Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Март, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:39

КОМЕТАЛАР ЖЕРДЕГИ ЖАШООНУН ЭВОЛЮЦИЯСЫ ЖӨНҮНДӨ МААЛЫМАТ БЕРИШЕТ


Эртең (12-январда) Америкада космос кемеси учурулуп, ал ташыган зонд 6 айдан кийин, 4-июлда “Темпель-1” деп аталган комета менен кагылышууга тийиш. Кагылышуудан кометанын кыртышында чоңдугу футбол талаасындай кратер пайда болмокчу. Изилдөөчүлөрдүн ырастоосунда, кемедеги телескоптордун жардамы менен Күн системасы менен бирдей убакытта жаралган деп болжолдонгон кометанын түзүлүшү жөнүндө маалымат алынат.

Бул миссия мурдагылардан кыйла айырмаланат. Себеби кагылышуунун натыйжасында кометада “куйрук” пайда болуп, аны жерден да көрүп турса болот.

“Диип Импакт” (Deep Impact) деп аталган кеменин үстүнөн иштеген топтун мүчөсү, астроном, доктор Люси-Энн МакФаддендин айтымында:

- Биз абдан толкунданып жатабыз. 4-июлда дүйнөдөгү ар бир телескоп агылгалап, кометага байкоо салып турмакчы. Зонд кометаны сүзгөндө пайда боло турган жарыкты дүрбү менен, ал тургай жөн деле көрсө болот деп ойлойбуз.

Кеме жабдылган кубаттуу камералардын жардамы менен кометанын түзүлүшү иликтенмекчи. Ал кометага 500 километрге чейин жакындай алат.

“Диип Импакт” ошондой эле космоско илимий изилдөөчү зондду ташып барат. Диаметри бир метрге жеткен 370 килограммдык жабдык секундасына 10 километр ылдамдык менен учуп барып кометаны сүзмөкчү.

МакФадден айым ошол кагылышуудан чоңдугу бир футбол стадионунун аянтына барабар кратер пайда болот дейт:

- Зонд комета менен кагылышып, кыйрап калат. Аппарат жакындашуу маалында тартып алган сүрөттөр жерге жиберилмекчи.

Буга чейин деле ушундай изилдөөлөр өткөрүлүп келген. Бирок бул жолу кометанын кыртышы жөнүндө гана эмес, анын эң терең катмарлары тууралу да маалымат алынат деп болжолдонууда.

Астрономдордун теориясы боюнча кометалар муз менен таш болуп катып калган заттардан турат. Алар күндүн орбитасын айланып жүрүшөт. Комета күнгө жакындаганда анын кыртышы ысып, чаңдан турган “куйрук” пайда болот.

Бул жолку миссия 1867-жылы немис астрономдору тарабынан ачылган «Темпель-1» деген кометаны изилдөөгө алмакчы.

Негизги максатыбыз – кометанын химиялык анализи, - дейт МакФадден:

- Кометалар күн системасы жаралган кездеги шарттар жөнүндө материал бермекчи. Экинчи жагынан, миллиарддаган жылдар илгери, Жер жаңыдан калыптанып келаткан кезде, ал кометалар менен сүзүшкөн деген теория бар. Андыктан кометанын ички түзүлүшү менен жакындан таанышып, жашоонун эволюциясы жөнүндө толугураак маалымат ала алабыз деген ой бар.

Изилдөөнүн дагы бир максаты – кометалар менен жердин кагылышуусун алдын алуу, - деп улантат бул окумуштуу:

- Жакынкы келечекте ошондой коркунучтун мүмкүнчүлүгү төмөн. Ошентсе да Жерге олуттуу залака тийгизбөө үчүн биз алдын ала чараларды көрүшүбүз керек.

Айтмакчы, комета менен зонддун кагылышуусу болжолдонгон 4-июль - АКШнын эгемендүүлүк күнү.
XS
SM
MD
LG