Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:08

ТҮРК – ОРУС БАЙЛАНЫШЫНЫН ЖАҢЫ ДООРУ


Аким Өзгөн, Түркия. Түркиянын Прьмер - министири Режеп Тайып Эрдоган 3 күндүк иш сапар менен Москвага сапарга барды. Эрдогандын бул сапары Росиянын Президенти В. Путиндин өткөн айда Анкарага болгон тарыхий учурда чыйыр салынган. Ал тыгыз кызматташтык мамилелерди андан ары өнүктүрүү мүдөөсүн көздөйт.

Түркиянын Премьер - министири Режеп Тайып Эрдоган 3 күндүк ишсапар менен бүгүн Москвага келди.
Эрдоган бүгүн кечинде Москва шаарынын чет жакасындагы Ново - Огаревадагы жеке резиденциясында, Путин жубайы уюштура турган кечки сый тамака катышат. Эки жетекчи эртең менен Кремлде сүйлөшүү өткөрүшөт. 4 лайнерге араң баткан 700 чамалаш түрк ишкерлердин армиясы менен Москвага келген Эрдогандын 3 күнгө созула турган сүйлөшүүлөрүндө негизги теманы өз ара соода-сатык байланыштары камтыйт. Ал Москвага аттанардан алдын ИТАР-ТАСС маалымат кызматына маек куруп берип, соода байланыштарын алда канча жогорку деңгээлдерге көтөрүүнүн мүмкүнчүлүктөрү бар экенин айтты. Сооданын көлөмү 15 миллиард долларга, атүгүл, 2007- жылда 25-30 миллиард долларга чыгуусу мүмкүн экенин белгилеп ал, “эскинин калдыгы калыптанып калган клишелерди бир жакка коюп, достук жана кызматташтыка таянган жаңыча мамилелерди түздүк” деди.

Россиянын Президенти Владимир Путин өткөн жылдын декабрь айында Түркияга келген Россиянын алгачкы президенти катары Анкарада расмий сапарда болгон эле. Ал ишсапардын артынан айткан сөзүндө, “эки өлкө өткөн чакта анда санда чайпалып, көпчүлүк учурларда тирешип туруулар мүнөздүү болгон саясий мамилелерин оңдоп чыкканын, ошондой эле эки тарап терроризмге каршы кызматташтыкты болтурууга милдеттенме алганын” билдирди. Түркия менен Россия өткөндө, бири-бирлерин ПКК жана Чечен жикчил топтору менен байланыштуу айыпташчу. Саясий эрегишүүлөргө карабсатан, өз ара соода, кансыз согуштан кийинки жылдарда айтаарлык деңгээлде өнүгүп 2003- жылда 7 миллиард долларды түздү.

Эки тарап бирдей, өнүгүп жаткан байланыштарга ыраазы. Путин Москвадагы маалымат жыйындарынын биринде, Анкара менен Москванын мамилелерин тууралуу Грек бир журналисттин берген суроосуна жооп кайтарып, “Эгерде бул тууралуу кабатырлануулар бар болсо, анда Грекия дагы Россия менен мамилелерин Түркиянын деңгээлине чыгаруусу керек” деп оюн ортого салган эле. Түркиянын өкмөт башчысы Эрдоган дагы декабрда Путиндин сапары учурунда айткан сөзүндө:

- Өнүккөн кызматташтык жана соода байланыштарыбыз, өлкөлөрүбүздүн жана калктарыбыздын бакубат турмушуна үлүшүн кошуу менен гана чектелбестен, калктарыбыздын ортосундагы өз-ара түшүнүүчүлүктү жана жакындашууну да чыңап жатат, -

деп, мамилелердин өсүп бараткан мүнөзүн баса белгилеген болуучу.
Түркиянын Премьер- министири Режеп Тайып Эрдоган Москвадагы сапарынын жүрүшүндө Түркиянын президенти Ахмет Неждет Сезер менен бирге кол коюлган”Достуктун жана көп кырдуу кызматташтыктын мындан ары тереңдештирүлүүсү” жөнүндөгү орток деклерацияда каралган ‘террорго каршы күрөш’ жана ‘Энергетика тармагындагы Кызматташтык’ маселелерин талкууга алат. Кипр жаңжалын чечүү жаатында жаңы бир демилгени баштаткысы келген Эрдоган, бул тууралуу Путиндин колдоосун суранат.

Ал сапардын жүрүшүндө ошондой эле, Түркия соода палаталары жана биржалар биримдиги (ТОББ) менен Түркия Экспортчулар Мажлиси (ТИМ) тарабынан Москванын борборунда курулган Түрк Соода Борборунун ачылыш аземине катышат. Сапардын соңку күнүндө ал, Россиянын мурдагы өкмөт башчыларынан Россия Федерациясынын Соода Палаталары Бирдигинин төрагасы Евгений Примаков менен көрүшөт.

XS
SM
MD
LG