЙДҮН ДОЛБООРУ МЕНЕН ӨТКӨНҮ КАЛДЫБЫ?..


Кыяс Молдокасымов, Бишкек Көпчүлүк эксперттер Кыргызстанда парламенттик шайлоо Акүй каалагандай өткөнү калды деген тыянактарды айтууда. Алар жер-жерлерде жашыруун жыйындардын өтүшүн, мурдагы элчилер менен бир катар оппозициячыл маанайдагы саясатчыларга бийлик тарабынан жасалган мамилени, Мамлекет башчысынын соңку кадамдарын талдоого алып ушундай жыйынтык чыгарууга болот деген оюн билдиришет. Бирок, бийлик ар убак шайлоонун адилет өтүшүнө камкордук көрүү керек деген ойду айтып келет.

Жалалабад областында “Кыргызстан элдик кыймылынын” штаб жетекчиси Үсөн Сыдыков парламенттик шайлоого талапкер болуп каттала алган жок. Чүй областында таанымал саясатчы Медеткан Шеримкулов шайлоого талапкер болуп катышуу укугунан ажырады. Бишкек шаарынан экс элчи Роза Отунбаева шайлоодон четтетилди. Байкоочулар бул тизме 18-январга чейин улана берээрин болжолдошот. Коомчулукта кооптонуу маанай өкүм сүрүүдө. Бизге жеткен маалыматтарга караганда бийлик жер-жерлерде жашыруун жыйындарды өткөрүшүп оппозициячыл маанайдагы саясатчылар депутат болбосун деген көргөзмөлөрүн беришүүдө. Бул шайлоого байланыштуу соңку маалыматтар. Мына ушундай окуялардан улам парламенттик шайлоо Акүйдүн катуу көзөмөлүндө өтөт деп эсептешет айрым талдоочулар. Өлкөдө күндөн-күнгө тирешүү күчөп баратканы тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Сулайман Иманбаев:

- Өзү адамдардын ортосундагы мамиле шайлоонун алдында курчуй баштайт. Дайым эле ошол мамиле мыйзамга ылайык же болбосо ошол турмушка ылайык болбойт. Кээде акыйкаттуу кээде акыйкатсыз болот,- деген пикирде.

Кыргыз бийлигинин оппозицияны өткөрбөөгө жасаган аракети кезектеги төңкөрүштүн чыгышына шарт түзөт деп эсептейт укук коргоочу Турсунбек Акун:

- Азыркы кыргыз бийлигинин оппозицияны өткөрбөөгө жасаган аракети Кыргызстанда кезектеги революциянын чыгышына шарт түзөт. Мен ойлойм бийликтин мындай көргөзмөлөрү азыркы кыргыз бийлигинин деңгээлинин жоктугу, эларалык мыйзамдарды билбегендиги. Алар канчалык бут тозсо, канчалык элдин сезимине ойносо, канчалык мыйзамдарды бузса Кыргызстанда революция эртерээк болот деп ойлойм .

Бирок көпчүлүк саясатчылар Кыргызстанда жаңжал болушун, кан төгүү болушун каалабайт. Оппозициячыл саясатчылардын билдирүүлөрүнө караганда кагылышууну эң оболу бийлик уюштурууга аракет кылууда. Бул маселе тууралуу бийлик өкүлү министр Бекболот Талгарбековдун пикири мындай болду:

- Бийлик дагы, оппозиция дагы эгерде бул идеялык күрөшүүнү жаңжал жолуна түшүргөнгө аракет кылса, кагылышуу жолуна алып келгиси келсе эки тарап тең аябай жаңылышат деп айткым келет. Демек, мен оппозиция да, бийликтегилер да тынчтык, шайлоо жолу менен өз таламдарына жетүүгө аракет кылышын туура деп эсептейм .

Бийлик өкүлдөрү мындай пикирлерин коомчулук алдында актануу иретинде гана айтып жатат. Чындыгында алардын ойлогону, соңку аракеттери таптакыр башка өңүттө болууда деп эсептейт оппозиция өкүлдөрүнүн бири Топчубек Тургуналиев.

- Акаев жана анын айланасындагылар бийлигин сактап калуу үчүн түркүн-түркүн бир шумпайлык жолдорду ойлоп таап атат .

Ошентип соңку окуялар көргөзгөндөй шайлоо алдында өлкөдө кырдаал күндөн-күнгө курчуп барат. Парламенттик шайлоо алдында бийлик менен оппозициянын атаандашуусу күчөп, шайлоочуларды кооптондуруп жатканын байкоочулар баса белгилеп жатышат.

XS
SM
MD
LG